https://sputnik.kg/20260904/1103445780.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Sputnik Кыргызстан
V Элдик курултай 18-декабрда Бишкекте өтөт. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду. Ага 700 делегат катышат. Делегаттарды шайлоону жана иш-чараны... 04.09.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-09-04T11:00+0600
2026-09-04T11:00+0600
2026-09-04T11:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/09/04/1103445614_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_4f70019868151f6ff147b87cdbecb8cd.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Sputnik Кыргызстан
V Элдик курултай 18-декабрда Бишкекте өтөт. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду. Ага 700 делегат катышат. Делегаттарды шайлоону жана иш-чараны өткөрүүнү атайын уюштуруу комитети координациялайт. Эске салсак, былтыр курултай 25-26-декабрь күндөрү өтүп, ага өлкөнүн бардык аймактарынан 690 делегат катышкан. Анын ичинен 150 делегат жарыш сөзгө чыгып, көйгөйүн айтып, демилгелерди көтөрүшкөн. Элдик курултай — өнүгүүнүн багыттары боюнча сунуштарды берген жыйын.
Ош облусунда миграциялык мыйзамдарды бузган 665 чет өлкөлүк жаранга айып пул салынды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди. Маалыматка караганда, атайын кызмат ички иштер органдары менен биргеликте облус аймагында чет өлкөлүк жарандардын миграциялык мыйзамдарды сактоосун текшерүүгө жана мыйзамсыз эмгек ишмердүүлүгүнө бөгөт коюуга багытталган "Нелегал" аталышындагы рейд өткөрүп, түшүндүрүү иштерин жүргүзгөн. Натыйжада август айында миграциялык мыйзамдарды бузган 665 чет өлкөлүк жаран административдик жоопкерчиликке тартылып, айыпка жыгылган.
Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө арналган майрамдык иш-чаралар 11-сентябрда Талас шаарында өтөт. Бул тууралуу калаа мэриясы кабарлады. Саамалыкка президент Садыр Жапаров катышат. Майрамдык концертте чет элдик жана жергиликтүү белгилүү аткаруучулар өнөр көрсөтөт. Алардын арасында Arash, Fly Project, K-Maro, Nana, Hi-Fi, Согдиана жана Кайрат Нуртас бар.Мындан тышкары, майрамдык программада дрондордун шоу-программасы жана фейерверк уюштурулары күтүлүүдө.
Ит-мышыктарга чип тагууну милдеттендирүүнү сунуштаган мыйзам долбоорун депутат Дастан Бекешев коомдук талкууга койду. Андагы негизги сунуштар: ит, мышыктарга микрочип орнотуп, мамлекеттик реестрге каттоо милдеттүү болот. Үй жаныбарларын каттоого кеткен чыгымды ээси төлөйт; иттерди көчөгө кароосуз кое берүүгө жана жаныбарлардын көзөмөлсүз көбөйүшүнө жол берилбейт; жаныбарларды сабоого, кыйноого, ууландырууга жана алыштырууга тыюу салынат; кооптуу иттерди тумшук капсыз жана боосуз сейилдетүүгө болбойт. Аларды 16 жашка чыга элек балдар сейилдете албайт; жолбун ит-мышыктар кармалып, текшерилет, эмделет жана бычылат. Андан соң ээси табылса кайтарылып, табылбаса баш калкалоочу жайга же жаңы кожоюнга берилет; муниципалитеттер кармалган, стерилизацияланган, эмделген, жаңы ээсине берилген жана эвтаназия жасалган жаныбарлар тууралуу маалыматты, ошондой эле бюджеттик чыгымдарды жыл сайын жарыялоого милдеттүү болот. Долбоор кабыл алынса, эл буга чейин катталбаган ит-мышыктарын мыйзам күчүнө киргенден кийин жыл ичинде каттоого тийиш.
Украинанын Куралдуу күчтөрүндөгү интернационалдык легиондун согушкери АКШнын эки жаранын өлтүрүп салды. Бул туурасында Украинанын Коопсуздук кызматынын ички документтеринде айтылганын РИА Новости жазды. Кагаздар аталган кызматтын Аскердик контрчалгын департаментине тиешелүү болгон. Анда ишеним телефонго 2025-жылдын 23-январында чалышканы айтылат. Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аймактык коргоо боюнча интернационалдык легионунун инструктору телефон чалып, кол алдындагы жоокерлердин бирине байланыштуу кырсыкты кабарлаган. Инструктор ишеним телефонго маалымдагандай, окуядан кийин батальондун командири кылмышка шектүү аскерди Украинадан качырып жиберүү үчүн поездге шашылыш салып жиберген. Маалыматты алган Украинанын Коопсуздук кызматынын нөөмөтчүсү Беднар "мамлекеттик тилди начар билгендиктен" окуянын чоо-жайын кененирээк айтып бере албаганын баса белгилеген.
V Элдик курултай 18-декабрда Бишкекте өтөт. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду. Ага 700 делегат катышат. Делегаттарды шайлоону жана иш-чараны өткөрүүнү атайын уюштуруу комитети координациялайт. Эске салсак, былтыр курултай 25-26-декабрь күндөрү өтүп, ага өлкөнүн бардык аймактарынан 690 делегат катышкан. Анын ичинен 150 делегат жарыш сөзгө чыгып, көйгөйүн айтып, демилгелерди көтөрүшкөн. Элдик курултай — өнүгүүнүн багыттары боюнча сунуштарды берген жыйын. Ош облусунда миграциялык мыйзамдарды бузган 665 чет өлкөлүк жаранга айып пул салынды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди. Маалыматка караганда, атайын кызмат ички иштер органдары менен биргеликте облус аймагында чет өлкөлүк жарандардын миграциялык мыйзамдарды сактоосун текшерүүгө жана мыйзамсыз эмгек ишмердүүлүгүнө бөгөт коюуга багытталган "Нелегал" аталышындагы рейд өткөрүп, түшүндүрүү иштерин жүргүзгөн. Натыйжада август айында миграциялык мыйзамдарды бузган 665 чет өлкөлүк жаран административдик жоопкерчиликке тартылып, айыпка жыгылган. Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө арналган майрамдык иш-чаралар 11-сентябрда Талас шаарында өтөт. Бул тууралуу калаа мэриясы кабарлады. Саамалыкка президент Садыр Жапаров катышат. Майрамдык концертте чет элдик жана жергиликтүү белгилүү аткаруучулар өнөр көрсөтөт. Алардын арасында Arash, Fly Project, K-Maro, Nana, Hi-Fi, Согдиана жана Кайрат Нуртас бар.Мындан тышкары, майрамдык программада дрондордун шоу-программасы жана фейерверк уюштурулары күтүлүүдө.Ит-мышыктарга чип тагууну милдеттендирүүнү сунуштаган мыйзам долбоорун депутат Дастан Бекешев коомдук талкууга койду. Андагы негизги сунуштар: ит, мышыктарга микрочип орнотуп, мамлекеттик реестрге каттоо милдеттүү болот. Үй жаныбарларын каттоого кеткен чыгымды ээси төлөйт; иттерди көчөгө кароосуз кое берүүгө жана жаныбарлардын көзөмөлсүз көбөйүшүнө жол берилбейт; жаныбарларды сабоого, кыйноого, ууландырууга жана алыштырууга тыюу салынат; кооптуу иттерди тумшук капсыз жана боосуз сейилдетүүгө болбойт. Аларды 16 жашка чыга элек балдар сейилдете албайт; жолбун ит-мышыктар кармалып, текшерилет, эмделет жана бычылат. Андан соң ээси табылса кайтарылып, табылбаса баш калкалоочу жайга же жаңы кожоюнга берилет; муниципалитеттер кармалган, стерилизацияланган, эмделген, жаңы ээсине берилген жана эвтаназия жасалган жаныбарлар тууралуу маалыматты, ошондой эле бюджеттик чыгымдарды жыл сайын жарыялоого милдеттүү болот. Долбоор кабыл алынса, эл буга чейин катталбаган ит-мышыктарын мыйзам күчүнө киргенден кийин жыл ичинде каттоого тийиш.Украинанын Куралдуу күчтөрүндөгү интернационалдык легиондун согушкери АКШнын эки жаранын өлтүрүп салды. Бул туурасында Украинанын Коопсуздук кызматынын ички документтеринде айтылганын РИА Новости жазды. Кагаздар аталган кызматтын Аскердик контрчалгын департаментине тиешелүү болгон. Анда ишеним телефонго 2025-жылдын 23-январында чалышканы айтылат. Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аймактык коргоо боюнча интернационалдык легионунун инструктору телефон чалып, кол алдындагы жоокерлердин бирине байланыштуу кырсыкты кабарлаган. Инструктор ишеним телефонго маалымдагандай, окуядан кийин батальондун командири кылмышка шектүү аскерди Украинадан качырып жиберүү үчүн поездге шашылыш салып жиберген. Маалыматты алган Украинанын Коопсуздук кызматынын нөөмөтчүсү Беднар "мамлекеттик тилди начар билгендиктен" окуянын чоо-жайын кененирээк айтып бере албаганын баса белгилеген.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/09/04/1103445614_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_710fc18488e20771e0d2562eafe7ee18.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио