Тажикстан Кыргызстан алардан электр энергиясын сатып алып жатканын төгүндөдү

© Sputnik / Михаил Воскресенский / Медиабанкка өтүүЭнергетические объекты в пригороде Дамаска
Энергетические объекты в пригороде Дамаска - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.10.2021
Жазылуу
1-октябрь күнү Кыргызстандын энергетика жана өнөр жай министри Доскул Бекмурзаев маалымат жыйыны учурунда Кыргызстан Тажикстандан күн сайын 1 миллион киловатт-саат электр энергиясын сатып алып жатканын кабарлаган.
БИШКЕК, 5-окт. — Sputnik. Тажикстандын Энергетика жана суу ресурстары министрлиги Кыргызстан Тажикстандан электр энергиясын сатып алып жатат деген маалыматты төгүндөдү.
Эске салсак, 1-октябрь күнү Кыргызстандын энергетика жана өнөр жай министри Доскул Бекмурзаев маалымат жыйыны учурунда Кыргызстан Тажикстандан күн сайын 1 миллион киловатт-саат электр энергиясын сатып алып жатканын кабарлаган. Электр кубаты ошол күндөн, 1-октябрдан тарта, алына баштаган. Ал ошондой эле кеп алмашуу эмес, сатып алуу жөнүндө болуп жатканын билдирген. Министр тажик тарап электр энергиясы ашып жаткандыктан Кыргызстанга сунуштаганын кошумчалаган.
"Тажикстандын энергетика секторунан Кыргызстандагы кесиптештерине электр энергиясын экспорттоо мүмкүнчүлүгү боюнча кат жөнөтүлгөн эмес", — деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле өткөн жуманын орто ченинде Кыргызстандын Улуттук энергетика холдингинин жетекчиси Тажикстандын мамлекеттик "Барки Точик" энергокомпаниясына КРге 1-октябрдан тарта электр энергиясын жеткирүү мүмкүнчүлүгүн карап көрүү сунушу менен кат жолдогону белгиленген.
Ошол эле катта бул маселени талкуулоо үчүн Кыргызстандын энергетика жана өнөр жай министринин орун басары башында турган делегацияны Душанбеге жөнөтүү ниети бар экени белгиленгени айтылды.
Лампочка. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.10.2021
Электр энергиясынын жаңы тарифи бекитилди. Тизме
"2-октябрь күнү Кыргызстандын делегациясы Душанбе шаарына келип, "Барки Точиктин" өкүлдөрү менен жолукту. Анын алкагында кыргыз тараптын 2021-жылдын октябрь айынан тарта КРге электр энергиясын жеткирүү маселеси талкууланган. Учурда бул сунушту тажик тарап карап жатат", — деди Тажикстандын энергетика министрлиги.
Ушул тапта электр энергиясы Тажикстандан Кыргызстанга техникалык алмашуу жолу менен барып жатканы кошумчаланды.
"Азыр электр энергиясы Тажикстандан Кыргызстанга барып, кайра Тажикстанга кайта турган техникалык алмашуу жолу менен барып жатат. Бул нерсе эки өлкөнүн энергетикалык системасынын эффективдүү ишин камсыздоо үчүн жасалат", — дешти ведомстводон.
Тажик министрлиги бул механизм бир нече жылдан бери практикаланып, эч кандай коммерциялык максатты көздөбөй турганын белгилеген.
Жаңылыктар түрмөгү
0