"Ала-Тоо" аянты майрамга даярдык көрүү үчүн маал-маалы менен жабылат

Жазылуу
28-августтан 31-августка чейин Бишкектеги айрым көчөлөр жабылып, жол кыймылы кыйындайт

БИШКЕК, 29-авг. — Sputnik. Борбордук "Ала-Тоо" аянты Эгемендик күнүнө карата даярдык көрүү үчүн 31-августка чейин маал-маалы менен жабылып турарын мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Буга чейин Бишкек ШИИБи милиция күчөтүлгөн тартипке өтүп, калаанын көчөлөрү майрамга карата жабыларын билдирген.

"28-августтан 30-августка чейин борбордук "Ала-Тоо" аянтында саат 18:00дөн 20:00гө чейин майрамдык даярдык көрүлө тургандыктан жабык болот", — деп айтылат маалыматта.

Праздничный концерт на площади Ала-Тоо в честь 25-летия независимости Кыргызстана - Sputnik Кыргызстан
Эгемендүүлүктү кантип майрамдайбыз? Иш-чаралардын программасы
30-августта акыркы даярдык болот. Бул күнү саат 10:00дөн 12:00гө чейин жана 18:00дөн 20:00гө чейин Чүй проспектисинин Панфилов көчөсүнөн Эркиндик проспектисине чейинки эки тарабы тең жабылат.

Ал эми 31-августта Чүй проспектиси Тоголок Молдодон Тыныстановго чейин, андан сырткары Тоголок Молдо, Логвиненко жана Эркиндик проспектилери Чүй проспектисинен Киев көчөсүнө чейин жабык болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0