00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
3 мин
Ежедневные новости
08:00
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Кунарсыз жерлерди калыбына келтирүү долбоору — мигранттар үчүн ийгиликтүү боло алабы?
09:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Что показала евразийская интеграция в цифрах и экономике — беседа с министром ЕЭК
10:04
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Калкты көмүр менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу үчүн кандай аракеттер көрүлүүдө?
11:04
50 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Улуттук академиялык драма театрынын чыгармачылык саясаты жана өнүгүү багыттары
13:04
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Быйыл калкты тейлөө борборлору 3,6 миллион кызмат көрсөттү — жыл жыйынтыгы
15:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
ЕАЭБдин эркин экономикалык зонасы. Ири экономикалуу өлкөлөрдү эмнеси менен өзүнө тартат?
17:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Кеменгер
Тоолуктардын ден соолугун бөлүп изилдеген институт 70 жыл мурда эле түзүлгөн
19:06
52 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Быйыл калкты тейлөө борборлору 3,6 миллион кызмат көрсөттү — жыл жыйынтыгы
21:04
43 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

АКШда кармалган Теңгиз Сыдыков деген ким?

© Sputnik / Алексей Филиппов / Медиабанкка өтүүГорода мира. Нью-Йорк
Города мира. Нью-Йорк - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
АКШдан Чеченстанга аткезчилик менен курал-жарак жөнөтүп турган деген шек менен кармалган 28 жаштагы кыргызстандык жаран КРдин АКШдагы мурдагы элчиси Замира Сыдыкованын уулу.

БИШКЕК, 2-мар. — Sputnik. АКШдан Чеченстанга курал-жаракты ашкана буюмдары деп салып турган деген шек менен кармалган кыргызстандык Теңгиз Сыдыков коомдун көңүлүн бурду. Ал Кыргызстандын Америкадагы мурдагы элчиси Замира Сыдыкованын баласы экени белгилүү болду.

Полиция узак мөөнөттүү тыкыр көзөмөлдөн кийин Сыдыковду чогуу жашаган досу Элдар Резванов менен 27-февралда Вирджиния штатындагы Александрия шаарынан кармаган. Бирок Сыдыковдун энеси Замира Сыдыкова уулу досун полиция кармап кеткендиктен анын абалын билүү үчүн укук коргоо органдарына өзү барганын билдирип, курал-жарактын аткезчилигине тиешеси жок экенин маалымдаган.

АКШнын желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
ТИМ АКШда кармалган Теңгиз Сыдыковдун баш коргоо чарасын айтты
1-мартта Вирджиния штатынын Чыгыш округунун прокуратурасы кармалгандардын ишин карап, Сыдыковду үй камагына чыгарган.

Sputnik Кыргызстан агенттиги "көмүскө ишкердик менен алектенген" деп АКШ бийлиги айыптап жаткан Теңгиз Сыдыков ким экенин билип көрүүгө аракет кылды.

Маалыматтар анын LinkedIn тармагындагы баракчасынан алынды. Бул портал колдонуучуларга ишкер чөйрөсү менен ымала курууда бир топ жеңилдик берет.

Ири IT-компанияларында иштеген

Сыдыков кармалганга чейин Dovel Technologies IT-компаниясынын кызматкери болгон. Бул жакка былтыр декабрь айында келген. Мекеме бизнес-менеджмент боюнча аудитордук жана консалтинг кызматын сунуштайт. Ошондой эле маалыматтык технология чөйрөсүндө техникалык камсыздоо менен дагы алектенет.

Ага чейин 2015-жылдан тарта Жорж Вашингтон университетинин инновация жана ишкердик бөлүмүндө долбоордун координатору болуп иштеген. Эки жылдан кийин 2017-жылдын ноябрь айында иштен кеткен.

АКШнын желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Замира Сыдыкова АКШда аткезчилик менен кармалды деген уулу тууралуу үн катты
Сыдыков Американын инженердик билим берүү коомунда (American Society for. Engineering Education, ASEE) программалык менеджердин ассистенти катары иштеп чоң тажрыйба топтогон. ASEE коммерциялык эмес жана инженердик, технологиялык тармакта билим берүүнүн маселелери менен алектенген уюм катары белгилүү. Бул кызматта 2011-жылдан 2015-жылга чейин эмгектенген.

Андан сырткары, Вашингтондогу Борбор Азиядагы Евразия фондусунун кеңсесине жумушка орношкон. Фондуда 2010-2011-жылдары бухгалтердин ассистенти болгон.

Американын университеттеринде билим алган

Сыдыков LinkedIn сайтындагы маалымат боюнча экономика адистиги боюнча биринчи билимин Вирджиния штатынын Фэрфакс округундагы Жорж Мейсон университетинен 2007-2011-жылдары алган.

2016-жылы Жорж Вашингтон университетинин Бизнес мектебинен дистанциондук түрдө окуган. Аны ийгиликтүү аяктаса 2019-жылы магистр (MBA) даражасы ыйгарылат.

Ыктыярчы

Негизги ишинен сырткары эл аралык ири уюмдарда ыктыярчы болуп иштеген. Дүйнөлүк банк тарабынан уюштурулган Жаштар саммитинде байланыш боюнча ыктыярчы болгон.

Сыдыков, андан сырткары, USAID уюмунун суу ресурстарын коргоо долбоорунда волонтерлукту аркалаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0