https://sputnik.kg/20260905/1103474511.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
“Көчмөндөр жаңырыгы” этно-музыка фестивалынын Башкы байге кыргызстандык ырчыга ыйгарылдыТрамптын өкүлдөрү Москвага Украина боюнча тынчтык сунуштарын... 05.09.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-09-05T15:00+0600
2026-09-05T15:00+0600
2026-09-05T15:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/09/05/1103474345_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_90d372a8cbf06f62d1b353b41487e2eb.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
“Көчмөндөр жаңырыгы” этно-музыка фестивалынын Башкы байге кыргызстандык ырчыга ыйгарылдыТрамптын өкүлдөрү Москвага Украина боюнча тынчтык сунуштарын жеткиришетМинкаб төрагасы суу чарба кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев суу чарба кызматкерлерин кесиптик майрамы — Суу чарба кызматкерлеринин күнү менен куттуктады. Куттуктоосунда ал суу чарбасы өлкөнүн экономикасы, айыл чарбасы жана калктын жашоосу үчүн маанилүү тармак экенин белгиледи. Ошондой эле суу ресурстарын сактоо, туура башкаруу жана натыйжалуу пайдалануу мамлекеттин негизги милдеттеринин бири экенин айтты. Касымалиев тармакта жаңы каналдар жана суу сактагычтар курулуп, инфраструктура жаңыланып, заманбап технологиялар жана санариптик чечимдер киргизилип жатканын белгиледи. Ал суу чарба кызматкерлерине жана ардагерлерине эмгеги үчүн ыраазычылык билдирип, бекем ден соолук, бакубатчылык жана ийгиликтерди каалады.
Чолпон-Ата шаарындагы ат майданында VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында өткөн ”Көчмөндөр жаңырыгы” эл аралык этно-музыка фестивалы жыйынтыкталды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти. Жабылуу аземине министр Мирбек Мамбеталиев катышып, жеңүүчүлөрдү куттуктап, сыйлыктарын тапшырды. Ошондой эле фестивалдын бардык катышуучуларына ыраазычылык билдирди. Фестивалдын башкы байгеси — Гран-при Кыргызстандын өкүлү Нурдөөлөт Деркембаевге ыйгарылды. “Калыстар тобунун чечими менен биринчи орунду Түндүк Македониянын өкүлү Васил Ангелов, экинчи орунду Казакстандын өкүлү Жасмина Тлеумбетова ээледи. Ал эми көрүүчүлөрдүн добуш берүүсүнүн жыйынтыгында Монголиянын өкүлү Одмандах Баяраа биринчи орунга татыды”, - деп айтылат маалыматта. ”Көчмөндөр жаңырыгы“ фестивалы дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнүн музыкалык салттарын бир сахнага бириктирип, улуттук мурастарды таанытууга, маданияттар аралык байланышты өнүктүрүүгө жана чыгармачыл кызматташтыкты бекемдөөгө өбөлгө түздү.
2014-жылдан бери Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүүнүн маданий концепциясын тереңдетүү боюнча үзгүлтүксүз иштер жүргүзүлүп, быйылкы маданий программа алгачкы оюндарга салыштырмалуу 10-20 эсеге кеңейди. Бул тууралуу КР эл артисти, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын башкы режиссеру Алтынбек Максүтов Чолпон-Ата шаарында өткөн маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, ал 2014-жылдан бери Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын уюштурууга жана анын маданий программасын даярдоого режиссер катары катышып келет. Ар бир оюндар аяктаган соң кийинки иш-чараларды пландоо менен маданий концепцияларды мындан ары да өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулууда.Ал дүйнөлүк деңгээлдеги жылдыздардын Кыргызстанга келиши өлкө үчүн чоң сыймык экенин белгиледи. Анын айтымында, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына Голливуд жылдыздары жана “Оскар” сыйлыгынын ээлери мейман катары катышууда.Мындан тышкары, Алтынбек Максүтов улуттук кино өнөрүнө жана кыргыз маданиятына зор салым кошкон актриса Наталия Аринбасарованын Кыргызстанга келүүсүн өзгөчө белгиледи. Анын айтымында, актриса Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары аркылуу кыргыз маданиятын дүйнөгө таанытууга жана бүтүндөй бир муунду тарбиялоого салым кошкон.
АКШ президентинин атайын чабарманы Стив Уиткофф менен күйөө баласы Жаред Кушнер Москвага болгон сапарында Украинадагы куралдуу жаңжалды токтотуу боюнча сунушту беришет. Бул тууралуу Дональд Трамп билдирди. “Алар согушту токтотуу боюнча сунуш менен баратат. Бул мурдатан эле айтылып келген демилге”, — деди ал Овалдык кабинетте журналисттерге. Ошондой эле ал Вашингтондо тынчтык келишимин түзүү боюнча идея бар экенин айтып, бирок анын чоо-жайын ачыктаган жок
“Көчмөндөр жаңырыгы” этно-музыка фестивалынын Башкы байге кыргызстандык ырчыга ыйгарылдыТрамптын өкүлдөрү Москвага Украина боюнча тынчтык сунуштарын жеткиришетМинкаб төрагасы суу чарба кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев суу чарба кызматкерлерин кесиптик майрамы — Суу чарба кызматкерлеринин күнү менен куттуктады. Куттуктоосунда ал суу чарбасы өлкөнүн экономикасы, айыл чарбасы жана калктын жашоосу үчүн маанилүү тармак экенин белгиледи. Ошондой эле суу ресурстарын сактоо, туура башкаруу жана натыйжалуу пайдалануу мамлекеттин негизги милдеттеринин бири экенин айтты. Касымалиев тармакта жаңы каналдар жана суу сактагычтар курулуп, инфраструктура жаңыланып, заманбап технологиялар жана санариптик чечимдер киргизилип жатканын белгиледи. Ал суу чарба кызматкерлерине жана ардагерлерине эмгеги үчүн ыраазычылык билдирип, бекем ден соолук, бакубатчылык жана ийгиликтерди каалады. Чолпон-Ата шаарындагы ат майданында VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында өткөн ”Көчмөндөр жаңырыгы” эл аралык этно-музыка фестивалы жыйынтыкталды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти. Жабылуу аземине министр Мирбек Мамбеталиев катышып, жеңүүчүлөрдү куттуктап, сыйлыктарын тапшырды. Ошондой эле фестивалдын бардык катышуучуларына ыраазычылык билдирди. Фестивалдын башкы байгеси — Гран-при Кыргызстандын өкүлү Нурдөөлөт Деркембаевге ыйгарылды. “Калыстар тобунун чечими менен биринчи орунду Түндүк Македониянын өкүлү Васил Ангелов, экинчи орунду Казакстандын өкүлү Жасмина Тлеумбетова ээледи. Ал эми көрүүчүлөрдүн добуш берүүсүнүн жыйынтыгында Монголиянын өкүлү Одмандах Баяраа биринчи орунга татыды”, - деп айтылат маалыматта. ”Көчмөндөр жаңырыгы“ фестивалы дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнүн музыкалык салттарын бир сахнага бириктирип, улуттук мурастарды таанытууга, маданияттар аралык байланышты өнүктүрүүгө жана чыгармачыл кызматташтыкты бекемдөөгө өбөлгө түздү. 2014-жылдан бери Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүүнүн маданий концепциясын тереңдетүү боюнча үзгүлтүксүз иштер жүргүзүлүп, быйылкы маданий программа алгачкы оюндарга салыштырмалуу 10-20 эсеге кеңейди. Бул тууралуу КР эл артисти, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын башкы режиссеру Алтынбек Максүтов Чолпон-Ата шаарында өткөн маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, ал 2014-жылдан бери Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын уюштурууга жана анын маданий программасын даярдоого режиссер катары катышып келет. Ар бир оюндар аяктаган соң кийинки иш-чараларды пландоо менен маданий концепцияларды мындан ары да өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулууда.Ал дүйнөлүк деңгээлдеги жылдыздардын Кыргызстанга келиши өлкө үчүн чоң сыймык экенин белгиледи. Анын айтымында, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына Голливуд жылдыздары жана “Оскар” сыйлыгынын ээлери мейман катары катышууда.Мындан тышкары, Алтынбек Максүтов улуттук кино өнөрүнө жана кыргыз маданиятына зор салым кошкон актриса Наталия Аринбасарованын Кыргызстанга келүүсүн өзгөчө белгиледи. Анын айтымында, актриса Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары аркылуу кыргыз маданиятын дүйнөгө таанытууга жана бүтүндөй бир муунду тарбиялоого салым кошкон. АКШ президентинин атайын чабарманы Стив Уиткофф менен күйөө баласы Жаред Кушнер Москвага болгон сапарында Украинадагы куралдуу жаңжалды токтотуу боюнча сунушту беришет. Бул тууралуу Дональд Трамп билдирди. “Алар согушту токтотуу боюнча сунуш менен баратат. Бул мурдатан эле айтылып келген демилге”, — деди ал Овалдык кабинетте журналисттерге. Ошондой эле ал Вашингтондо тынчтык келишимин түзүү боюнча идея бар экенин айтып, бирок анын чоо-жайын ачыктаган жок
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/09/05/1103474345_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_f3351e79cfed85f40f3ae342ade50aaa.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио