Мусулман аялдар жөнүндөгү стереотипти бузгум келет. Жаш ишкер Абдыкалыковдун маеги

© Sputnik / Эркин СадыковАвтор и режиссер проекта "Бишкек 140" Эрик Абдыкалыков
Автор и режиссер проекта Бишкек 140 Эрик Абдыкалыков - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандык 26 жаштагы Эрик Абдыкалыковдун АКШдагы компаниясын чет элдиктер бир миллион долларга баалап, бир нече жолу сатып алуу ниетин билдирген. Досу менен иштеп чыккан мобилдик тиркемесин учурдагы он миңдеген адам колдонууда.

Ар тараптуу, изденүүнүн үстүндө гана жүргөн жаш жигит менен Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы менен маек куруп, IT тармагы жөнүндө баарлашты.

— Сиз студент кезиңизде эле коомдук иштерге активдүү катышып, ишкерлик менен алектенип жүргөн экенсиз. Каякта чоңоюп, кайсы жогорку окуу жайды аяктагансыз?

Эл аралык деңгээлдеги таанымал окумуштуулардын бири Талант Рыспаев (солдо) - Sputnik Кыргызстан
Эмгеги медицина, авиация, машина курууда колдонулат. Окумуштуу Рыспаевдин маеги
— Мен Каракол шаарында төрөлүп, беш жашымдан баштап Бишкекте чоңойдум. Жөнөкөй эле карапайым үй-бүлөдө тарбияландым, апам бизди жалгыз өстүрдү. Кийин үй-бүлөлүк шартка байланыштуу кайра Караколго кайтып, 2011-жылы ал жактагы №2 гимназияны артыкчылык менен аяктагам. Андан соң борбор калаадагы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин англис тили жана адабияты факультетинде билим алгам. Ооба, мен мектепте окуп жүргөндө эле КВНде ойноп, эл аралык уюмдарда ыктыярчы болуп, олимпиадаларга катышып  жүрдүм. ЖОЖдо окуп баштаганда апамды кыйнабай өз алдымча акча табуу жолдорун издеп, ар кандай иштерди баштап көрүп, анан Бишкекте ивент агенттик ачканбыз. Биз түгөйлөрдүн өзгөчө жолугушуусун, 18 кабаттуу үйдүн чатырында же учактын ичинде жигит кыздын колун сураганына шарт түзүп берип, ири иш-чараларды да уюштуруп калдык. Ошол маалда университеттеги жана чет жактагы коомдук иштерге да катыштым. Мисалы, чет жактагы кыргызстандыктардын башын бириктирген KYRGYZ UNION уюмунун мүчөсү жана президенти болуп, ички туризмди жакшыртууга багытталган TRIP 2015 Kyrgyzstan долбоорун ишке ашырдым. 2016-жылы илим, бизнес, спорт жана маданият тармагындагы жигердүү 100 жаш лидерди чогултуп "Биринчи дүйнөлүк Кыргызстан жаштар курултайын" өткөргөнбүз. Анда ар  бир катышуучу бир жыл аралыгында республика аймагында коомго пайдалуу бир долбоорду ишке ашыруу милдетин алып, бир топ жакшы иштер жасалган. Ошентип, жыл соңунда Алматы шаарында биз өткөргөн курултай Борбор Азиядагы мыкты долбоор деп таанылган.  Мындан сырткары, бир катар коомдук иштер менен алектенип калдым. 

© Фото / предоставлено Эриком АбдыкалыковымЖаш ишкер Эрик Абдыкалыков
Мусулман аялдар жөнүндөгү стереотипти бузгум келет. Жаш ишкер Абдыкалыковдун маеги - Sputnik Кыргызстан
Жаш ишкер Эрик Абдыкалыков

— Анан кантип IT тармагына аралашып, жеке компания ачып калдыңыз?

—  Бул тармакка көптөн бери кызыгып жүрчүмүн. Жети жыл мурда ишкерлик менен алектенип жүрүп бизнес-өнөктөшүм Никита Рыжов менен таанышып, кийин катташып калдык. 2019-жылдын башында экөөбүз жолугуп, алдыга коюлган пландар жөнүндө сүйлөшүп отурганбыз. Чет элдиктер да пайдаланчу, сатып ала турган продукция чыгаруу боюнча ойлор ортого салынып, FitJab аталышындагы тиркемени жасап чыгуунун алгачкы аракеттерин баштаганбыз.

— Негизи тиркеме кимдерге ылайыкталган жана адамдарга кандай кызмат көрсөтөт?

— Тиркеме атайын мусулман аялдар үчүн жасалган. Анын жардамы менен үй шартында эле спорт менен алектенип, сергек жашоо образын жүргүзүүгө болот. Ислам дини боюнча аялдар менен эркектер бир залда чогуу спорт менен машыга албайт. Дүйнө жүзүндө спорт залдар жетишсиз, көптөгөн мусулман кыз-келиндер ден соолугун чыңдай албайт. Тиркемеде шарияттагы талаптарды эске алган видеокөнүгүү, атайын функциялар бар. Эл ичинде намаз окуган аял бала тарбиялап, тамак жасап керээли-кечке үйдө отурат деген ой калыптанып калган. Биздин максат — ошол стереотипти жок кылып, аларды спорт менен жашоого үндөө. 

© Sputnik / Эркин СадыковАбдыкалыков "Бишкек 140" долбоорунун автору жана режиссеру
Мусулман аялдар жөнүндөгү стереотипти бузгум келет. Жаш ишкер Абдыкалыковдун маеги - Sputnik Кыргызстан
Абдыкалыков "Бишкек 140" долбоорунун автору жана режиссеру

— Тиркемени канча убакытта иштеп чыктыңыздар?

Эколог Кубанычбек Жумабай уулу  - Sputnik Кыргызстан
Илбирстин чоң топозду өлтүрүп жеп койгонго күчү жетет. Эколог менен маек
— 2019-жылдын февраль айында команда чогултуп ишти баштап, декабрь айында даяр тиркемени iOS жана Android системаларына жарыялаганбыз. Бир нече ай ичинде контент даярдап, техникалык жагын жакшыртып, араб, англис, орус, түрк тилдеринде пайдаланууга мүмкүн кылып чоң жумуштарды жасаган болчубуз. Ошол эле маалда Казань, Киев, Стамбул, Сан-Франциско шаарында болгон стартаптардын билим берүүчү программаларына катышып, көбүндө жеңүүчү болдук. Түркиядагы сынакта дүйнө жүзү боюнча катышкан 65 миң өтүнмөнүн ичинен алдыңкы 10 стартаптын катарына кирдик да, Нью-Йорк шаарындагы жеке фонд менен компанияны өнүктүрүүгө инвестиция алуу боюнча келишим түздүк. Себеби башында ишти өз каражатыбыз менен баштаганбыз. Өткөн жылдын соңунда биздин компанияны бир миллион долларга баалашкан, азыр тиркемебизди колдонуучулардын саны 45 миңге жетти. Эң көп Сауд Аравия колдонот. Андан кийинки орундарда АКШ, Россия, Малайзия, Япония турат.

— Учурда компанияңызда канча адам иштеп жатат?

— Бизди Кыргызстандан чыккан компания деп таанытуу эң негизги талаптарыбыздын бири болгон. Муну менен өлкө аймагында отуруп алып эле дүйнөлүк деңгээлдеги продукт жасоого мүмкүн экендигин көрсөтөлү дегенбиз. Компания АКШнын Делавэр штатында катталган. Бизде көбүнчө кыргызстандык адистер иштейт, украиналык кесиптештер  жарнама, маркетинг боюнча иш алып барат. Ошол эле маалда Россия, АКШ, Улуу Британия, Египет, Малайзиянын жарандары менен дагы кызматташабыз. Орточо 15 адам иштейт, бирок кээде алардын саны аткарган жумуштун көлөмүнө жараша көбөйүп да кетет.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Eric Abdykalykov (@hell4pan)

— Буга чейин компанияны саткыла деген сунуштар түшсө керек?

— Биз чет өлкөдөгү иш-чараларга катышканы барганда сатып алуу ниетин билдирип арабдар көп кайрылды. Алардын сунуштаган акчасы да жакшы. Биз алардын бардыгынан баш тартып жатабыз. Себеби баштаган ишибизди соңуна чыгарып, дүйнөлүк деңгээлде таанылган, колдонулган нерсеге жеткиришибиз керек. Жаңыдан өз ордун таап келе жаткан ишибизди бирөөгө берип салгыбыз келбейт.

— Тиркемеңиздердин келечеги кенен болчудай экен. Эми алдыда кандай пландар бар?

— Пландар көп, эң негизгиси — дүйнөдөгү мусулман кыз-келиндерге тиркеменин жардамы менен сергек жашоого жардам берүү. Азыр FitJab тиркемебиздин алдындагы онлайн-платформаны иштеп жатабыз. Келечекте жасай турган жумуш, идеялар арбын. Эми элестетсеңер, адал тамактануу, диета, кыздардын шариятка туура келген спорттук кийимдерин иштеп чыгуудан баштап, ал аялдардын дүйнөлүк деңгээлдеги марафондорун уюштурууга чейинки иштерди жасоого мүмкүн. Буюрса, далалат кылып көп тармакты камтыган ишмердүүлүктү баштаса болот. 

© Sputnik / Эркин СадыковЭрик Абдыкалыков: максаттарга жетүү үчүн тобокелчилик дагы керектигин эстен чыгарбаңыз
Мусулман аялдар жөнүндөгү стереотипти бузгум келет. Жаш ишкер Абдыкалыковдун маеги - Sputnik Кыргызстан
Эрик Абдыкалыков: максаттарга жетүү үчүн тобокелчилик дагы керектигин эстен чыгарбаңыз

— Кыргызстанда түрдүү долбоорлорду ишке ашырып, ишкерлик менен алектенүүгө мүмкүнчүлүктөр көп эле экен да?

— Азыр адам кайда гана болбосун, аны мүмкүнчүлүктөр коштоп жүрөт. Ошону пайдаланып, максаттарга жетүү үчүн алдыга умтулуп тобокелчиликке да салуу керек. Кээ бир иштер узак убакыттан кийин гана жыйынтык бере баштайт.  Кыргызстанда мүмкүнчүлүктөр арбын эле.

— Менимче, сиз көпчүлүк кыргызстандыктарга үлгү боло аласыз, жаштарга кандай кеңеш берет элеңиз?

— Мен кеңеш берүүдө өтө абайлайм. Себеби адам өзүнүн жеке тажрыйбасына таянып кеңеш берет. Мен жаштарга төрт нерсени баса белгилеп айтат элем.

Директор компании по организации образования за рубежом Алтынбек Бегалиев - Sputnik Кыргызстан
Студенттерди чет өлкөгө окууга даярдаган ишкер: 5 нерсени эстен чыгарбаш керек
Биринчиден, эч качан өзүн бирөөгө салыштырбашы керек. Ар бир адамдын тажрыйбасы, тагдыры бири-бирине окшошо бербейт. Эгер адам ошончолук эле өзүн бирөөгө салыштыргысы келсе, дүйнөлүк деңгээлдеги күчтүү инсандарга карап түздөнсүн. Ошондо максатына жетишпей калса дагы жоготуусу аз болот.

Экинчиден, адам өзүнө эмне жага тургандыгын толук түшүнүп, кызыгуусун изилдеши керек. Качан адам өзү шыктанган, кызыккан иштер менен алектенсе сөзсүз жыйынтык чыгып, анын аракеттери ырахат менен коштолот.

Үчүнчүдөн, баарлашууга жакын болгула. Таанышуудан, сүйлөшүүдөн, жөнөкөй эле суроолорду берүүдөн такыр коркпогула.

Төртүнчүдөн, англис тилин өздөштүргүлө, аны бир нече айда эле үйрөнүп алууга болот. 

Жаңылыктар түрмөгү
0