Саламаттык сактоо министрлиги Таласта COVID-19 катталбаган себебин айтты

© Sputnik / Таалай ОроскуловТалас областында арка. Архив
Талас областында арка. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өлкөнүн алты облус, төрт шаарында илдетке кабылгандар тастыкталган. Талас облусунда гана бир да учур катталган эмес.

БИШКЕК, 28-апр. — Sputnik. Талас облусунда коргонуу чаралары жакшы жүрүп, чет жактан жугузуп келгендер Бишкектен аныкталууда. Бул туурасында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда билдирди.

Жыйында модератор Таласта бир да учур катталбаганынын себебин сураган.

“Ал жакта чет жактан келгендер, оору жугузгандар менен байланышкан адамдар дагы болгон. Бирок көп учурда облустун тургундары Бишкектен обсервацияга алынып, эгер коронавирус аныкталса, бул жакта кармап калууга жетиштик деп айтсак болот. Экинчиден, алар талаптарды так аткарганга аракет кылып катуу көзөмөл жүргүзүштү. Облустук штаб жакшы иш алып барууда десек болот. Ошонун натыйжасында бүгүн Таласта абал ушундай”, — деди Үсөнбаев.

Белгилей кетсек, азыркы тапта өлкөнүн алты облус, төрт шаарында илдетке кабылгандар тастыкталган. Талас облусунда гана бир да учур катталган эмес.

Коронавирустун кесепети

Коронавируска тест жасоо үчүн алынган анализ - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда дагы 13 кишинин коронавирус жуктурганы аныкталды
Кыргызстанда COVID-19 жуктуруп алгандардын саны 708ге жетип, анын жарымынан көбү, 416сы айыкты. Тилекке каршы, вирус сегиз кишинин өмүрүн алды.

Өлкөдө учурда абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттиги жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот.

Sputnik редакциясы карантин учурунда ар тараптан жардам бере турган кызматтардын ишеним телефондорун жана облустардагы комендатура, штабдардын номерлерин жарыялаган.

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram каналыбызга баш багыңыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0