https://sputnik.kg/20260905/1103469389.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
V Элдик курултай 18-декабрда Бишкекте өтөт. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.Ага 700 делегат катышат. Делегаттарды шайлоону жана иш-чараны... 05.09.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-09-05T08:59+0600
2026-09-05T08:59+0600
2026-09-05T09:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/09/05/1103469223_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_f6eba1ab9b31dcab8943860b1aa8faf2.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
V Элдик курултай 18-декабрда Бишкекте өтөт. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.Ага 700 делегат катышат. Делегаттарды шайлоону жана иш-чараны өткөрүүнү атайын уюштуруу комитети координациялайт.Эске салсак, былтыр курултай 25-26-декабрь күндөрү өтүп, ага өлкөнүн бардык аймактарынан 690 делегат катышкан. Анын ичинен 150 делегат жарыш сөзгө чыгып, көйгөйүн айтып, демилгелерди көтөрүшкөн.Элдик курултай — өнүгүүнүн багыттары боюнча сунуштарды берген жыйын.
23-25-сентябрь күндөрү Бишкекте "Жылдын мыкты мугалими" жана "Жылдын мыкты тарбиячысы" республикалык сынактарынын финалдык этабы өтөт. Бул тууралуу Агартуу министрлиги билдирди. Маалымдалгандай, акыркы баскычка конкурстардын облустук жана шаардык этабынын жыйынтыгы менен тандалган 133 мугалим жана мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын 28 педагогикалык кызматкери катышат. "Жылдын мыкты мугалими" конкурсунда педагогдор 18 номинация боюнча күч сынашат. Финалдык этап "Педагогикалык кырдаалдар", "Мастер-класс" жана "Сабак" аталышындагы үч этаптан турат. Ал эми "Жылдын мыкты тарбиячысы" сынагында тарбиячы, методист, мамлекеттик тил мугалими жана музыкалык жетекчи категориялары боюнча катышуучулар өз ара таймашат. Алар кесиптик тажрыйбасын көрсөтүп, тесттик тапшырмаларды аткарып, санариптик көндүмдөрдү колдонуу менен мастер-класс өтүшөт. "Жылдын мыкты мугалими" конкурсунун жалпы жыйынтыгында эң жогорку упай алган катышуучу баш байгеге ээ болуп, сыйлык катары батир алат. Ошондой эле жеңүүчүлөргө номинациялар боюнча президенттин фондунан акчалай сыйлыктар берилет."Жылдын мыкты тарбиячысы" конкурсунун жыйынтыгы менен төрт мыкты педагог президенттин фондунан акчалай сыйлык алат. Жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземи 5-октябрда, Билим берүү кызматкерлеринин күнүнө карата борбор калаада өтөт.
Президент Садыр Жапаров Улуттук шахмат академиясын түзүү жөнүндө жарлыкка кол койду. Бул тууралуу "Ынтымак ордо" билдирди. Ага ылайык, жогорку спорттук натыйжаларды көрсөткөн шахматчыларга жана машыктыруучуларга эл аралык мелдештерге, окуу-машыгуу жыйындарына катышууга жана шахмат жабдууларын сатып алууга мамлекеттик колдоо көрсөтүлөт. Ошондой эле шахматты өнүктүрүү үчүн заманбап материалдык-техникалык базаны түзүүгө көмөктөшүү максатында президенттин фондунан 100 миллион сом бөлүү каралган. Мындан сырткары, Кыргыз шахмат союзуна караштуу Шахматты өнүктүрүү фонду түзүлөт.
V Элдик курултай 18-декабрда Бишкекте өтөт. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.Ага 700 делегат катышат. Делегаттарды шайлоону жана иш-чараны өткөрүүнү атайын уюштуруу комитети координациялайт.Эске салсак, былтыр курултай 25-26-декабрь күндөрү өтүп, ага өлкөнүн бардык аймактарынан 690 делегат катышкан. Анын ичинен 150 делегат жарыш сөзгө чыгып, көйгөйүн айтып, демилгелерди көтөрүшкөн.Элдик курултай — өнүгүүнүн багыттары боюнча сунуштарды берген жыйын.23-25-сентябрь күндөрү Бишкекте "Жылдын мыкты мугалими" жана "Жылдын мыкты тарбиячысы" республикалык сынактарынын финалдык этабы өтөт. Бул тууралуу Агартуу министрлиги билдирди. Маалымдалгандай, акыркы баскычка конкурстардын облустук жана шаардык этабынын жыйынтыгы менен тандалган 133 мугалим жана мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын 28 педагогикалык кызматкери катышат. "Жылдын мыкты мугалими" конкурсунда педагогдор 18 номинация боюнча күч сынашат. Финалдык этап "Педагогикалык кырдаалдар", "Мастер-класс" жана "Сабак" аталышындагы үч этаптан турат. Ал эми "Жылдын мыкты тарбиячысы" сынагында тарбиячы, методист, мамлекеттик тил мугалими жана музыкалык жетекчи категориялары боюнча катышуучулар өз ара таймашат. Алар кесиптик тажрыйбасын көрсөтүп, тесттик тапшырмаларды аткарып, санариптик көндүмдөрдү колдонуу менен мастер-класс өтүшөт. "Жылдын мыкты мугалими" конкурсунун жалпы жыйынтыгында эң жогорку упай алган катышуучу баш байгеге ээ болуп, сыйлык катары батир алат. Ошондой эле жеңүүчүлөргө номинациялар боюнча президенттин фондунан акчалай сыйлыктар берилет."Жылдын мыкты тарбиячысы" конкурсунун жыйынтыгы менен төрт мыкты педагог президенттин фондунан акчалай сыйлык алат. Жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземи 5-октябрда, Билим берүү кызматкерлеринин күнүнө карата борбор калаада өтөт.Президент Садыр Жапаров Улуттук шахмат академиясын түзүү жөнүндө жарлыкка кол койду. Бул тууралуу "Ынтымак ордо" билдирди. Ага ылайык, жогорку спорттук натыйжаларды көрсөткөн шахматчыларга жана машыктыруучуларга эл аралык мелдештерге, окуу-машыгуу жыйындарына катышууга жана шахмат жабдууларын сатып алууга мамлекеттик колдоо көрсөтүлөт. Ошондой эле шахматты өнүктүрүү үчүн заманбап материалдык-техникалык базаны түзүүгө көмөктөшүү максатында президенттин фондунан 100 миллион сом бөлүү каралган. Мындан сырткары, Кыргыз шахмат союзуна караштуу Шахматты өнүктүрүү фонду түзүлөт.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/09/05/1103469223_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_e1f9b01118d5eb6f433d444f98d8cada.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио