https://sputnik.kg/20260905/1103470516.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Sputnik Кыргызстан
ЕАЭБ менен ШКУ соода-экономикалык кызматташтыкты кеңейтетКиев кубаттуу курал-жарактын берилиши кыскарганына кыжырдануудаӨлкө ичинде эле жарактуу болгон... 05.09.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-09-05T11:00+0600
2026-09-05T11:00+0600
2026-09-05T11:36+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/09/05/1103470350_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_26ce563aedae85f8dc8d13b495bf3d9b.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Sputnik Кыргызстан
ЕАЭБ менен ШКУ соода-экономикалык кызматташтыкты кеңейтетКиев кубаттуу курал-жарактын берилиши кыскарганына кыжырдануудаӨлкө ичинде эле жарактуу болгон убактылуу айдоочулук күбөлүк берүү сунушталды
Президенттин иш башкармалыгы мыйзам долбоорун коомдук талкууга чыгарды. Ага ылайык, автомектептер реестрге киргизилип, иши мамлекет тарабынан көзөмөлдөнөт. Мурда автомектептер лицензия менен иш алып барчу. Бирок быйыл алардын лицензиялары убактылуу токтотулуп, айдоочуларды даярдоо мамлекеттик окуу жайларына өткөрүлгөн. Долбоордо Кыргызстанда гана жарактуу убактылуу айдоочулук күбөлүк киргизүү да каралган. Аны берүү тартибин минкаб аныкташы керек болот. Мындан тышкары, айдоочулук сынактын жүрүшү толугу менен видеого жаздырылат. Бул үчүн унаадагы видеокамера, боди-камералар жана башка техникалык каражаттар колдонулат. Электромобилдерге атайын жашыл түстөгү мамлекеттик номерлерди киргизүү да сунушталууда.
Евразия экономикалык биримдиги менен Шанхай кызматташтык уюмунун ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери Чыгыш экономикалык форумунун алкагындагы сессияда талкууланды. Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиясынын маалымат кызматы билдирди. Маалымдалгандай, ЕЭКтин интеграция жана макроэкономика боюнча министри Данияр Иманалиев ШКУну ЕАЭБ үчүн географиялык коңшу гана эмес, артыкчылыктуу өнөктөш катары белгиледи. Анын айтымында, ШКУ өлкөлөрүнө ЕАЭБдин тышкы соода жүгүртүүсүнүн дээрлик жарымы туура келет. Кызматташтыктын негизги багыттары катары транспорттук-логистикалык инфраструктураны өнүктүрүү, бажы кызматташтыгы, өнөр жай кооперациясы, энергетика жана санариптештирүү белгиленди. Иманалиев ошондой эле 17-сентябрда Пекиндеги ШКУнун штаб-квартирасында "ЕАЭБ күндөрү" өтөрүн билдирди. Анын алкагында ЕЭК менен ШКУ катчылыгынын 2027-2030-жылдарга карата өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумун ишке ашыруу боюнча биргелешкен иш-чаралардын планына кол коюу пландалууда.
23–25-сентябрда Бишкекте «Жылдын мыкты мугалими» жана «Жылдын мыкты тарбиячысы» республикалык сынактарынын финалдык этабы өтөт. Финалга өлкө боюнча 133 мугалим жана мектепке чейинки билим берүү уюмдарынан 28 педагог катышат. Мугалимдер үч этапта — педагогикалык кырдаал, мастер-класс жана сабак көрсөтүү боюнча ат салышат. «Жылдын мыкты мугалими» сынагынын баш байгесине батир берилет. Ошондой эле жеңүүчүлөр акчалай сыйлыктар менен сыйланат. Жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземи 5-октябрда — Билим берүү кызматкерлеринин күнүндө өтөт.
Украина Батыштагы өнөктөштөрүнөн абадан кол салганда коргоно турган согуштук системаларды ала албай калып, финансылык жардам жана жаңы курал өндүргөнгө аракет кылууда. Бул туурасында Politico басылмасына таянып, РИА Новости жазды.Атын атагысы келбеген украиналык аткаминер ар бир жардамды тилемчилик менен алууга туура келип жатканын айтып, муну көңүлдү калтырган аягы жок "доор" катары сыпаттаган. Politico рынокто абадагы кол салуудан коргоно турган системалар жетиштүү болсо да, акчасы жок болгондуктан Украина аларды ала албай келгендигин жазды. Буга чейин Евробиримдиктин дипломатия башчысы Кая Каллас Киевге Patriot ракеталарын, анын ичинде жарактуулук мөөнөтү аяктап бараткандарын да өткөрүп берүү боюнча тиешелүү өлкөлөр менен жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөр майнапсыз болуп жаткандыгын билдирген.
ЕАЭБ менен ШКУ соода-экономикалык кызматташтыкты кеңейтетКиев кубаттуу курал-жарактын берилиши кыскарганына кыжырдануудаӨлкө ичинде эле жарактуу болгон убактылуу айдоочулук күбөлүк берүү сунушталды Президенттин иш башкармалыгы мыйзам долбоорун коомдук талкууга чыгарды. Ага ылайык, автомектептер реестрге киргизилип, иши мамлекет тарабынан көзөмөлдөнөт. Мурда автомектептер лицензия менен иш алып барчу. Бирок быйыл алардын лицензиялары убактылуу токтотулуп, айдоочуларды даярдоо мамлекеттик окуу жайларына өткөрүлгөн. Долбоордо Кыргызстанда гана жарактуу убактылуу айдоочулук күбөлүк киргизүү да каралган. Аны берүү тартибин минкаб аныкташы керек болот. Мындан тышкары, айдоочулук сынактын жүрүшү толугу менен видеого жаздырылат. Бул үчүн унаадагы видеокамера, боди-камералар жана башка техникалык каражаттар колдонулат. Электромобилдерге атайын жашыл түстөгү мамлекеттик номерлерди киргизүү да сунушталууда. Евразия экономикалык биримдиги менен Шанхай кызматташтык уюмунун ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери Чыгыш экономикалык форумунун алкагындагы сессияда талкууланды. Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиясынын маалымат кызматы билдирди. Маалымдалгандай, ЕЭКтин интеграция жана макроэкономика боюнча министри Данияр Иманалиев ШКУну ЕАЭБ үчүн географиялык коңшу гана эмес, артыкчылыктуу өнөктөш катары белгиледи. Анын айтымында, ШКУ өлкөлөрүнө ЕАЭБдин тышкы соода жүгүртүүсүнүн дээрлик жарымы туура келет. Кызматташтыктын негизги багыттары катары транспорттук-логистикалык инфраструктураны өнүктүрүү, бажы кызматташтыгы, өнөр жай кооперациясы, энергетика жана санариптештирүү белгиленди. Иманалиев ошондой эле 17-сентябрда Пекиндеги ШКУнун штаб-квартирасында "ЕАЭБ күндөрү" өтөрүн билдирди. Анын алкагында ЕЭК менен ШКУ катчылыгынын 2027-2030-жылдарга карата өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумун ишке ашыруу боюнча биргелешкен иш-чаралардын планына кол коюу пландалууда. 23–25-сентябрда Бишкекте «Жылдын мыкты мугалими» жана «Жылдын мыкты тарбиячысы» республикалык сынактарынын финалдык этабы өтөт. Финалга өлкө боюнча 133 мугалим жана мектепке чейинки билим берүү уюмдарынан 28 педагог катышат. Мугалимдер үч этапта — педагогикалык кырдаал, мастер-класс жана сабак көрсөтүү боюнча ат салышат. «Жылдын мыкты мугалими» сынагынын баш байгесине батир берилет. Ошондой эле жеңүүчүлөр акчалай сыйлыктар менен сыйланат. Жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземи 5-октябрда — Билим берүү кызматкерлеринин күнүндө өтөт. Украина Батыштагы өнөктөштөрүнөн абадан кол салганда коргоно турган согуштук системаларды ала албай калып, финансылык жардам жана жаңы курал өндүргөнгө аракет кылууда. Бул туурасында Politico басылмасына таянып, РИА Новости жазды.Атын атагысы келбеген украиналык аткаминер ар бир жардамды тилемчилик менен алууга туура келип жатканын айтып, муну көңүлдү калтырган аягы жок "доор" катары сыпаттаган. Politico рынокто абадагы кол салуудан коргоно турган системалар жетиштүү болсо да, акчасы жок болгондуктан Украина аларды ала албай келгендигин жазды. Буга чейин Евробиримдиктин дипломатия башчысы Кая Каллас Киевге Patriot ракеталарын, анын ичинде жарактуулук мөөнөтү аяктап бараткандарын да өткөрүп берүү боюнча тиешелүү өлкөлөр менен жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөр майнапсыз болуп жаткандыгын билдирген.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/09/05/1103470350_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_ccdd3c8e0fa88d860259909623c21d00.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио