https://sputnik.kg/20260904/1103466088.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Sputnik Кыргызстан
Жаңы курулуп жаткан "Ош" базары толугу менен мамлекеттин карамагында болот. Бул тууралуу президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев объектинин курулуш... 04.09.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-09-04T19:00+0600
2026-09-04T19:00+0600
2026-09-04T19:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/09/04/1103465922_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_1550f5531a8c5fa59116f8a6ab6f4e0f.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Sputnik Кыргызстан
Жаңы курулуп жаткан "Ош" базары толугу менен мамлекеттин карамагында болот. Бул тууралуу президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев объектинин курулуш иштерин көрүү учурунда билдирди.Анын айтымында, учурда жаңы базардын курулушу болжол менен 90 пайызга бүткөрүлдү. Соода түйүнүнүн иши толук санариптештирилет. Базар администрациясы менен соодагерлердин ортосундагы байланыш электрондук форматка өтөт. Бул адам факторун жоюп, ачык-айкын иш жүргүзүүнү камсыздайт. "Жаңы "Ош" базары 100 пайыз мамлекетке таандык болот. Жакынкы убакта соодагерлерди эски жайдан жаңы базарга көчүрүү иштери башталат. Ага чейин бардык соода орундары толук даярдалып, зарыл талаптарга жооп бериши кажет", — деди Туманбаев. Ошондой эле ал көчүп келүү жана ишке берүү процессинде соодагерлерге да, келген сатып алуучуларга да эч кандай ыңгайсыздык жаралбашы керектигин белгилеп, подрядчы мекемелерге милдеттерди сапаттуу аткарууну тапшырды.
Ысык-Көл облусунун Кырчын жайлоосунда өткөн кыргыз-казак төкмө акындарынын эл аралык айтышы жыйынтыкталды.Маданий иш-чара VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында 2-4-сентябрь күндөрү өтүп, үч күнгө созулду. Анда эки элдин өнөрпоздору кыргыз менен казактын тарыхый тамырлаштыгын, достугун, учурдагы жетишкендиктерин жана келечек максаттарын комуз менен домбуранын коштоосунда ырга салышты.Иш-чаранын жалпы байге фонду 3 миллион сомду түздү. Калыстар тобунун чечими менен байш байгени Мейирбек Султанхан жана Элмирбек Иманалиев алды.1-орунду — Мухтар Ниязов жана Нурсултан Малдыбаев; 2-орун Хазырет Бердихан жана Кутман Садыбакасов; 3-орун Нурлан Эсенкулов жана Акматбек Султан уулу ээледи.Мындан тышкары, сөз таймашына катышкан калган бардык акындарга да чыгармачылык жигердүүлүгү үчүн акчалай сыйлыктар тапшырылды.
Бишкекте жаңы стадиондун жанында "Кызмат" мекемеси үчүн заманбап имарат курулууда. Жаңы комплексте күнүнө 5 миңден ашык жаранды тейлөөгө шарт түзүлөт.Имараттын 1–2-кабаттарында калкты тейлөө борбору, 360 орундуу күтүү залы, эне-бала бөлмөсү, сүрөт салону жана нотариалдык кызматтар жайгашат.3–4-кабаттарда Мамлекеттик персоналдаштыруу борбору жана архив, 5–7-кабаттарда мекеменин кызматкерлери менен жетекчилери жайгашат.Комплекстин аймагында 250 унаага ылайыкталган токтотмо жана өзүнчө жылуулук борбору курулат.
VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары бүткүл Россия боюнча көрсөтүлүүдө. Бул тууралуу россиялык Матч ТВ каналынын кабарчысы Евгений Загитов “Кабар” агенттигине билдирди. Анын айтымында, көрүүчүлөргө түз эфир аркылуу оюндар максималдуу түрдө чагылдырылып жатат. Табияты аябай кооз — Ысык-Көл, Бишкек оюндарга көрк берүүдө. “Биздин программаларыбызда репортаждар, Көчмөндөр оюндарынын күндөлүктөрү, башка чоң сюжеттер жана маектер да бар. Мунун баарын тартып, жалпы Россияга көрсөтүп жатабыз. Анын баары элге аябай жагып жатат. Көпчүлүк спорттун мындай түрлөрү жөнүндө мурда угушкан эмес. Бирок Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын канчалык масштабдуу иш-чара экенин көрүү ошончолук кызыктуу болууда”, - деди россиялык журналист.
Жаңы курулуп жаткан "Ош" базары толугу менен мамлекеттин карамагында болот. Бул тууралуу президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев объектинин курулуш иштерин көрүү учурунда билдирди.Анын айтымында, учурда жаңы базардын курулушу болжол менен 90 пайызга бүткөрүлдү. Соода түйүнүнүн иши толук санариптештирилет. Базар администрациясы менен соодагерлердин ортосундагы байланыш электрондук форматка өтөт. Бул адам факторун жоюп, ачык-айкын иш жүргүзүүнү камсыздайт. "Жаңы "Ош" базары 100 пайыз мамлекетке таандык болот. Жакынкы убакта соодагерлерди эски жайдан жаңы базарга көчүрүү иштери башталат. Ага чейин бардык соода орундары толук даярдалып, зарыл талаптарга жооп бериши кажет", — деди Туманбаев. Ошондой эле ал көчүп келүү жана ишке берүү процессинде соодагерлерге да, келген сатып алуучуларга да эч кандай ыңгайсыздык жаралбашы керектигин белгилеп, подрядчы мекемелерге милдеттерди сапаттуу аткарууну тапшырды.Ысык-Көл облусунун Кырчын жайлоосунда өткөн кыргыз-казак төкмө акындарынын эл аралык айтышы жыйынтыкталды.Маданий иш-чара VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында 2-4-сентябрь күндөрү өтүп, үч күнгө созулду. Анда эки элдин өнөрпоздору кыргыз менен казактын тарыхый тамырлаштыгын, достугун, учурдагы жетишкендиктерин жана келечек максаттарын комуз менен домбуранын коштоосунда ырга салышты.Иш-чаранын жалпы байге фонду 3 миллион сомду түздү. Калыстар тобунун чечими менен байш байгени Мейирбек Султанхан жана Элмирбек Иманалиев алды.1-орунду — Мухтар Ниязов жана Нурсултан Малдыбаев; 2-орун Хазырет Бердихан жана Кутман Садыбакасов; 3-орун Нурлан Эсенкулов жана Акматбек Султан уулу ээледи.Мындан тышкары, сөз таймашына катышкан калган бардык акындарга да чыгармачылык жигердүүлүгү үчүн акчалай сыйлыктар тапшырылды.Бишкекте жаңы стадиондун жанында "Кызмат" мекемеси үчүн заманбап имарат курулууда. Жаңы комплексте күнүнө 5 миңден ашык жаранды тейлөөгө шарт түзүлөт.Имараттын 1–2-кабаттарында калкты тейлөө борбору, 360 орундуу күтүү залы, эне-бала бөлмөсү, сүрөт салону жана нотариалдык кызматтар жайгашат.3–4-кабаттарда Мамлекеттик персоналдаштыруу борбору жана архив, 5–7-кабаттарда мекеменин кызматкерлери менен жетекчилери жайгашат.Комплекстин аймагында 250 унаага ылайыкталган токтотмо жана өзүнчө жылуулук борбору курулат.VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары бүткүл Россия боюнча көрсөтүлүүдө. Бул тууралуу россиялык Матч ТВ каналынын кабарчысы Евгений Загитов “Кабар” агенттигине билдирди. Анын айтымында, көрүүчүлөргө түз эфир аркылуу оюндар максималдуу түрдө чагылдырылып жатат. Табияты аябай кооз — Ысык-Көл, Бишкек оюндарга көрк берүүдө. “Биздин программаларыбызда репортаждар, Көчмөндөр оюндарынын күндөлүктөрү, башка чоң сюжеттер жана маектер да бар. Мунун баарын тартып, жалпы Россияга көрсөтүп жатабыз. Анын баары элге аябай жагып жатат. Көпчүлүк спорттун мындай түрлөрү жөнүндө мурда угушкан эмес. Бирок Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын канчалык масштабдуу иш-чара экенин көрүү ошончолук кызыктуу болууда”, - деди россиялык журналист.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/09/04/1103465922_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_9eabd344f8170f6b27d5bd5d55f0dfd0.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио