Даяр болгула! Бишкектин дагы 38 кесилишине камера орнотулат. Карта

© Sputnik / Наталья Селиверстова / Медиабанкка өтүүЖолдогу камералар. Архив
Жолдогу камералар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Азырынча камералар борбор калаадагы 10 кесилиште иштеп жатат. Эми жакынкы аралыкта экинчи этап дагы ишке кирет.

БИШКЕК, 13-фев. — Sputnik. "Коопсуз шаар" долбоорунун алкагында Бишкектеги дагы 38 кесилишке видеокамералар орнотулат. Бул тууралуу ЖКККББнын Мониторинг борборунун жетекчиси Гүлмира Баратова Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Бүгүнкү күндө камералар борбор калаанын 10 кесилишине орнотулуп, толук түрдө 12-февраль күнү ишке кирди. Бир сутканын ичинде 761 эреже бузуу катталган.

Камералар төмөнкү көчөлөр менен проспектилерге орнотулат:

  • Алыкулов — Өмүракунов;
  • Ауэзов — Чүй;
  • Ахунбаев — Байтик баатыр;
  • Ахунбаев — Тыналиев;
  • Байтик баатыр — Горький;
  • Бөкөнбаев — Абдрахманов;
  • Бөкөнбаев — Манас;
  • Бөкөнбаев — Жаш Гвардия;
  • Горький — 7-Апрель;
  • Горький — Чыңгыз Айтматов;
  • Дэн Сяопин — Алыкулов;
  • Дэн Сяопин — Садыгалиев;
  • Жибек Жолу — Абдрахманов;
  • Жибек Жолу — Курманжан датка;
  • Жибек Жолу — Лермонтов;
  • Жибек Жолу — Манас;
  • Жибек Жолу — Жаш Гвардия;
  • Жибек Жолу — Фучик;
  • Лев Толстой — Бакаев;
  • Лев Толстой — Жаш Гвардия;
  • Махатма Ганди — Боталиев;
  • Москва — Абдрахманов;
  • Сүйөркулов — Байтик баатыр;
  • Сүйөркулов — Юнусалиев;
  • Токомбаев — 7-Апрель;
  • Фучик — АЗС;
  • Чыңгыз Айтматов — Ахунбаев;
  • Чыңгыз Айтматов — Масалиев;
  • Чыңгыз Айтматов — Семетей;
  • Чүй — Абдрахманов;
  • Чүй — Бейшеналиева;
  • Чүй — Курманжан датка;
  • Чүй — Манас;
  • Чүй — Жаш Гвардия;
  • Чүй — Павлов;
  • Чүй — Фучик;
  • Чүй — Шопоков;
  • Элебесов — Аул.

Мындан сырткары, Байтик баатыр, 7-Апрель, Ибраимов жана Манас проспектилериндеги көпүрөлөргө дагы камералар коюлат.

Жаңылыктар түрмөгү
0