https://sputnik.kg/20260905/1103472958.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
Кырчындагы “Көчмөндөр ааламы” этношаарчасы 10-сентябрга чейин ачык болотРФ ТИМи: ЕБ Россия газынан баш тарткандан кийин бармагын тиштейт дедиАлагөзов: “Бишкек... 05.09.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-09-05T13:00+0600
2026-09-05T13:00+0600
2026-09-05T13:56+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/09/05/1103472792_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_c6531cb59c7c68242e918c632ea8e6c5.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
Кырчындагы “Көчмөндөр ааламы” этношаарчасы 10-сентябрга чейин ачык болотРФ ТИМи: ЕБ Россия газынан баш тарткандан кийин бармагын тиштейт дедиАлагөзов: “Бишкек Аренанын” курулушуна 60 млн. доллар кетти деген маалымат жалган экенин айтты
Социалдык тармактарда “Бишкек Арена” комплексинин курулушуна 60 миллион доллар сарпталды деген туура эмес маалыматтар тарап жатат. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Аскат Алагөзов билдирди. Анын айтымында, бир дагы мамлекеттик орган же расмий тарап стадиондун 60 миллион долларга курулуп бүткөнү жөнүндө маалымат тараткан эмес жана мындай масштабдуу объектини мынчалык арзан суммага салуу мүмкүн эмес.Маалымат катчы учурда стадиондун курулушуна кеткен чыгымдарды тактоо максатында атайын комиссия түзүлгөнүн кошумчалады. Анын курамына Эсеп палатасы, ИИМ, Прокуратура жана башка тиешелүү мамлекеттик органдар кирди. Комиссиянын иши болжол менен 1–2 айга созулуп, бардык каржылык чыгымдар деталдуу каралып чыккандан кийин курулуштун так, акыркы суммасы коомчулукка ачык жарыяланат. Президенттин маалымат катчысы жарандарды жана блогерлерди такталбаган маалыматтарды таратпоого, ошондой эле “кошуна өлкөлөрдөн арзан болду” деген негизсиз пиардан карманууга чакырды.
Кырчын жайлоосундагы “Көчмөндөр ааламы” этношаарчасы коноктор үчүн 10-сентябрга чейин ачык болот.5-сентябрда Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын маданий программасы жыйынтыкталат. Ал эми 6-сентябрь тазалык күнү деп жарыялангандыктан, келүүгө болбойт. Этношаарча 7-сентябрдан 10-сентябрга чейин кайрадан конокторду кабыл ала баштайт. Кырчынга чейин акысыз каттаган шаттл-бастар 5-сентябрга чейин гана жүрөт. Андан кийин ал жакка жеке унаалар менен барууга туура келет.
Чолпон-Ата шаарындагы «Газпром» дене тарбия жана ден соолукту чыңдоо комплексинде VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында эл аралык киноиндустрия өкүлдөрүнүн катышуусунда пресс-конференция өтөт. Иш-чарага америкалык актер, продюсер жана кикбоксинг боюнча дүйнөнүн көп жолку чемпиону Дон «Дракон» Уилсон, Голливуд актрисасы Бай Лин, актриса Наталия Аринбасарова, «Оскар» сыйлыгынын ээси, польшалык кинопродюсер Збигнев Жмудский жана режиссер Эрик Ялгашев катышат. Ошондой эле Кыргызстандын маданият жана кино тармагынын өкүлдөрү катышары күтүлүүдө. Пресс-конференцияда чет элдик коноктор Кыргызстан жана Көчмөндөр оюндары тууралуу таасирлери менен бөлүшүп, иш-чаранын маданий программасына катышуусу тууралуу айтып беришет. Мындан тышкары, эл аралык маданий кызматташтыкты өнүктүрүү жана биргелешкен кинодолбоорлордун келечеги талкууланат.
Евробиримдик Россиядан газ импорттоого толук тыюу салуу күчүнө киргенден кийин өзүнүн абалы канчалык оорлошорун түшүнөт. Мындай пикирин РФ тышкы иштер министринин орун басары Александр Грушко билдиргенин РИА Новости жазды. Ал жаратылыш газы дүйнөлүк деңгээлде жогорку суроо-талапка ээ экенин, ал эми Россия көптөгөн мамлекеттер менен мыкты ишкердик байланыштарды кармап турганын баса белгиледи.Буга чейин Евробиримдик кеңеши Россиянын суюлтулган жаратылыш газынан жана куур аркылуу келүүчү газынан этап-этабы менен баш тартуу тууралуу регламентти бекиткен. Кыска мөөнөттүү келишимдер боюнча суюлтулган жаратылыш газын импорттоого тыюу салуу 2026-жылдын 25-апрелинде күчүнө кирди. Ал эми узак мөөнөттүү келишимдер боюнча тыюу 2027-жылдын 1-январынан тартып иштей баштайт. Куур аркылуу жеткирилүүчү газга карата чектөө кыска мөөнөттүү келишимдер үчүн 2026-жылдын 17-июнунан, узак мөөнөттүүлөр үчүн 2027-жылдын 1-ноябрынан тарта күчүнө кирет. Чыгыш экономикалык форуму 1-сентябрдан 4-сентябрга чейин Владивосток шаарында өттү.
Кырчындагы “Көчмөндөр ааламы” этношаарчасы 10-сентябрга чейин ачык болотРФ ТИМи: ЕБ Россия газынан баш тарткандан кийин бармагын тиштейт дедиАлагөзов: “Бишкек Аренанын” курулушуна 60 млн. доллар кетти деген маалымат жалган экенин айтты Социалдык тармактарда “Бишкек Арена” комплексинин курулушуна 60 миллион доллар сарпталды деген туура эмес маалыматтар тарап жатат. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Аскат Алагөзов билдирди. Анын айтымында, бир дагы мамлекеттик орган же расмий тарап стадиондун 60 миллион долларга курулуп бүткөнү жөнүндө маалымат тараткан эмес жана мындай масштабдуу объектини мынчалык арзан суммага салуу мүмкүн эмес.Маалымат катчы учурда стадиондун курулушуна кеткен чыгымдарды тактоо максатында атайын комиссия түзүлгөнүн кошумчалады. Анын курамына Эсеп палатасы, ИИМ, Прокуратура жана башка тиешелүү мамлекеттик органдар кирди. Комиссиянын иши болжол менен 1–2 айга созулуп, бардык каржылык чыгымдар деталдуу каралып чыккандан кийин курулуштун так, акыркы суммасы коомчулукка ачык жарыяланат. Президенттин маалымат катчысы жарандарды жана блогерлерди такталбаган маалыматтарды таратпоого, ошондой эле “кошуна өлкөлөрдөн арзан болду” деген негизсиз пиардан карманууга чакырды. Кырчын жайлоосундагы “Көчмөндөр ааламы” этношаарчасы коноктор үчүн 10-сентябрга чейин ачык болот.5-сентябрда Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын маданий программасы жыйынтыкталат. Ал эми 6-сентябрь тазалык күнү деп жарыялангандыктан, келүүгө болбойт. Этношаарча 7-сентябрдан 10-сентябрга чейин кайрадан конокторду кабыл ала баштайт. Кырчынга чейин акысыз каттаган шаттл-бастар 5-сентябрга чейин гана жүрөт. Андан кийин ал жакка жеке унаалар менен барууга туура келет. Чолпон-Ата шаарындагы «Газпром» дене тарбия жана ден соолукту чыңдоо комплексинде VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында эл аралык киноиндустрия өкүлдөрүнүн катышуусунда пресс-конференция өтөт. Иш-чарага америкалык актер, продюсер жана кикбоксинг боюнча дүйнөнүн көп жолку чемпиону Дон «Дракон» Уилсон, Голливуд актрисасы Бай Лин, актриса Наталия Аринбасарова, «Оскар» сыйлыгынын ээси, польшалык кинопродюсер Збигнев Жмудский жана режиссер Эрик Ялгашев катышат. Ошондой эле Кыргызстандын маданият жана кино тармагынын өкүлдөрү катышары күтүлүүдө. Пресс-конференцияда чет элдик коноктор Кыргызстан жана Көчмөндөр оюндары тууралуу таасирлери менен бөлүшүп, иш-чаранын маданий программасына катышуусу тууралуу айтып беришет. Мындан тышкары, эл аралык маданий кызматташтыкты өнүктүрүү жана биргелешкен кинодолбоорлордун келечеги талкууланат. Евробиримдик Россиядан газ импорттоого толук тыюу салуу күчүнө киргенден кийин өзүнүн абалы канчалык оорлошорун түшүнөт. Мындай пикирин РФ тышкы иштер министринин орун басары Александр Грушко билдиргенин РИА Новости жазды. Ал жаратылыш газы дүйнөлүк деңгээлде жогорку суроо-талапка ээ экенин, ал эми Россия көптөгөн мамлекеттер менен мыкты ишкердик байланыштарды кармап турганын баса белгиледи.Буга чейин Евробиримдик кеңеши Россиянын суюлтулган жаратылыш газынан жана куур аркылуу келүүчү газынан этап-этабы менен баш тартуу тууралуу регламентти бекиткен. Кыска мөөнөттүү келишимдер боюнча суюлтулган жаратылыш газын импорттоого тыюу салуу 2026-жылдын 25-апрелинде күчүнө кирди. Ал эми узак мөөнөттүү келишимдер боюнча тыюу 2027-жылдын 1-январынан тартып иштей баштайт. Куур аркылуу жеткирилүүчү газга карата чектөө кыска мөөнөттүү келишимдер үчүн 2026-жылдын 17-июнунан, узак мөөнөттүүлөр үчүн 2027-жылдын 1-ноябрынан тарта күчүнө кирет. Чыгыш экономикалык форуму 1-сентябрдан 4-сентябрга чейин Владивосток шаарында өттү.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/09/05/1103472792_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_fbf69bfb5bc4c1c9dffed25b3fdde11f.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио