Тажикстандан электр кубатын алып жатабыз, үнөмдөгүлө! Министрдин өтүнүчү видеодо

Жазылуу
Бүгүн бийлик өкүлдөрү электр энергиясынын бекитилген тарифи жана тартыштыгы боюнча маалымат жыйын өткөрдү. Энергетиктер эгер азыр үнөмдөбөсө, бир күнү толугу менен жарыксыз калуу кооптуулугун эскертти.
Энергетика жана өнөр жай министри Доскул Бекмурзаев кырдаалдан чыгуу үчүн Кыргызстан Тажикстандан күнүнө 1 миллион килоВатт-саат электр энергиясын ала баштаганын билдирди.
"Тажикстандагы кесиптештерибиз өздөрүндө ашыкча болуп жатканын айтып, "электр энергия керек болсо ала бергиле" дегенинен макулдугубузду бердик. Тажик тарап кечээ өздөрү бизге телефон чалып кайрылды. Бүгүн эки саат болду, түштүк регионуна тажик электр энергиясын берип жатабыз. Бул боюнча келишим түзүүгө орун басарым кетти. Мында товар алмашуу болбойт, сатып алабыз", — деди Бекмурзаев.
Ал эми министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Азиз Аалиев Токтогул суу сактагычындагы суу эң төмөнкү чегине түшүп кетиши мүмкүн экенин эскертти.
Лампочка. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.10.2021
Электр энергиясынын жаңы тарифи бекитилди. Тизме
"Эгер (суу) эң төмөнкү деңгээлине түшүп кетсе баары токтойт. Ага жеткирбөө үчүн айрым учурларда үнөмдөбөсөк кооптуулук бар. Ошондуктан бизде эки кыйынчылык турат, анын жеңилин тандашыбыз керек", — деди Аалиев.
Аны менен катар энергетика жана өнөр жай министри быйыл эч кандай пландык өчүрүүлөр же кандайдыр бир чектөө болбой турганын белгиледи.
Бирок жаралган кырдаалдан улам элге электр жарыгын үнөмдөп колдонуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатканын айтты.
"Эртең менен жумушка келе жатканда карасам унаа оңдоочу, унаа жуучу жайлардын жарыгы күйгөн бойдон калып жатат. Эртең менен саат 7ден 10го чейин жөн эле күйүп турат. Ойлоп көрүңүз, республика боюнча миллион лампочка күйгөн болсо, ар бири 100 Ваттан коротсо деле канча болуп кетет", — деди Бекмурзаев.
Ошондой эле ал ар бир үйдө дагы ашыкча лампочкаларды өчүрүп, ысырапкорчулук кылбоону өтүндү.
Жаңылыктар түрмөгү
0