Бишкек шаарынын кире беришиндеги көзөмөл пункт. Архив - Sputnik Кыргызстан

Кыргызстан жана COVID-19: абалды баяндаган акыркы кабарлар

Жазылуу
Кыргызстандыктардын учурда коронавирустун айынан кыйын күндөрдү башынан өткөрүп жаткан учуру. Ал эми узарчудай болуп турган өзгөчө абал жана илдет өлкөнүн экономикасын бир топ чөгөлөттү.

Эл 35 күндөн бери карантинде.

Соңку маалыматтарга таянсак, COVID-19га чалдыккандардын жалпы саны 708 адамга жетти. Алардын ичинен 8 адам көз жумду.

Sputnik Кыргызстан абал боюнча бүгүн да окурмандарга текст, фото жана видео түрүндө маалымат берүүсүн улантат.

Мазмуну
Алгач жаңыларыАлгач эскилери
22:07 28.04.2020
21:55 28.04.2020

Россиянын ар бир аймагы коронавирус кооптуулугунда ар бир адамдын өмүрү үчүн күрөшүүгө 100 пайыз даяр турушу керек. Бул тууралуу Россия президенти Владимир Путин регион жетекчилери менен коронавируска каршы күрөшүү боюнча кеңешме өткөрүп жатып билдирди.

 Ал аймактарга 28-апрелде эле кошумча 95 миң атайын койкаларды коюу боюнча тапшырма берилгенин айтты.   

"Тапшырма мөөнөтүндө аткарылып, ал тургай айтылгандан көбүрөөк, 116 миң койка даярдалгандыгын кабарлашты. Бирок бул өлкө боюнча жалпы картина. Башкы нерсе, эң маанилүүсү — Россиянын ар бир аймагы коронавирус кооптуулугунда ар бир адамдын өмүрү үчүн күрөшүүгө 100 пайыз даяр турушу керек. Бир жагы жакшы, бир жагы начарыраак болбошу керек" — деди Путин.

 

19:18 28.04.2020
17:09 28.04.2020

 Sputnik Кыргызстан агенттиги өнөкөт оору менен алышып жаткандардын көйгөйүн укту.

 

Миграция в Колумбии - Sputnik Кыргызстан
Диабет менен ооруган баламдын тамак, дарысына акча калбай калды. Ата-энелердин муңу
17:06 28.04.2020

Коопсуздук кеңешинин отурумунун жыйынтыгында бир катар чечимдер кабыл алынганын президенттин маалымат кызматы билдирди.

 

Жыйынтыгында өкмөткө төмөнкү чектөөлөрдү күчүндө калтыруу сунушталды:

бардык массалык иш-чараларды өткөрүүгө;
ишкердик субъектилер үчүн товар ташыгандарды кошпогондо оору көбүрөөк катталган облустардын, ири шаарлардын жана калктуу конуштар арасында жарандардын жүрүүсүнө;
өзгөчө кырдаал режими алынып салынганга чейин Кыргызстанга чет элдик жарандардын кирүүсүнө.


Ошону менен катар өкмөткө төмөнкүлөр сунушталды:

Өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал режиминин шарттарында уруксат берилген ишканалардын түрлөрүнүн тизмесин кеңейтүү боюнча план-графигин 30-апрелге чейинки мөөнөттө бекитүү;
экономикалык жана социалдык туруктуулукка келтирилген кесепеттерди азайтуу боюнча 2020-жылга биринчи кезектеги чаралардын планын ишке ашырууну улантуу;
экономика тармагы жана ишкердик субъектилердин ишин калыбына келтирүү боюнча финансылык жана фискалдык чаралардын кошумча планын иштеп чыгып, бекитүү.


 

16:52 28.04.2020

Кытайда эмгек күнү белгиленет. Буга байланыштуу 30-апрелден 5-майга чейин “Эркечтам” көзөмөл өткөрүү бекети жабыларын Чек ара кызматынан билдиришти.

 

Зона таможенного контроля в Киргизии - Sputnik Кыргызстан
Кыргыз-кытай чегиндеги “Эркечтам” бекети дээрлик бир жумага жабылат
16:16 28.04.2020
16:10 28.04.2020

Президент Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңештин жыйынында өзгөчө абалдын шартында кайсы тармактар иштеп, кайсы иш-чараларга тыюу салынарын айтты.

Заседание Совета безопасности в узком составе - Sputnik Кыргызстан
Айрым ишканалар жанданып, блокпосттор кыскартылат. Жаңы чечим
16:06 28.04.2020

"Атайын мобилдик тиркеме аркылуу дагы 151 адамдын үй карантин режимин бузгандыгы аныкталды. Алар боюнча тийиштүү текшерүүлөр жүргүзүлүп жатат. Жоруктар жөнүндө кодекстин 127-беренесине ылайык санитардык-эпидемиологиялык эрежелер бузулгандыгы үчүн 20 миң сомдон 60 миң сомго чейин айып пул каралган", — деди ИИМ орун басары Мирлан Каниметов.

 

Мужчина в медицинской маске - Sputnik Кыргызстан
Штаб: үй карантинин бузгандар аныкталып, айып салына баштады
14:34 28.04.2020

Мындай чечим бүгүн президент Сооронбай Жээнбеков башында турган Коопсуздук кеңешинин жыйынында кабыл алынды. Маалыматты мамлекет башчынын басма сөз кызматынан кабарлашты. 

 Ал эми Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарлары менен Ат-Башы районунда өзгөчө абал режими 10-майга чейин узартылат.

Өзгөчө кырдаал режими Кыргызстан боюнча киргизилген  күчүндө калтырылат.

 

 

13:27 28.04.2020

"157 жүргүнчү учуп келди.  COVID-19 пандемиясынын жайылышын болтурбоо максатында, жеке коргонуу каражаттарын колдонууда бардык коопсуздук чаралары сакталып, чартердик каттамдардын жүргүнчүлөрүаба майдандын перронунда тейленет, андан кийин алар обсервацияга жөнөтүлөт", - деп билдиришти Республикалык штабдан. 

Прибытие чартерного рейса с кыргызстанцами из Екатеринбурга - Sputnik Кыргызстан
13:27 28.04.2020

Бишкектеги банктардын басымдуу бөлүгү иш күнүн дээрлик бир саатка узартты. Мунун себеби — коменданттык сааттын кыскартылышы.

 

Работа за компьютером - Sputnik Кыргызстан
Узагыраак иштей баштады. Бишкектеги банктардын графиги өзгөрдү
13:25 28.04.2020

Сингапурдагы Технология жана дизайн (SUTD) университетинин окумуштуулары коронавирустун ар кайсы өлкөдө, анын ичинде Кыргызстанда жайылышы качан токтой турганын болжол менен айтышты

 

Работа сотрудников Кубань-СПАС - Sputnik Кыргызстан
Окумуштуулар Кыргызстанда коронавирустун мизи кайтар учурду айтышты
11:46 28.04.2020

Бишкек мэриясынын аппаратынын жетекчиси Балбак Түлөбаев жардам алгандардын арасында аны башка максатка пайдаланган учурлар бар экендигин айтып берди.

Анын маалыматына караганда, бир нече жерге телефон чалып бир нече ирет жардам алган киши аларды интернет аркылуу сатуу максатын көздөгөн. Андан сырткары кичине дүкөндөргө өткөрүп, ичимдик алган.

Түлөбаев ага өзү күбө болгонун маалымат жыйында айтты. 

11:44 28.04.2020

“28-апрель саат 9га карата Бишкек шаары боюнча 74 миӊ үй-бүлө азык-түлүк жардамын алды. Бул мамлекет жана жергиликтүү ишкерлер тарабынан көрсөтүлгөн”, - деп билдирди Бишкек мэриясынын аппаратынын жетекчиси  Түлөбаев онлайн-маалымат жыйын учурунда. 

11:42 28.04.2020

“Материалдык жардам алгандар  “булардан башка барбы, качан эт качан алып келесинер” деген суроолорду бере баштады. Демек, буга чейинки биз тараткан жардамдар жеткен.

Биз эт тараткан жокпуз, балким жеке тараптар берип жаткандыр”, - деди Бишкек мэриясынын аппаратынын жетекчиси Балбак Түлөбаев онлайн маалымат жыйын учурунда.

11:14 28.04.2020

"Кылмыштуулук салыштырмалуу азайган. Бирок, алдамчылык, жеке буюмдарды уурдоо (коляска, велосипед) көбөйдү. Карантинде отурганда адамдар аларды сыртка калтырып койгон учурлар бар. Андан сырткары гуманитардык жардам беребиз деген шылтоо менен алдамчылык схемаларын сунуштаган учурлар кездешип жатат", - деди Бишкектин коменданты Орозалиев.

11:14 28.04.2020

“Дүкөн башчыларына кайрылар элем. Соода кылгандарды коопсуз жагдайда сатып алгандай шарт түзгүлө. Коргонуу каражаттарын кире беришке коюп, аралыкты сактаган чийиндерди сызгыла.

Ал эми элге айтарым, жөнөкөй эрежелерди карманбай, беткап кийбей көчөдө жүрөсүңөр. Өзүңөрдүн жана башкалардын коопсуздугун сактагыла.

Өткөн карантин күндөрү биз көп иштерди жасадык. Биз деле муну менен биринчи бет келип жатабыз. Түшүнүү менен мамиле кылгыла”, - деди Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев.

11:08 28.04.2020

 Президент  Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 28-апрелде, Коопсуздук кеңешинин чакан курамда жыйынын өткөрүп жатат.  Ага айрым мамлекеттик органдардын жетекчилери жана Бишкек шаарынын мэри катышууда.

Коопсуздук кеңешинин жыйынында өлкө аймагына коронавирус инфекциясын жайылтпоо жана социалдык-экономикалык активдүүлүктү жандандыруу боюнча мындан аркы чаралар каралууда.

Бул туурасында президенттин маалымат кызматынан кабарлашты.

 

11:01 28.04.2020

Юнусалиев көчөсү менен кесилишкен жерде рулду башкара албай, жол жээгиндеги коммерциялык банктардын биринин филиалына барып урунган.

 

ДТП на пересечении улиц Юнусалиева и Безымянной - Sputnik Кыргызстан
Комендатура: кечээ түнү банкты сүзгөн автонун айдоочусу мас болгон
10:50 28.04.2020

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Куткаруу кызматынын куткаруучу-фельдшери Махабат Назарбекова жарандарга өздүк гигиенаны туура сактоо эрежелери тууралуу айтып берди.

10:26 28.04.2020

Бул туурасында Жонс Хопкинс атындагы университеттин сайтындагы статистикада жазылган.

 Коронавирус көп катталган 10 өлкөнүн тизмеси:

 

  •     АКШ – 988 197 (каза тапкандар – 56,259);

  • Испания – 229,422 (каза тапкандар – 23,521);

  • Италия – 199,414 (каза тапкандар – 26,977);

  • Франция – 165,963 (каза тапкандар – 23,327);

  • Германия – 158,758 (каза тапкандар – 6,126);

  • Улуу Британия – 158,348 (каза тапкандар – 21,157);

  • Түркия – 112,261 (каза тапкандар – 2,900);

  • Иран – 91,472 (каза тапкандар – 5,806);

  • Россия – 87,147 (каза тапкандар – 794);

  • Кытай – 83,938 (каза тапкандар – 4 637).
     
10:25 28.04.2020

АКШ Кытайды коронавирусту ооздуктай албай жайылтып ийди деп эсептеп, жоопкерчиликке тартуу боюнча варианттарды карап жатканын Дональд Трамп билдирди. Президенттин айткандарын РИА Новости жазып чыкты.

 

Президент США Дональд Трамп - Sputnik Кыргызстан
Трамп: Кытай коронавирусту ооздуктабаганы үчүн жоопкерчиликке тартылат
10:13 28.04.2020

Бишкек шаары менен Чүй облусунун аймагында катуу шамал болот. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен кабарлашты.

Билдирмеге ылайык, ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жеткен шамал аталган аймактарда жакынкы саатта жана күндүз болот.

 

 

10:11 28.04.2020
10:10 28.04.2020
10:08 28.04.2020
10:07 28.04.2020
10:06 28.04.2020
10:06 28.04.2020
10:05 28.04.2020
10:04 28.04.2020
10:02 28.04.2020
10:02 28.04.2020
10:01 28.04.2020
10:01 28.04.2020
09:48 28.04.2020

 

  •   1312 (бекер чала аласыз)
  •   +996 220 001 312 (WhatsApp)
09:46 28.04.2020

Кечээ кечинде жана 28-апрелге караган түнү республиканын өзгөчө абал режими киргизилген шаарлары менен аймактарында коменданттык саатты 72 киши бузуп, үч автоунаа атайын жайга токтотулган. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы билдирди.

 

Коменданттык сааттын талаптарын бузгандардын саны:

Бишкек шаары —57;
Жалал-Абад шаары — 1;
Ош шаары — 3;
Сузак району — 4;
Нарын шаары — 2;
Ат-Башы району — 5.
Ноокат жана Кара-Суу райондорунда тартип бузгандар катталган эмес.

 

 

09:19 28.04.2020

Чогулган каражаттар тууралуу Республикалык штабдын алдындагы help.covid.kg сайтынан кенен тааныша аласыз. Жардам иретинде акча которууну каалагандар үчүн дагы эсептин реквизиттери жазылган.
 

  • 27-апрелге карата Саламаттыкты сактоо министрлигинин эсебине 134 миллион 144 миң 130 сом түшкөн. Анын ичинен 38 миллион 559 миң 300 сому медициналык кызматкерлерге кошумча төлөм үчүн каралган.
  •  Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин эсебине 16 миллион 359 миң 993 сом которулган. Анын ичинен 13 миллион 379 миң 996 сому керектелгени айтылды.
09:12 28.04.2020
Посмотреть эту публикацию в Instagram

30.04 Жогорку Кеңештин жыйынында өзгөчө кырдаалды токтотуу/узартуу маселеси талкуланат. Өкмөткө парламент бере турган суроолор көп - чогулган каражаттардын сарпталышы, жарандарга, ишкерлерге мамлекет тараптан кандай жардам болот, сыртта жүргөн жердештерибиздин акыбалы. Сиз тараптан суроо же сунуштарыңыз болсо, комментарийде жазыңыз. P.S. Жашообузду өзгөрткөн илдет келип, маскачан айлап жүрүп калгандай түшкө кирбеген заманда жашап калдык. 30.04 На заседании Жогорку Кенеша будем рассматривать вопрос о прекращении/продлении режима ЧП. У парламента много вопросов к правительству - распределение средств, помощь государства гражданам, МСБ, положение наших граждан заграницей. Если у вас есть вопросы или предложения, пжл, пишите в комментариях. P.S. Кто бы мог представить что наступит время, когда пандемия настолько изменит нашу жизнь, что месяцами придется ходить в масках.

Публикация от Эльвира Сурабалдиева (@elvirasurab)

Жаңылыктар түрмөгү
0