Аткаминерлердин аккаунтуна эмне кызыктар жарыяланат? Рейтинг

© Sputnik / Табылды КадырбековОфициальная страница Сооронбая Жээнбекова в Instagram
Официальная страница Сооронбая Жээнбекова в Instagram - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өлкөнүн биринчи адамдарынан соцтармактагы баракчалары өтө эле кызыксыз. Айрымдарын маалымат катчылары же жардамчылары алып барары байкалып эле турат.

Кыргызстанда социалдык тармактардын таасири күч. Жаңы мыйзам долбоору болобу, же кайсы бир аткаминердин кемчилигиби, айтор баса калып талкуулап жатып, карапайым элдин пайдасына чечип койгон учурлар жок эмес.

Далай тагдырлар калчанган социалдык тармакта өлкөнүн биринчи адамдары эмне кылат болду экен? Муну билүү үчүн президенттин, өкмөт башчынын жана министрлердин аккаунттарын барактап көрдүк.

Министр внутренних дел КР Кашкар Джунушалиев - Sputnik Кыргызстан
Жунушалиевди колдогон Instagram баракчасы "жоголуп" кетти
Чынын айтканда, бул  адамдардын баракчалары өтө эле кызыксыз. Айрымдарын маалымат катчылары же жардамчылары алып барары байкалып эле турат. Өздөрү отургандар деле ээлеген кызматынан улам элден жазганабы, бирдемени туура эмес жазып, сынга кабылбайын дейби, эч качан "чийинден" чыгып же кайсы бир маселе боюнча пикирин айтпайт. 

Албетте, ар кыл темада постторду жазып, элдин суроосуна түз жооп бергендер дагы жок эмес. Бирок алар саналуу.

Негизи социалдык тармактарда жогорку кызматтагыларды төрт топко бөлсө болот. Биринчиси — "расмийлер". Жалаң гана жумуш жөнүндө айткандар. Экинчи топко көпчүлүк министрлер кирет. Буларды социалдык тармактан таппайсың, тагыраагы, расмий баракчасы жок. Балким башка ысым менен аватарына гүлдүн же тоонун сүрөтүн коюп алып отурушу толук мүмкүн. Үчүнчү топтогулар — ээн-эркин жүргөндөр. Ар кайсы темада жазып, пикир калтырып, "достордун" суроолоруна жооп беришет. Түртүнчүсү — аккаунту бар деген аты эле бар, өздөрү колдонбойт.

Президент Сооронбай Жээнбеков

Сооронбай Жээнбековдун Facebook тармагында верификация болгон расмий баракчасы жана жеке аккаунту бар. Ага 4200дөн ашык адам жазылган.  Экөөнө тең жалаң расмий жаңылыктар жарыяланат. Президенттин аккаунтундагы кабарлар көбүнесе 100дөн төмөн "лайк" алат.  Анын постторуна көбүнчө министрлер, элчилер, журналисттер жана депутаттар "жакты" деген белги коюшат.

Анткен менен Instagram баракчасы салыштырмалуу популярдуураак. Ага 273 миң адам катталган. Ар бир посту бери дегенде 1000ден ашык "лайк" алат. Өзү эки адамга катталган. Бири — мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин расмий баракчасы. Экинчиси — президенттин маалымат катчысы Толгонай Стамалиева. Баса, президенттин бул аккаунтуна интернет колдонуучулар пикир калтыра албайт. Мындай мүмкүнчүлүктү алып салышкан.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Жээнбеков Сооронбай Шарипович (@sooronbai_zheenbekov_official)

Twitter баракчасында президентти 1000ден ашуун адам окуйт. Дал ошол жакта маалыматтар кызыктуу, президенттин өзүнүн атынан өтө кыска жана жөнөкөй тил менен жазылган. Мисалы, жаш ишкерлер менен жолугушуу болсо, өлкө башчы алардын атына чейин жазат. Жада калса, президенттин Twitter баракчасына бишкектик Максат жана Чыңгыз аттуу ишкерлердин өндүргөн продукциялары сүрөтү менен жарыяланган.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Mukhammedkalyi Abylgaziev (@m.abylgaziev_official)

Эмнегедир өкмөт башчынын Facebook жана Twitter баракчасы жок. Анын баскан-турганын бул тармактарда маалымат кызматы алып барган "Кыргыз өкмөтү" аттуу аккаунт чагылдырып турат. Instagram аккаунтуна 38,3 миң киши жазылган. Өзү беш адамга катталган Алар: президент Сооронбай Жээнбеков, россиялык кесиптеши Дмитрий Медведев, армениялык кесиптеши Никол Пашинян, Казакстандын өкмөт башчысынын расмий баракчасы жана премьердин өзүнүн маалымат катчысы Чыңгыз Эсенгул уулу. Премьердин постторун мынча же тигинче киши окуйт деп бир беткей айтууга болбойт. Айрым жаңылыктарына коюлган "лайктар" араң 100гө жетсе, айрымдары 7-8 миңден ашып кетет. Баракчасына эч качан жеке турмушу жана үй-бүлөсү тууралуу жазбайт. Расмий маалыматтар гана жарыяланат.

Вице-премьерлер

Төрт виценин ичинен Кубатбек Боронов менен Алтынай Өмүрбекова социалдык тармактарга катталган. Бирок Кыргызстанда өтө популярдуу Facebook тармагында экөө тең анча активдүү эмес. Мисалы, Бороновдун бир миңден ашуун "досу" бар. Акыркы жолу былтыркы жылдын апрель айында Россия президенти Владимир Путиндин жаратылышта эс алуусу тууралуу жергиликтүү каналдын видеосун бөлүшкөн

Ал эми Алтынай Өмүрбекова Instagram аккаунтун көбүрөөк колдонот. Ал жакта 3,3 миңден ашуу досу бар. Баракчасына бир гана расмий жаңылыктар эмес, жеке турмушу тууралуу дагы жазат. Мисалы, үй-бүлөсү менен конокко барган учурдагы сүрөттөрдү жарыялайт. Вице-премьердин баракчасынан жүрөк элжиреткен постторду дагы көрүүгө болот. Былтыркы жазда ал жаздын белгиси байчечекей гүл ачкан сүрөттү жарыялап, пост жазса, акыркы жолу Женева шаарында мейманканада Кыргызстан жөнүндө китепти көргөнүнө сүйүнгөн.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Алтынай Омурбекова (@altynai_omurbekova)

Ал эми калган вице-премьерлер Замирбек Аскаров менен Жеңиш Разаков социалдык тармактардан алыс. 

Активдүү министрлер

Социалдык тармактарда өзүн сууда жүргөн балыктай сезген өкмөт мүчөлөрү саналуу гана. Алардын ичинде эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоров, тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков жана юстиция министри Марат Жаманкулов бар.

Айдарбеков Facebook тармагына өзү көп пост жазбайт. Анын баракчасын министрликтин жаңылыктарын жазып маалымат катчысы жана башка колдонуучулар толтуруп коюшат. Акыркы жолу өзү 24-октябрь күнү кесиптештерин дипломаттар күнү менен куттуктаган. Бирок өз баракчасына жазылган көпчүлүк маалыматтарга "лайк" басып турат.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Чингиз Айдарбеков (@chingiz_aidarbekov)

Бирок Instagram аккаунту кызыктуу. Аны өзү алып барары көрүнүп турат. Мисалы, чет өлкөлөрдөгү иш сапарлары учурундагы сезимдери, жеке пикирлери менен бөлүшөт. Женевадагы БУУ кеңселеринин биринин сүрөтүн жайгаштырып, бул дипломатиялык кызматында эң чоң таасир калтырган жайлардын бири болгонун жазган. Акыркы постунда учактын айнегинен сыртты карап турган сүрөтүн жүктөп, аны байкатпай тартып алышканын жазган.

Улукбек Кочкоровдун Facebook дагы, Instagram дагы аккаунттары активдүү. Анда министр бир гана иши менен чектелип калбай, ар кыл темада ой толгойт. Мисалы, өзүнүн туулган күнүндө апасы менен түшкөн сүрөтүн жарыялап, ата-энеси алты айлык наристесинен ажырап калып күйүт тартып жүргөн кезде төрөлгөн уул экенин жазганы бар. Мындан тышкары, министр мекендештерди майрамдары менен куттуктоону унутпайт. Ошондой эле анын баракчасынан министрликтин ишеним телефондорун, министр элди кабыл ала турган күндөр боюнча маалымат алса болот. Баса, Кочкоров калктын аялуу катмары менен иштегендиктенби, айтор шыктандыруучу видеолорду жүктөгөн учурлары дагы болот.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Улукбек Кочкоров (@uluk.kochkorov)

Instagram баракчасына 9300дөй адам катталган.

Марат Жаманкулов Facebook тармагында көбүнесе жергиликтүү ЖМКлардын укук тармагына тиешелүү жана Юстиция министрлигинин жаңылыктары менен байма-бай бөлүшүп турат. 

Аты бар...

Экономика министри Санжар Муканбетовдун, өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мирзахмедовдун, билим берүү жана илим министри Каныбек Исаковдун, маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкуловдун Facebook баракчалары бар. Бирок активдүү колдонушпайт.

Соцтармактан "качкан" министрлер

Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев, финансы министри Бактыгүл Жээнбаева, транспорт жана жолдор министри Жанат Бейшенов жана айыл чарба министри Эркинбек Чодуев социалдык тармактардан өтө эле алыс. Тагыраак айтканда, расмий баракчалары жок.

Жаңылыктар түрмөгү
0