https://sputnik.kg/20260904/1103456776.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
V Элдик курултай 18-декабрда Бишкекте өтөт. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду. Ага 700 делегат катышат. Делегаттарды шайлоону жана иш-чараны... 04.09.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-09-04T15:00+0600
2026-09-04T15:00+0600
2026-09-04T15:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/09/04/1103456609_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_b9b57551e5a866785fab89b18978804b.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
V Элдик курултай 18-декабрда Бишкекте өтөт. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду. Ага 700 делегат катышат. Делегаттарды шайлоону жана иш-чараны өткөрүүнү атайын уюштуруу комитети координациялайт.Эске салсак, былтыр курултай 25-26-декабрь күндөрү өтүп, ага өлкөнүн бардык аймактарынан 690 делегат катышкан. Анын ичинен 150 делегат жарыш сөзгө чыгып, көйгөйүн айтып, демилгелерди көтөрүшкөн. Элдик курултай — өнүгүүнүн багыттары боюнча сунуштарды берген жыйын.
Президент Садыр Жапаров Улуттук шахмат академиясын түзүү жөнүндө жарлыкка кол койду. Бул тууралуу "Ынтымак ордо" билдирди.Ага ылайык, жогорку спорттук натыйжаларды көрсөткөн шахматчыларга жана машыктыруучуларга эл аралык мелдештерге, окуу-машыгуу жыйындарына катышууга жана шахмат жабдууларын сатып алууга мамлекеттик колдоо көрсөтүлөт.Ошондой эле шахматты өнүктүрүү үчүн заманбап материалдык-техникалык базаны түзүүгө көмөктөшүү максатында президенттин фондунан 100 миллион сом бөлүү каралган.Мындан сырткары, Кыргыз шахмат союзуна караштуу Шахматты өнүктүрүү фонду түзүлөт.
VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында майыптыгы бар адамдарга жардам көрсөтүүгө Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин 100гө жакын кызматкери тартылды. Ведомствонун маалыматына караганда, бүгүнкү күнгө чейин адистер 40тан ашуун адамды иш-чара өтүүчү аянтчаларга коштоп барышты. Алардын арасында Кыргызстандын жарандары менен бирге чет өлкөлүк коноктор да бар. Мындан тышкары, "Газпром" спорт комплексинин аймагында майыптар арабасы менен жүргөн адамдар үчүн атайын транспорттук коштоо уюштурулган. Ошондой эле ишеним телефонуна 1 миңге жакын кайрылуу түшүп, адистер жеткиликтүү инфраструктура жана жүрүп-турууну уюштуруу боюнча консультация беришүүдө. Белгилей кетсек, социалдык коргоо системасынын адистери 1-сентябрдан 6-сентябрга чейин Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтүүчү аянтчаларда иштеп, майыптыгы бар адамдарга багыт алууга жана эркин жүрүп-турууга көмөк көрсөтүүдө.
Юань менен эсеп-кысап жүргүзүү улам өсүп бара жаткан шартта доллар колдоно келгенде машакаты көп валютага айланып бара жатат. Бул туурасында беларустук саясат таануучу Николай Левчук Sputnik агенттигинин маалымат борборундагы видеокөпүрөдө айтты. Ал Батышка дедолларлашуу жана улуттук акча менен соода, эсептешүүлөрдү жүргүзүү жакпай жатканын эске салды."Валюта-каржылык тармакта альтернативалуу күчтөр түптөлүп жатат, бул экономикага эле эмес, идеологияга да тиешелүү боло баштады, — деди Левчук.Ал "нефтеюань" дүйнөлүк экономикадагы бараандуу факторго айланып, "нефтедолларга" кадимкидей атаандаш болуп жаткандыгын кошумчалаган.
АКШ Украинадагы биологиялык лабораториялардын ишин каржылаган. Бул тууралуу америкалык саясатчы Кимберли Лоу Чыгыш экономикалык форумунда билдиргенин РИА Новости жазды.Лоу аталган жайлардын ишин япондордун 1940-жылдары адамдарга жасаган эксперименттери менен салыштырган. Саясатчы анда кишилерге кооптуу вирустарды жуктуруп изилдөөлөр жүргөнүн эске салды.Белгилей кетсек, буга чейин АКШнын Улуттук чалгын кызматынын документтери ачыкталып, анда Кошмо Штаттар Украинада америкалык аскер институттары менен иш алып барган биолабораторияларды курганы айтылган. Жалпы жонунан өлкөдө Вашингтондун каржылоосу менен иштеген 40 лаборатория бар.
V Элдик курултай 18-декабрда Бишкекте өтөт. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду. Ага 700 делегат катышат. Делегаттарды шайлоону жана иш-чараны өткөрүүнү атайын уюштуруу комитети координациялайт.Эске салсак, былтыр курултай 25-26-декабрь күндөрү өтүп, ага өлкөнүн бардык аймактарынан 690 делегат катышкан. Анын ичинен 150 делегат жарыш сөзгө чыгып, көйгөйүн айтып, демилгелерди көтөрүшкөн. Элдик курултай — өнүгүүнүн багыттары боюнча сунуштарды берген жыйын.Президент Садыр Жапаров Улуттук шахмат академиясын түзүү жөнүндө жарлыкка кол койду. Бул тууралуу "Ынтымак ордо" билдирди.Ага ылайык, жогорку спорттук натыйжаларды көрсөткөн шахматчыларга жана машыктыруучуларга эл аралык мелдештерге, окуу-машыгуу жыйындарына катышууга жана шахмат жабдууларын сатып алууга мамлекеттик колдоо көрсөтүлөт.Ошондой эле шахматты өнүктүрүү үчүн заманбап материалдык-техникалык базаны түзүүгө көмөктөшүү максатында президенттин фондунан 100 миллион сом бөлүү каралган.Мындан сырткары, Кыргыз шахмат союзуна караштуу Шахматты өнүктүрүү фонду түзүлөт.VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында майыптыгы бар адамдарга жардам көрсөтүүгө Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин 100гө жакын кызматкери тартылды. Ведомствонун маалыматына караганда, бүгүнкү күнгө чейин адистер 40тан ашуун адамды иш-чара өтүүчү аянтчаларга коштоп барышты. Алардын арасында Кыргызстандын жарандары менен бирге чет өлкөлүк коноктор да бар. Мындан тышкары, "Газпром" спорт комплексинин аймагында майыптар арабасы менен жүргөн адамдар үчүн атайын транспорттук коштоо уюштурулган. Ошондой эле ишеним телефонуна 1 миңге жакын кайрылуу түшүп, адистер жеткиликтүү инфраструктура жана жүрүп-турууну уюштуруу боюнча консультация беришүүдө. Белгилей кетсек, социалдык коргоо системасынын адистери 1-сентябрдан 6-сентябрга чейин Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтүүчү аянтчаларда иштеп, майыптыгы бар адамдарга багыт алууга жана эркин жүрүп-турууга көмөк көрсөтүүдө.Юань менен эсеп-кысап жүргүзүү улам өсүп бара жаткан шартта доллар колдоно келгенде машакаты көп валютага айланып бара жатат. Бул туурасында беларустук саясат таануучу Николай Левчук Sputnik агенттигинин маалымат борборундагы видеокөпүрөдө айтты. Ал Батышка дедолларлашуу жана улуттук акча менен соода, эсептешүүлөрдү жүргүзүү жакпай жатканын эске салды."Валюта-каржылык тармакта альтернативалуу күчтөр түптөлүп жатат, бул экономикага эле эмес, идеологияга да тиешелүү боло баштады, — деди Левчук.Ал "нефтеюань" дүйнөлүк экономикадагы бараандуу факторго айланып, "нефтедолларга" кадимкидей атаандаш болуп жаткандыгын кошумчалаган.АКШ Украинадагы биологиялык лабораториялардын ишин каржылаган. Бул тууралуу америкалык саясатчы Кимберли Лоу Чыгыш экономикалык форумунда билдиргенин РИА Новости жазды.Лоу аталган жайлардын ишин япондордун 1940-жылдары адамдарга жасаган эксперименттери менен салыштырган. Саясатчы анда кишилерге кооптуу вирустарды жуктуруп изилдөөлөр жүргөнүн эске салды.Белгилей кетсек, буга чейин АКШнын Улуттук чалгын кызматынын документтери ачыкталып, анда Кошмо Штаттар Украинада америкалык аскер институттары менен иш алып барган биолабораторияларды курганы айтылган. Жалпы жонунан өлкөдө Вашингтондун каржылоосу менен иштеген 40 лаборатория бар.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/09/04/1103456609_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_0994cdcb0320dd8015cf515a1f1b019e.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио