https://sputnik.kg/20260904/1103441654.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө арналган майрамдык иш-чаралар 11-сентябрда Талас шаарында өтөт. Бул тууралуу калаа мэриясы кабарлады. Саамалыкка президент... 04.09.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-09-04T08:59+0600
2026-09-04T08:59+0600
2026-09-04T09:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/09/04/1103441488_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_769d11e4992ad06db1f9304bb54d586a.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө арналган майрамдык иш-чаралар 11-сентябрда Талас шаарында өтөт. Бул тууралуу калаа мэриясы кабарлады. Саамалыкка президент Садыр Жапаров катышат. Майрамдык концертте чет элдик жана жергиликтүү белгилүү аткаруучулар өнөр көрсөтөт. Алардын арасында Arash, Fly Project, K-Maro, Nana, Hi-Fi, Согдиана жана Кайрат Нуртас бар. Мындан тышкары, майрамдык программада дрондордун шоу-программасы жана фейерверк уюштурулары күтүлүүдө
Кылым соңуна чейин температура 5-6 °C көтөрүлүшү мүмкүн. Жаратылыш министрлиги климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу планын даярдады Улуттук адаптациялык план 2035-жылга чейинки мезгилди камтыйт. Анда климаттын өзгөрүүсүнө байланыштуу коркунучтуу фактылар келтирилген. Алсак, өлкө тиешелүү чараларды көрбөсө, 2040-жылга чейин жакырлардын саны 170 миңге көбөйүшү ыктымал. Ал эми ИДПнын жоготуусу 2-3%га жетери болжолдонгон. Мындан тышкары, суу аркылуу жугуучу оорулардын саны 10-17%, ысыкка байланыштуу оорулар 55-94% чейин өсүшү ыктымал экени айтылган. Документте суудан тартып инфраструктура, айыл чарба жана башка климаттык тобокелдиктер системасын кыйла өзгөртүү каралган. Пландын каржылык талабы 74,5 млрд сом деп көрсөтүлгөн. Анын 53,6% эл аралык уюм жана фонддордон тартуу көздөлүүдө.
Кырчын капчыгайында VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында этнобазар иштеп жатат. Анда коноктор жергиликтүү усталардын колунан жасалган буюмдар менен таанышып, улуттук товарларды сатып ала алышат. Соода катарларында түрдүү сувенирлер, этностилдеги элементтер камтылган салттуу жана заманбап кийимдер, зер буюмдар, сүрөттөр, оюнчуктар, китептер, декоративдик-колдонмо өнөрүнүн буюмдары жана башка товарлар коюлган. Коноктордун көңүлүн өзгөчө кыргыздын салттуу оймо-чиймелери жана улуттук оймо-чиймелер колдонулган кол эмгектери бурууда. Соодагерлердин көбү сунушталып жаткан буюмдарды өздөрү жасап, улуттук маданияттын элементтерин сактоо менен аларды заманбап буюмдарда кайрадан жаңыртып келишет. Этнобазар соода аймагы гана болбостон, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын коноктору кыргыз элинин маданияты жана чыгармачылыгы менен жакындан тааныша турган аянтчалардын бирине айланды.
Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна мүчө мамлекеттерде быйыл бир нече аскердик машыгуу өтөт. Аларга беш миңден ашуун аскер кызматкери, миңден көбүрөөк аскердик атайын техника жана курал-жарак менен катышат. Бул тууралуу ЖККУнун бириккен штабынын башчысы Андрей Сердюков брифингде билдирди. Анын айтымында, учурдагы кырдаалды эске алуу менен машыгуулардын негизги бөлүгү Чыгыш Европа жана Борбор Азия чөлкөмүндөгү жамааттык коопсуздук аймактарында өтөт. Машыгуулар 13–18-сентябрь — Казакстанда "Рубеж" машыгуусу; сентябрдын аягында — Россияда "Взаимодействие" жана "Эшелон" машыгуулары; октябрдын ортосунда — Беларуста "Нерушимое братство" командалык-штабдык машыгуусу өтөт. Сердюков белгилегендей, бардык бул иштер бекитилген планга ылайык өткөрүлөт жана үчүнчү өлкөлөргө каршы багытталг
Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө арналган майрамдык иш-чаралар 11-сентябрда Талас шаарында өтөт. Бул тууралуу калаа мэриясы кабарлады. Саамалыкка президент Садыр Жапаров катышат. Майрамдык концертте чет элдик жана жергиликтүү белгилүү аткаруучулар өнөр көрсөтөт. Алардын арасында Arash, Fly Project, K-Maro, Nana, Hi-Fi, Согдиана жана Кайрат Нуртас бар. Мындан тышкары, майрамдык программада дрондордун шоу-программасы жана фейерверк уюштурулары күтүлүүдө Кылым соңуна чейин температура 5-6 °C көтөрүлүшү мүмкүн. Жаратылыш министрлиги климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу планын даярдады Улуттук адаптациялык план 2035-жылга чейинки мезгилди камтыйт. Анда климаттын өзгөрүүсүнө байланыштуу коркунучтуу фактылар келтирилген. Алсак, өлкө тиешелүү чараларды көрбөсө, 2040-жылга чейин жакырлардын саны 170 миңге көбөйүшү ыктымал. Ал эми ИДПнын жоготуусу 2-3%га жетери болжолдонгон. Мындан тышкары, суу аркылуу жугуучу оорулардын саны 10-17%, ысыкка байланыштуу оорулар 55-94% чейин өсүшү ыктымал экени айтылган. Документте суудан тартып инфраструктура, айыл чарба жана башка климаттык тобокелдиктер системасын кыйла өзгөртүү каралган. Пландын каржылык талабы 74,5 млрд сом деп көрсөтүлгөн. Анын 53,6% эл аралык уюм жана фонддордон тартуу көздөлүүдө. Кырчын капчыгайында VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында этнобазар иштеп жатат. Анда коноктор жергиликтүү усталардын колунан жасалган буюмдар менен таанышып, улуттук товарларды сатып ала алышат. Соода катарларында түрдүү сувенирлер, этностилдеги элементтер камтылган салттуу жана заманбап кийимдер, зер буюмдар, сүрөттөр, оюнчуктар, китептер, декоративдик-колдонмо өнөрүнүн буюмдары жана башка товарлар коюлган. Коноктордун көңүлүн өзгөчө кыргыздын салттуу оймо-чиймелери жана улуттук оймо-чиймелер колдонулган кол эмгектери бурууда. Соодагерлердин көбү сунушталып жаткан буюмдарды өздөрү жасап, улуттук маданияттын элементтерин сактоо менен аларды заманбап буюмдарда кайрадан жаңыртып келишет. Этнобазар соода аймагы гана болбостон, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын коноктору кыргыз элинин маданияты жана чыгармачылыгы менен жакындан тааныша турган аянтчалардын бирине айланды.Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна мүчө мамлекеттерде быйыл бир нече аскердик машыгуу өтөт. Аларга беш миңден ашуун аскер кызматкери, миңден көбүрөөк аскердик атайын техника жана курал-жарак менен катышат. Бул тууралуу ЖККУнун бириккен штабынын башчысы Андрей Сердюков брифингде билдирди. Анын айтымында, учурдагы кырдаалды эске алуу менен машыгуулардын негизги бөлүгү Чыгыш Европа жана Борбор Азия чөлкөмүндөгү жамааттык коопсуздук аймактарында өтөт. Машыгуулар 13–18-сентябрь — Казакстанда "Рубеж" машыгуусу; сентябрдын аягында — Россияда "Взаимодействие" жана "Эшелон" машыгуулары; октябрдын ортосунда — Беларуста "Нерушимое братство" командалык-штабдык машыгуусу өтөт. Сердюков белгилегендей, бардык бул иштер бекитилген планга ылайык өткөрүлөт жана үчүнчү өлкөлөргө каршы багытталг
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/09/04/1103441488_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_29668ecd3a9c00fe709f5fb081d27552.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио