https://sputnik.kg/20260920/1103778375.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда мектептердеги окуу китептеринин жетишсиздигин толук жоюу максатында кошумча 7 миллиард сом бөлүнмөй болду. Бул тууралуу президенттин маалымат... 20.09.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-09-20T08:59+0600
2026-09-20T08:59+0600
2026-09-20T09:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/09/14/1103778209_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_3229a4d09c4150da08fc629c46cb6679.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда мектептердеги окуу китептеринин жетишсиздигин толук жоюу максатында кошумча 7 миллиард сом бөлүнмөй болду. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Аскат Алагөзов билдирди. Ал окуу китептери боюнча ата-энелердин нааразычылыгы негиздүү экенин, анткени канча миллиард сом бөлүнүп же канча миллион китеп басылганы эмес, ар бир окуучунун колуна керектүү китептин тийгени маанилүү болуп саналарын белгиледи. Алагөзов окуу китептери боюнча абал мурдатан бери эле көйгөй жаратып келгенин, бул тармакка жылына орточо 100 миллион сомдон бөлүнүп келсе, акыркы эки жылда 1,3 миллиард сомдон ашык каражат жумшалып, 9,6 миллиондон ашык жаңы китеп басылганын эске салды. Мындан тышкары, Агартуу министрлигине мындан ары жалпы сандар менен чектелбей, өз сайтына ар бир мектеп боюнча кайсы сабактан канча китеп берилгенин, канчасы жетишпей жатканын жана алар качан басылып келерин ачык жарыялоо талабы коюлганы кабарланды. Ошондой эле китептердин басылышы жана базарга кантип чыгып кеткени боюнча ар бир суроого так жооп алынып, күнөөлүүлөр сөзсүз жоопко тартылары эскертилди.
Күзгү оруп-жыйноо өнөктүгү республика боюнча кызуу уланууда. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти. Министрликтин маалыматына ылайык, жыл сайын өлкө боюнча жүз миңдеген гектар жерге дан эгиндери, техникалык өсүмдүктөр, жашылча-жемиштер жана картошка эгилет. Учурда аймактарда дыйкандардын катышуусунда бардык зарыл техникалар тартылып, түшүмдү жоготуусуз жана өз убагында жыйнап алуу иштери уюшкандыкта жүргүзүлүүдө. Мамлекет тарабынан дыйкандарга күйүүчү-майлоочу майлар, жеңилдетилген насыялар жана заманбап айыл чарба техникалары боюнча ар тараптуу колдоо көрсөтүлүп жатат.
Дыйкандар жана айыл чарба товар өндүрүүчүлөрү үчүн иштелип жаткан "IDyikan" тиркемесинин тесттик версиясы тааныштырылды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, тиркемени "АгроСмарт" мамлекеттик мекемеси иштеп чыгууда. Бүгүнкү күндө жаныбарларды каттоо, электрондук балык уулоо билетин алуу, жеңилдетилген насыяларга онлайн арыз берүү, ошондой эле айрым кызматтар санариптик форматка өткөрүлдү. Мындан тышкары, платформа аркылуу маалымкаттарды, лицензияларды жана уруксат берүүчү документтерди алуу, сугат суусуна жана дотациялык үрөндөргө байланышкан кызматтарды электрондук форматка өткөрүү каралууда. Бул фермерлердин мамлекеттик органдарга кайрылуу жол-жоболорун жөнөкөйлөтүп, керектүү кызматтарды аралыктан алууга мүмкүнчүлүк берет.
Кыргызстанда мектептердеги окуу китептеринин жетишсиздигин толук жоюу максатында кошумча 7 миллиард сом бөлүнмөй болду. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Аскат Алагөзов билдирди. Ал окуу китептери боюнча ата-энелердин нааразычылыгы негиздүү экенин, анткени канча миллиард сом бөлүнүп же канча миллион китеп басылганы эмес, ар бир окуучунун колуна керектүү китептин тийгени маанилүү болуп саналарын белгиледи. Алагөзов окуу китептери боюнча абал мурдатан бери эле көйгөй жаратып келгенин, бул тармакка жылына орточо 100 миллион сомдон бөлүнүп келсе, акыркы эки жылда 1,3 миллиард сомдон ашык каражат жумшалып, 9,6 миллиондон ашык жаңы китеп басылганын эске салды. Мындан тышкары, Агартуу министрлигине мындан ары жалпы сандар менен чектелбей, өз сайтына ар бир мектеп боюнча кайсы сабактан канча китеп берилгенин, канчасы жетишпей жатканын жана алар качан басылып келерин ачык жарыялоо талабы коюлганы кабарланды. Ошондой эле китептердин басылышы жана базарга кантип чыгып кеткени боюнча ар бир суроого так жооп алынып, күнөөлүүлөр сөзсүз жоопко тартылары эскертилди.Күзгү оруп-жыйноо өнөктүгү республика боюнча кызуу уланууда. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти. Министрликтин маалыматына ылайык, жыл сайын өлкө боюнча жүз миңдеген гектар жерге дан эгиндери, техникалык өсүмдүктөр, жашылча-жемиштер жана картошка эгилет. Учурда аймактарда дыйкандардын катышуусунда бардык зарыл техникалар тартылып, түшүмдү жоготуусуз жана өз убагында жыйнап алуу иштери уюшкандыкта жүргүзүлүүдө. Мамлекет тарабынан дыйкандарга күйүүчү-майлоочу майлар, жеңилдетилген насыялар жана заманбап айыл чарба техникалары боюнча ар тараптуу колдоо көрсөтүлүп жатат. Дыйкандар жана айыл чарба товар өндүрүүчүлөрү үчүн иштелип жаткан "IDyikan" тиркемесинин тесттик версиясы тааныштырылды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, тиркемени "АгроСмарт" мамлекеттик мекемеси иштеп чыгууда. Бүгүнкү күндө жаныбарларды каттоо, электрондук балык уулоо билетин алуу, жеңилдетилген насыяларга онлайн арыз берүү, ошондой эле айрым кызматтар санариптик форматка өткөрүлдү. Мындан тышкары, платформа аркылуу маалымкаттарды, лицензияларды жана уруксат берүүчү документтерди алуу, сугат суусуна жана дотациялык үрөндөргө байланышкан кызматтарды электрондук форматка өткөрүү каралууда. Бул фермерлердин мамлекеттик органдарга кайрылуу жол-жоболорун жөнөкөйлөтүп, керектүү кызматтарды аралыктан алууга мүмкүнчүлүк берет.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/09/14/1103778209_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_5c6e11f05bf8828b03e66414deeefa41.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио