Жээнбаева Бактыгүл Жаныбековна — өмүр баяны

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаКандидат на должность министра финансов Бактыгуль Жээнбаева
Кандидат на должность министра финансов Бактыгуль Жээнбаева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бактыгүл Жээнбаева 1960-жылы 31-июлда Фрунзе (азыркы Бишкек) шаарында төрөлгөн.

Эмгек жолу:

1985 – 1992 — "Ак-Тилек" чек ара бекетинде инженер-экономист;

1992 – 1994 — Тышкы жана коомдук байланыш бөлүмүнүн экономисти, Улуттук банктын башкармалыгынын жетекчи орун басары;

1994 – 1996 — Улуттук банкта бөлүм башчынын милдетин аткаруучу, бөлүм башчы;

1996 – 2006 — Кыргыз айыл чарба финансы корпорациясынын директору;

2007 — "Новая телевизионная сеть" (НТС) телеканалынын башкы директору;

2007 — "Адилет" партиясынын тең төрагасы, "Ак-Шумкар" партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү;

2010 — "Кыргызстан коммерциялык банкы" ААКтын башкаруучулугунун төрагасы;

2010 — "Кыргызстан коммерциялык банкы" ААКтын директорлор кеңешинин төрага орун басары;

07.2010 — 06.2011 — КР Улуттук банктын төрагасынын милдетин аткаруучу;

2011 — Улуттук банктын төрагалыгына көрсөтүлүп, бирок депутаттардын колдоосуна ээ боло алган эмес;

2011 – 2015 — КР Улуттук банктын башкаруучулугунун төрагасынын орун басары;

2015 – 2016 — Мамлекеттик ипотека компаниясынын төрагасы;

2016 — "Айыл Банк" ААКтын башкаруучулугунун төрагасы;

2017 — Немис мамлекеттик өнүгүү банкынын консультанты (Мамлекеттик ипотека компаниясын техникалык колдоо боюнча);

2017 – 2018 — "Арванд" чакан финансы компаниясынын директорлор кеңешинин мүчөсү, кийин төрагасы болгон;

2018-жылдын 13-декабрынан тарта КР каржы министри.

Жаңылыктар түрмөгү
0