00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:00
6 мин
Между строк
Почему литература не верит в богатство?
18:06
39 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жазылуу
Саламаттык сактоо министри ДКОдогу көчмө клиниканын иши тууралуу айттыГерманиянын ыраакка атылуучу системасы Россиянын бутасына айланары айтылдыПрезидент виртуалдык активдер жана блокчейнди өнүктүрүү боюнча жыйын өткөрдү
Бүгүн, 5-сентябрда Чолпон-Ата шаарында президент Садыр Жапаровдун төрагалыгы алдында Виртуалдык активдер жана блокчейн-технологиялар боюнча Улуттук кеңештин үчүнчү жыйыны өттү. Жыйында виртуалдык активдерди жана блокчейн-технологияларды өнүктүрүү, мамлекеттик жөнгө салуу, коопсуздук жана салыктык саясат маселелери талкууланды. Ошондой эле санариптик сомду пилоттук режимде ишке киргизүү жана улуттук валютага байланышкан KGST стейблкоинин келечеги каралды. Президент тиешелүү мамлекеттик органдарга мыйзамдык базаны өркүндөтүү, лицензиялоо жана көзөмөлдү санариптештирүү боюнча тапшырмаларды берди. Бирдиктүү санариптик платформаны 2027-жылдын 1-январынан тартып пилоттук тестирлөөгө киргизүү пландалууда. Мындан тышкары, Улуттук банкка санариптик сомдун базалык платформасын 2026-жылдын аягына чейин пилоттук тестирлөөдөн өткөрүү тапшырылды.
Дамирбек Осмонов Ысык-Көлдө ДКО өтүп жаткан бардык аянтчаларда медициналык жардам күчөтүлгөн тартипте уюштурулганын билдирди. Жалпысынан 340 медицина кызматкери тартылган. “Ушуга чейин мобилдик клиникага 1342 жаран кайрылды, алардын 135и чет өлкөлүктөр. Арасында оор жана тез жардамды талап кылган учурлар болду. Облустагы бардык медициналык мекемелер күнү-түнү иштеп жатат”, — деди министр. Мобилдик клиниканын дарыгерлери Өзбекстан, АКШ, Венгриядан келген спортчуларга, ошондой эле Түштүк Кореядан келген туристке медициналык жардам көрсөтүшкөнүн айтышты. Мобилдик клиника рентген аппараты, УЗИ жана ЭКГ жабдуулары менен камсыздалган.
VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында өткөн кореш жана пахлавани боюнча мелдештерде Кыргызстандын балбандары эки күмүш медаль утту. Кореш боюнча 100 килограммдан жогорку салмакта Баяман Мыктыбеков экинчи орунду ээледи. Бул категорияда 32 өлкөнүн спортчулары күч сынашты. Ал эми пахлавани боюнча 90 килограммдан жогорку салмак категориясында Сейтек Догдурбек уулу күмүш медаль тагынды. Мелдешке 36 мамлекеттен балбандар катышты. Мелдештер Чолпон-Ата шаарындагы «Газпром» дене тарбия жана ден соолукту чыңдоо борборунда өттү. Күмүш медаль ээлерине 80 миң сомдон акчалай сыйлык берилди.
Германиянын ыраакка атылуучу системалары жайгашкан жерлер Россиянын мыйзамдуу бутасына айланат. Бул тууралуу РФтин Берлиндеги элчилиги билдиргенин РИА Новости жазды. Элчилик Европа милитаризация процессин тездетип жатканын белгилеген. Басылманын маектештери Германия Улуу Британия жана Франция менен биргеликте ыраакка атылуучу арсенал түзүү боюнча иш баштаганын айтып беришкен. "Россияны тизгиндеп туруу максатында каршы тараптын тереңинде жайгашкан объектилерге эки миң чакырым аралыктан сокку уруу мүмкүнчүлүгү болушу каралууда. Иш европалык союздаштар менен аскердик-техникалык кызматташуунун алкагында, биринчи кезекте Лондон жана Париж менен биргеликте жасалып жатат", — деп айтылат маалыматта. Элчилик Германия доктриналык аскердик-саясий документтеринде өзүнүн ыраакка атылуучу жогорку тактыктагы жана учкучсуз учкан системалары болушуна көбүрөөк ыктап баратканын белгилеген. Мындай кадамын немец бийлиги өзөктүк куралынын жоктугу менен түшүндүрүүдө.
ЭМИ ВАЛЮТА КУРСУ МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫҢЫЗДАР: Улуттук банктын билдирүүсү боюнча ушул тапта: 1 АКШ доллары 87 сом 45 тыйынга евро 101 сом 66 тыйын юань 13 сом 3 тыйынга рубль 1 сомго Казак тенгеси 19 тыйынга барабар
МУНАЙ БААСЫ Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи 92 үлгүсүндөгү бензиндин литри 87 сом 90 тыйындан баштап сатылууда. АИ 95 улгусундогу май 109 сом 90 тыйындан, Дизель майы литрине 99 сом 90 тыйынга бааланса, унаа газынын литри 48 сом 80 тыйындын тегерегинде сатылууда.Аба ырайы6-сентябрга караган түнү өлкөбүздө жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Ишемби күнү республиканын айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди. Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +25...+30, Жалал-Абад, Ош, Баткен облустарында +27...+32, Талас чөлкөмүндө +24...+29, Ысык-Көл регионунда +19...+24, Нарын өрөөнүндө +20...+25 градус ысыйт. Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +27...+29, Ошто +29...+31, ал эми Чолпон-Атада +20...+22 градуска көтөрүлөт.
Жаңылыктар түрмөгү
0