Италиялыктар оромону жакшы көрөт. Сардинияда ресторан ачкан Сыдыкова менен маек

© Фото / предоставлено Мунара СыдыковойИталияда өзүнүн ресторанын ачкан Мунара Сыдыкова
Италияда өзүнүн ресторанын ачкан Мунара Сыдыкова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мунара Сыдыкова 15 жылдан бери Италияда жашап келет. Ашпозчулук кесипти аркалаган мекендешибиз Жер Ортолук деңизиндеги Сардиния аралында өзүнүн ресторанын ачып, чет элдиктерге кыргыздын тамак-ашын таанытууда.

Чет жерде ишкерлик кылган Сыдыкова менен Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы маек курду.

— Италияда COVID-19 вирусунан улам бир топ адам каза болду. Азыр ал жакта абал кандай болуп калды?

— Биз аралда жашагандыктан коронавирусту жуктургандар аз эле болду. Өлкөнүн башка аймактарына салыштырмалуу COVID-19 келген жок деп эсептесек болот, жуктуруп алгандар, каза болгондор түндүк облустарда көп катталды. Анан бийлик ишкана, мекеме, түрдүү жайларды убагында жапты. Кудайга шүгүр, азыр абал турукташып калды, бирок айрым чектөөлөр дагы деле алына элек.

— Башында кайсы тармакта эмгектендиңиз? Кантип ресторан ачып калдыңыз?

— Мурун эжем экөөбүз Бишкекте ресторандарда иштүчүбүз. Кесибим боюнча финансистмин. Италияга 2005-жылы барып, түрдүү  ресторандарда, үйдө улгайган адамдарды карап иштедим. Быйыл ашкана ачканыма төрт жыл болот. Башында араб, япон, африка ашканаларында эмгектенип калдым. Анан кыргыз элинин тамак-ашын кандай кабыл алат болду экен деп кызыгып, ишти баштагам.

© Фото / предоставлено Мунара СыдыковойИшкер Мунара Сыдыкова: Быйыл ашкана ачканыма төрт жыл болот. Башында араб, япон, африка ашканаларында эмгектенип калдым. Анан кыргыз элинин тамак-ашын кандай кабыл алат болду экен деп кызыгып, ишти баштагам.
Италиялыктар оромону жакшы көрөт. Сардинияда ресторан ачкан Сыдыкова менен маек - Sputnik Кыргызстан
Ишкер Мунара Сыдыкова: Быйыл ашкана ачканыма төрт жыл болот. Башында араб, япон, африка ашканаларында эмгектенип калдым. Анан кыргыз элинин тамак-ашын кандай кабыл алат болду экен деп кызыгып, ишти баштагам.

— Италиялыктар биздин тамак-ашты кандай кабыл алды, азыр кардарларыңыз көп элеби?

— Башында бизди кытайсыңар деп эле кыйкыра беришчү. Азыр кыргыздарды жакшы эле таанып калышты. Бул жакта өзбек, казактар жокко эсе, ашканасы дагы жок. Кудайга шүгүр, азыр бизди жергиликтүүлөр жакшы эле билишет, өзүбүздүн туруктуу кардарларыбыз да бар. Мисалы, аралда жашаган бир адам атайын лагман жегени келет. Анан, мурдагы советтик республикаларда жашап кетип, кийин Европада түтүн булатып калгандар эс алганы келгенде биздин ашканадан даам татып, кардарларыбыздын катарын толукташат. Алар кыргыздын ресторанынын бул жакта иштеп жатканын көрүп аябай таң калат. Бир жолу бизге бир орус кирип келип кыргызча эле "максым, бозо барбы?" десе болобу. Ошондой кызыктуу окуялар көп болот. Кээде Орто Азияда бир учурда жашап калгандар тамактанып чер жазып кетишет.

— Жергиликтүүлөр кыргыздын кайсы тамагын жактырат?

Автор и режиссер проекта Бишкек 140 Эрик Абдыкалыков - Sputnik Кыргызстан
Мусулман аялдар жөнүндөгү стереотипти бузгум келет. Жаш ишкер Абдыкалыковдун маеги
— Италиялыктар кыргыздын оромосун аябай жакшы көрөт. Алар түрдүү жыйын, коомдук иштерге биздин палоо, самса, оромобузга көп буюртма берет. Өткөндө бул жакта жашаган режиссер Кыргызстан жөнүндө даректүү тасма тартып, коомчулуктун назарына сунуштады. Ошондо дагы кыргыз тамактарын атайын жасаткан. Жер Ортолук деңизиндеги Сардиния аралында жашайбыз. Бул жакка жайкысын чет элдик эс алуучулар көп келет. Кээде жумушта бир оромо сатуу үчүн кыргыздын тарыхын, үрп-адат, тамак-ашынын баарын айтууга туура келет. Аягында жаагым ооруп, төрт евро үчүн чарчап ыйлактап отуруп калам. Азыр интернет аркылуу буюртма беришет. Мен аларга жылкынын этинен бешбармак жасап берем. Элибизди таанытууга аракет кылам. Анткени бизден кийин дагы кыргызстандыктар ресторан ачса, эл биз жөнүндө жакшы пикирде калса деп ойлойм.

© Фото / предоставлено Мунара СыдыковойСыдыкова: Башында бизди кытайсыңар деп эле кыйкыра беришчү. Азыр кыргыздарды жакшы эле таанып калышты. Бул жакта өзбек, казактар жокко эсе, ашканасы дагы жок. Кудайга шүгүр, азыр бизди жергиликтүүлөр жакшы эле билишет, өзүбүздүн туруктуу кардарларыбыз да бар.
Италиялыктар оромону жакшы көрөт. Сардинияда ресторан ачкан Сыдыкова менен маек - Sputnik Кыргызстан
Сыдыкова: Башында бизди кытайсыңар деп эле кыйкыра беришчү. Азыр кыргыздарды жакшы эле таанып калышты. Бул жакта өзбек, казактар жокко эсе, ашканасы дагы жок. Кудайга шүгүр, азыр бизди жергиликтүүлөр жакшы эле билишет, өзүбүздүн туруктуу кардарларыбыз да бар.

— Жергиликтүү элдин өз табити болот эмеспи, ошол учурда кандай ыкмаларды колдоносуз?

— Менюбузда оромо, самса, палоо, бешбармак, куурдак бар. Мен ар кыл улуттун ашканасында иштеп калгандыктан, айрым учурда биздин тамактарды башка улуттардын кошулмалары менен жасайм. Кардарларыбыздын арасында такыр эт жебеген, жадагалса жумуртка, сары май да колдонбогондор болот, камырдан жасалган тамактарга аллергиясы барлар кездешет. Ошондуктан алардын табитине жараша ылайыктап жасап берүүгө туура келет. Бирок аларга тигил же бул тамакты кыргыз ашканасында жасаса мындай болмок деп түшүндүрүүгө аракет кылам.

— Ашкананы ачууда кандай кыйынчылыктарга дуушар болдуңуз?

Ишкер  Саламат Бактыбек кызы - Sputnik Кыргызстан
21 жаштагы ишкер кыз: апамдын бейитине гүл алып барсам деп жүрүп бизнес ачтым
— Рестораныбызда 24 орундук бар, анан сыртта дагы отурушат. Ал жерде үч-төрт адам иштейбиз. Бул жакта ишкерлик менен алектенип бир нерсе ачуу өтө кыйын. Документтердин бир жеринен эле кынтык табылса көйгөйлөр жаралат. Мен ишкерликти нөлдөн баштагандыктан уруксат кагаздарынан өтө кыйналдым. Европада мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга шарт түзүп берүүгө, алардын укугун коргоого аракет кылышат экен. Ошого байланыштуу кошумча курулуш иштерине уруксат кагаздарын алдым, эмеректерди сатып келдим. Анткени ден соолугу начарларга атайын ажаткана салып, кире бериште пандус болушу керек. Анын баарын тиешелүү адистер менен кеңешип, мамлекеттик органдар менен макулдашуу зарыл. Азыр жергиликтүү талаптарды, мыйзамдарды жакшы түшүнүп калдым.  Бул жакта бир да иш адвокатсыз бүтпөйт, аларды акчага жалдашың керек.

© Фото / предоставлено Мунара СыдыковойСыдыкова: Бул жакта деле Кыргызстандагыдай чоң ресторандарда тушоо, үйлөнүү той өткөрүп, тамада жалдап, кийит кийгизишет. Нооруз, Эгемендүүлүк күнүндө чогулуп иш-чараларды өткөрөбүз. Бири-бирибиз менен катышып куран окутуп барабыз.
Италиялыктар оромону жакшы көрөт. Сардинияда ресторан ачкан Сыдыкова менен маек - Sputnik Кыргызстан
Сыдыкова: Бул жакта деле Кыргызстандагыдай чоң ресторандарда тушоо, үйлөнүү той өткөрүп, тамада жалдап, кийит кийгизишет. Нооруз, Эгемендүүлүк күнүндө чогулуп иш-чараларды өткөрөбүз. Бири-бирибиз менен катышып куран окутуп барабыз.

— Негизи тамактануучу жайларды иштетүү кирешелүү болот эмеспи. Төрт жыл аралыгында жакшы эле пайда көрдүңүзбү? Кандай пландар бар?

— Башында тамакты жасап кардарларга жеткирүү менен алектенип, эки жылдан кийин ресторан деген статусту алдым. Анын салыгы кымбат , айына бир чарчы метрге 200 евро салык төлөйм. Электр жарыгы, газ да арзан эмес. Биринчи кыргыз рестораны болгондуктан жарнамага дагы бир топ акча жумшалды.  Кошумча жабдуу алып, оңдоо иштерин жасаттым. Төрт жылдан бери тапканымды кайра эле ресторанга  салып келүүдөмүн. Кудай берекесин берсин, буюрса туруктуу кардарлабыз пайда болду. Эми иштеп баштаган жумушумдун жемишин көрүшүм керек.

— Ал жактагы кыргызстандыктар ынтымактуусуңарбы?

— Негизи кыргыздар каякта жүрбөйлү, өзүбүздүн каада-салт, үрп-адатыбызды алып барат экенбиз. Бул жакта деле Кыргызстандагыдай чоң ресторандарда тушоо, үйлөнүү той өткөрүп, тамада жалдап, кийит кийгизишет.  Нооруз, Эгемендүүлүк күнүндө чогулуп иш-чараларды өткөрөбүз. Бири-бирибиз менен катышып куран окутуп барабыз. 15 жылдын ичинде башыбыздан канчалаган жакшылык-жамандык өттү. Буюрса өзүбүзгө боз үй, казан-аяк алып коелу деп жүрөбүз.

Жаңылыктар түрмөгү
0