Бишкектеги VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынан онлайн-репортаж
Бишкектеги VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынан онлайн-репортаж
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандын борборундагы 51 миң киши бата турган "Бишкек арена" стадионунда эл аралык ири иш-чара — Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары саат 20:00дө башталат. 31.08.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-08-31T14:22+0600
2026-08-31T14:22+0600
2026-09-01T12:49+0600
кыргызстан
бишкек
дүйнөлүк көчмөндөр оюндары
бишкек арена
репортаж
дүйнөлүк көчмөндөр оюндары — 2026. соңку маалыматтар
кыргызстан, бишкек, дүйнөлүк көчмөндөр оюндары, бишкек арена, репортаж, новый онлайн для белой редактуры
кыргызстан, бишкек, дүйнөлүк көчмөндөр оюндары, бишкек арена, репортаж, новый онлайн для белой редактуры
Жазылуу
Кыргызстандын борборундагы 51 миң киши бата турган "Бишкек арена" стадионунда эл аралык ири иш-чара — Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары саат 20:00дө башталат.
Айтмакчы, спорттук бул жай жаңы курулуп бүтүп, дал ушул Көчмөндөр оюну менен ачылып жатат.
Анда 113 өлкөдөн келген 3000ге жакын атлет спорттун 43 түрү боюнча күч сынашат.
Ачылыш аземинде Тата Улан, ULUKMANAPO, Мирбек Атабеков, Amirchik, Каныкей сыяктуу кыргыз аткаруучуларынын катышуусундагы чоң концертти бириктирген масштабдуу программа күтүүдө. Ошондой эле конокторго дүйнөлүк жылдыз Николь Шерзингер өнөрүн тартуулайт.
Бүгүн башталган бул майрам 6-сентябрга чейин болот. Бишкектен кийин калган иш-чаралар Ысык-Көл облусунда уланат.
Бул жерде кызыктуу маалыматтарды айтып, сүрөт, видеолорду тартуулайбыз деген ниетте турабыз.
Мазмуну
Алгач жаңыларыАлгач эскилери
23:16 31.08.2026
"Бишкек арена" стадионунда өткөн VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу ачылыш аземи соңуна чыкты. Грандиоздуу иш-чаранын кульминациясы катары дүйнөлүк жылдыз Николь Шерзингер сахнага чыгып, өзүнүн белгилүү хиттерин аткарып, стадиондогу миңдеген көрөрмандарга унутулгус маанай тартуулады. Салтанаттуу кече көрүүчүлөрдүн кызуу кол чабуулары менен жыйынтыкталды.
23:03 31.08.2026
Учурда дүйнөлүк жылдыз Николь Шерзингер ырдап жатат
22:50 31.08.2026
"Бишкек аренанын" түндүгүнөн салют атылды
22:14 31.08.2026
Президент менен канайым "Бишкек аренада" өзгөчө пайда болду
21:50 31.08.2026
Президент Садыр Жапаров VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын расмий ачып берди
21:40 31.08.2026
VII Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2028-жылы Татарстанда өтөт
Садыр Жапаров Россия 2028-жылы VII Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын Татарстанда өткөрүүгө даяр экенин расмий билдиргенин айтты.
Ал Кыргызстан иш-чараны уюштурууда Россия тарапка ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө даяр экенин белгилеп, Владимир Путинге ыраазычылык билдирди.
21:17 31.08.2026
Акыркылардан болуп биздин спортчулар параддан өтүштү
21:03 31.08.2026
Россиянын президенти Владимир Путин спортчуларына туруп кол булгады
21:00 31.08.2026
Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышында Казакстандын курама командасы. Коңшу республиканын делегациясы катышуучулардын саны боюнча алдыңкы катарда. Касым-Жомарт Токаев казак спортчуларын кол булгалап тосуп алды.
20:43 31.08.2026
Париждеги Олимпиаданын ачылышы эс алчудай эле экен
20:34 31.08.2026
20:30 31.08.2026
VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземи башталды
20:21 31.08.2026
“Бишкек аренага”акыркылардан болуп даражалуу коноктор Владимир Путин менен Нарендра Моди келди
20:15 31.08.2026
❗️Си Цзиньпин Көчмөндөр оюндарынын ачылышына катышпайт
Президенттин маалымат катчысы Аскат Алагөзов билдиргендей, буга Тибетеги адам курмандыктарына алып келген табигый кырсык себеп болду.
Кытай лидери куткаруу иштерин жеке көзөмөлүнө алуу үчүн Садыр Жапаровдон салтанаттуу аземге катышпоону өтүнгөн.
Кыргыз тарап кырдаалга түшүнүү менен мамиле кылып, каза болгондордун жакындарына көңүл айтты.
Ал эми Си Цзиньпиндин Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапарынын алкагындагы расмий жолугушуулары пландалгандай улантылат.
20:05 31.08.2026
Көчмөндөр оюндарынын ачылышын 800 жергиликтүү жана чет элдик журналист чагылдырууда
Бул тууралуу маданият министри Мирбек Мамбеталиев билдирди. Анын айтымында, ачылыштагы парадга 100дөн ашык өлкөнүн спортчулары катышат.
19:42 31.08.2026
Көчмөндөр оюндарын түз эфирден көрсөңүздөр болот
19:35 31.08.2026
Жарым сааттан кийин Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий ачылыш аземи башталат
19:27 31.08.2026
Учурда "Бишкек аренага" сыйлуу коноктор келе баштады. Аларды президент Садыр Жапаров менен канайым Айгүл Жапарова тосуп алып жатат.