00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:00
4 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
ОГО!
Учебники на базаре, пробки на два часа и электрик над пропастью: чем запомнилась неделя в Кыргызстане
14:04
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Стоп кадр
Кыргыз киносу 85 жашта: кадр маселеси эмнеге дагы деле актуалдуу?
17:09
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Меняющие мир
Режиссёрская лаборатория в Бишкеке и большой разговор о русском театре за пределами России
18:06
53 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Жазылуу
Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттерде баңгизатка каршы “Желе” аталышындагы операция өтүп, 5 тоннадан ашуун тыюу салынган заттар алынганын ИИМден билдиришти. Маалыматка ылайык, операция 14-18-сентябрь күндөрү өтүп, ага ШКУга мүчө өлкөлөрдүн Ички иштер, Баңгизатка каршы күрөшүү, Чек ара жана Бажы кызматтарынан 25 миңге жакын кызматкери катышкан. Иш-чаранын жүрүшүндө 3 845 баңгизатка байланыштуу кылмыш аныкталып, 811 адам кармалган. Ошондой эле төрт көмүскө баңги лабораториясынын ишине бөгөт коюлду. Мындан тышкары, 53 тоннадан ашык прекурсор, 26 ок атуучу курал жана 2 787 ок-дары табылган. Операциянын алкагында баңгизаттарды контрабандалык жол менен ташуунун 19 фактысы, тобу менен жасалган 87 кылмыш жана мыйзамсыз кирешелерди адалдоонун 10 фактысы аныкталган. Ошондой эле баңгизат тууралуу тыюу салынган маалыматтарды тараткан 2 004 интернет-ресурс бөгөттөлгөнү айтылды.
Мурунку өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев эки айга камакка алынганын Биринчи май райондук соту билдирди. Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, мамлекетке ири көлөмдө зыян келтирүүгө шектелип жаткан экс-министр эми 18-ноябрга чейин абакта болот. Башкы прокуратура берген маалыматка ылайык, ӨКМдин кызматкерлери “Байтик” метеостанциясынын аймагында тиешелүү документтери жана уруксаты жок имарат курушкан. Ал Ала-Арча дарыясынан беш метр аралыкта, суу коргоо зонасында жайгашканы белгиленген. Эске салсак, Ажикеев 2020-жылдын октябрынан 2026-жылдын февралына чейин ӨКМди жетектеген.
Кыргызстанда Россиянын Мамлекеттик Думасына шайлоого карата төрт добуш берүү участогу ачылды. Алар Бишкектеги Россиянын элчилигинде, Ош шаарындагы Башкы консулдукта, ошондой эле Кант жана Каракол шаарларындагы аскер бөлүктөрүндө жайгашкан. Шайлоо тилкелери саат 20:00гө чейин иштейт. Дипломатиялык өкүлчүлүк шайлоочулардын активдүү катышуусун күтүп жатат. Россияда парламенттик жана аны менен катар өткөрүлүп жаткан башка шайлоолор 18–20-сентябрг белгиленген. Жалпысынан 20,7 миң депутаттык мандат жана жетекчилик кызматтар бөлүштүрүлөт.
Копенгаген Гренландиянын коопсуздугун көзөмөлдөө укугун Вашингтонго өткөрүп берди. Бул тууралуу АКШ президенти Дональд Трамп соцтармагы аркылуу билдиргенин РИА Новости жазды. Өлкө башчынын айытымында, аралга ири америкалык контингент жайгашат. АКШнын каршылаштарына Гренландияда аскердик база ачууга жана Вашингтон уруксат бермейин стратегиялык инвестиция салууга биротоло тыюу салынмакчы. Мындан тышкары, АКШ Копенгагенден макулдашуу мөөнөтсүз болот деген кепилдик күтүп жатканы маалым болду. Дания премьер-министри Метте Фредериксендин канцеляриясы тараткан маалыматта макулдашууга БУУ Башкы Ассамблеясынын сессиясында кол коюлары айтылат. Гренландия Дания падышачылыгынын курамына кирет. Бирок Трамп арал АКШнын курамында болушу керектигин бир нече ирет айткан. Копенгаген бийлиги жана аралдын өзүндөгүлөр да Вашингтонду баскынчылык аракеттерден оолак болуп, аймактык бүтүндүүлүккө сый-урмат менен мамиле жасоону талап кылышкан.
Жаңылыктар түрмөгү
0