https://sputnik.kg/20260920/1103793604.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
Жогорку Кеңештин депутаттары Гуля Кожокулова жана Мирлан Жээнчороев КМШнын Парламенттер аралык ассамблеясынан (КМШ ПАА) эл аралык байкоочулар катары РФТин... 20.09.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-09-20T15:00+0600
2026-09-20T15:00+0600
2026-09-20T15:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/09/14/1103793438_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_194b2961874a5251a0feac22eef21645.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
Жогорку Кеңештин депутаттары Гуля Кожокулова жана Мирлан Жээнчороев КМШнын Парламенттер аралык ассамблеясынан (КМШ ПАА) эл аралык байкоочулар катары РФТин Федералдык жыйынынын Мамлекеттик Думасына депутаттарды шайлоого мониторинг жүргүзүүдө. Алгач эл өкүлдөрү Санкт-Петербург шаарында уюштуруу жыйынын өткөрүп, алдыдагы күндөргө иш планын белгилешти. Жыйынды топтун координатору, Жогорку Кеңештин депутаты Гуля Кожокулова ачты. Байкоочулар тобунуна бул сапар Азербайжандын, Армениянын, Беларустун, Казакстандын, Кыргызстандын, Тажикстандын жана Өзбекстандын депутаттары менен сенаторлору кирген. Андан сырткары, КМШнын ПААсына катышкан мамлекеттердеги демократияны, парламентаризмди өнүктүрүүгө жана жарандардын шайлоо укуктарын сактоого мониторинг жүргүзүү боюнча эл аралык институттун эксперттери кирген. Жалпысынан 96 адам аккредитациядан өткөн. Кожокулова Москвада Мамдумада, Федерация кеңешинде, Россиянын Борбордук шайлоо комиссиясында жана КМШнын Аткаруу комитетинде жолугушуулар өткөнүн маалымдап, шайлоону өткөрүү үчүн коопсуздук боюнча өзгөчө чаралар көрүлгөнүн белгиледи.
5-октябрда борбор калаадагы "Бишкек арена" расмий ачылып, анын урматына чоң шоу-концерт өтөт. Бул тууралуу президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев билдирди. Анын айтымында, трибуна менен фан-зонаны кошкондо майрамдык иш-чарага 60 миңге жакын көрүүчү катышары күтүлүүдө. Күйөрмандар үчүн башкы жаңылык — концерт бекер тартууланат. Бирок ар бир адам билет менен кириши керектигин, ал үчүн ticket.gov.kg сайтына кирип катталып алса болорун айтышты. "Биринчи этапта 10 миң билет берилет. Билеттердин баары бир убакта эмес, этап-этабы менен ар кандай санда жеткиликтүү болот. Мындай тартип мүмкүн болушунча көбүрөөк жаран билет алууга жетишсин деген максатта киргизилди", — деген ал. Коопсуздукту камсыз кылуу үчүн Face ID системасы колдонуларын, каттоодон өткөн адам стадионго жүзүн тааныган система аркылуу кире турганын айтышты.
Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясына Гүлшан Конушева ректор болуп дайындалды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти. Маалыматта, жаңы ректорду эмгек жамаатына министрдин биринчи орун басары Союзбек Надырбеков жана илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министринин орун басары Кубатбек уулу Нарынбек тааныштырды. Иш-чарага консерваториянын профессордук-окутуучулар курамы жана эмгек жамааты катышты.
Иран АКШ менен кепке келүүдө жети шарт коюп, сүйлөшүүгө чакырды Кандай гана сүйлөшүүлөр болбосун, аларды баштоо үчүн Тегеран АКШга жети шарт койгонун Ирандын Улуттук коопсуздук боюнча жогорку кеңешинин катчысы Мохсен Резаи кабарлады. Бул туурасында РИА Новости жазды. "Иран кандай гана сүйлөшүүлөр болбосун, баштоо үчүн АКШ өкмөтүнө жети шарт койду. Тегерандын билдирүүсү ачык жана так. Эгерде Вашингтон өзү түзгөн оор абалдан чыгууну жана анда мындан ары калбоону кааласа, анын Ирандын шарттарын кабыл алуудан башка аргасы жок", — деп жаздган Х социалдык тармагындагы баракчасына. 28-февралда АКШ менен Израиль Ирандын аймагындагы объектилерге чабуул жасай баштаган, буга жооп кылып Иран тарап да сокку урган.
Жогорку Кеңештин депутаттары Гуля Кожокулова жана Мирлан Жээнчороев КМШнын Парламенттер аралык ассамблеясынан (КМШ ПАА) эл аралык байкоочулар катары РФТин Федералдык жыйынынын Мамлекеттик Думасына депутаттарды шайлоого мониторинг жүргүзүүдө. Алгач эл өкүлдөрү Санкт-Петербург шаарында уюштуруу жыйынын өткөрүп, алдыдагы күндөргө иш планын белгилешти. Жыйынды топтун координатору, Жогорку Кеңештин депутаты Гуля Кожокулова ачты. Байкоочулар тобунуна бул сапар Азербайжандын, Армениянын, Беларустун, Казакстандын, Кыргызстандын, Тажикстандын жана Өзбекстандын депутаттары менен сенаторлору кирген. Андан сырткары, КМШнын ПААсына катышкан мамлекеттердеги демократияны, парламентаризмди өнүктүрүүгө жана жарандардын шайлоо укуктарын сактоого мониторинг жүргүзүү боюнча эл аралык институттун эксперттери кирген. Жалпысынан 96 адам аккредитациядан өткөн. Кожокулова Москвада Мамдумада, Федерация кеңешинде, Россиянын Борбордук шайлоо комиссиясында жана КМШнын Аткаруу комитетинде жолугушуулар өткөнүн маалымдап, шайлоону өткөрүү үчүн коопсуздук боюнча өзгөчө чаралар көрүлгөнүн белгиледи. 5-октябрда борбор калаадагы "Бишкек арена" расмий ачылып, анын урматына чоң шоу-концерт өтөт. Бул тууралуу президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев билдирди. Анын айтымында, трибуна менен фан-зонаны кошкондо майрамдык иш-чарага 60 миңге жакын көрүүчү катышары күтүлүүдө. Күйөрмандар үчүн башкы жаңылык — концерт бекер тартууланат. Бирок ар бир адам билет менен кириши керектигин, ал үчүн ticket.gov.kg сайтына кирип катталып алса болорун айтышты. "Биринчи этапта 10 миң билет берилет. Билеттердин баары бир убакта эмес, этап-этабы менен ар кандай санда жеткиликтүү болот. Мындай тартип мүмкүн болушунча көбүрөөк жаран билет алууга жетишсин деген максатта киргизилди", — деген ал. Коопсуздукту камсыз кылуу үчүн Face ID системасы колдонуларын, каттоодон өткөн адам стадионго жүзүн тааныган система аркылуу кире турганын айтышты.Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясына Гүлшан Конушева ректор болуп дайындалды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти. Маалыматта, жаңы ректорду эмгек жамаатына министрдин биринчи орун басары Союзбек Надырбеков жана илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министринин орун басары Кубатбек уулу Нарынбек тааныштырды. Иш-чарага консерваториянын профессордук-окутуучулар курамы жана эмгек жамааты катышты.Иран АКШ менен кепке келүүдө жети шарт коюп, сүйлөшүүгө чакырды Кандай гана сүйлөшүүлөр болбосун, аларды баштоо үчүн Тегеран АКШга жети шарт койгонун Ирандын Улуттук коопсуздук боюнча жогорку кеңешинин катчысы Мохсен Резаи кабарлады. Бул туурасында РИА Новости жазды. "Иран кандай гана сүйлөшүүлөр болбосун, баштоо үчүн АКШ өкмөтүнө жети шарт койду. Тегерандын билдирүүсү ачык жана так. Эгерде Вашингтон өзү түзгөн оор абалдан чыгууну жана анда мындан ары калбоону кааласа, анын Ирандын шарттарын кабыл алуудан башка аргасы жок", — деп жаздган Х социалдык тармагындагы баракчасына. 28-февралда АКШ менен Израиль Ирандын аймагындагы объектилерге чабуул жасай баштаган, буга жооп кылып Иран тарап да сокку урган.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/09/14/1103793438_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_2473589d6c00ccef9fec153bc2d93532.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио