https://sputnik.kg/20260920/1103791787.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
Кытайлык инвестор Ошто 100 млн долларга өнөр жай аймагын түптөйт. Анда курулуш материалдарын, автоунааларды жана медициналык продукцияларды жасап чыгаруу... 20.09.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-09-20T13:00+0600
2026-09-20T13:00+0600
2026-09-20T13:56+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/09/14/1103791621_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_b2fd61adff2324b4627bb48c7723863a.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
Кытайлык инвестор Ошто 100 млн долларга өнөр жай аймагын түптөйт. Анда курулуш материалдарын, автоунааларды жана медициналык продукцияларды жасап чыгаруу пландалууда. Кытайлык компания менен инвестициялык кызматташуу боюнча меморандумга калаанын мэри Жанар Акаев кол койду. "Долбоорду иштеп чыгуу жана объектилерди куруу милдетин инвестор өзүнө алат. Ошондой эле тиешелүү жабдууларды орнотот. Жыйынтыгында 500 жумуш орду түзүлөрү күтүлүүдө", — деп билдиришти Ош шаарынын мэриясынан.
XX Азия оюндары ачылып Кыргызстандын курама командасынын өкүлдөрү салтанат менен параддан өттүЯпониянын Нагоя шаарында XX Азия оюндары ачылып, спортчулардын парадынан Кыргызстандын курама командасынын өкүлдөрү да салтанат менен өттү. Бул туурасында Дене тарбия жана спорт агенттигинен кабарлашты. Кыргызстандыктар спорттун 30 түрү боюнча мелдештерге катышмакчы. Өлкөнүн намысын жалпысынан 168 спортчу коргойт. Алар менен кошо 58 машыктыруучу, жети дарыгер менен массажчы кеткен. Азия оюндары 4-октябрга чейин уланат.
Украина шайлоонун үчүнү күнүндө Москвага чабуулун арбытты Москванын мэри Сергей Собянин аскерлер Украинанын Москвага жасаган эң ири дрон чабуулунун мизин кайтарганын билдирди. "Кечээтен бери бардык багыттарда 1600дөн ашуун пилотсуз аппарат атып түшүрүлдү. Алардын 450ү Москвага жакындап калганда жок кылынды", — деп жазды ал "Макс" платформасына. Мэрдин айтымында, Украинанын армиясы Мамлекеттик Думага шайлоону үзгүлтүккө учуратууну көздөп, бирок максатына жеткен жок. Ошондой эле ал бир нече дрон Москвадагы мунай иштетүүчү заводдун аймагына чейин жетип, дагы бири турак үйгө кулаганын кошумчалады. Бактыга жараша, адам өмүрүнө зыян келген жок. Буга чейин Москва облусунун губернатору Андрей Воробьев аймакка жасалган дрондордун ири чабуулунан эки адам каза таап, дагы бир нече киши жаракат алганын билдирген. Анда көп кабаттуу жана менчик тамдар зыянга учураган. Учурда Россияда парламенттин Төмөнкү палатасына шайлоонун акыркы — үчүнчү күнү өтүп жатат. РФ БШКсынын төрайымы Элла Памфилова каршылаштар добуш берүү үзгүлтүккө учурата албасын белгилеген.
Кандай гана сүйлөшүүлөр болбосун, аларды баштоо үчүн Тегеран АКШга жети шарт койгонун Ирандын Улуттук коопсуздук боюнча жогорку кеңешинин катчысы Мохсен Резаи кабарлады. Бул туурасында РИА Новости жазды. "Иран кандай гана сүйлөшүүлөр болбосун, баштоо үчүн АКШ өкмөтүнө жети шарт койду. Тегерандын билдирүүсү ачык жана так. Эгерде Вашингтон өзү түзгөн оор абалдан чыгууну жана анда мындан ары калбоону кааласа, анын Ирандын шарттарын кабыл алуудан башка аргасы жок", — деп жаздган Х социалдык тармагындагы баракчасына. 28-февралда АКШ менен Израиль Ирандын аймагындагы объектилерге чабуул жасай баштаган, буга жооп кылып Иран тарап да сокку урган. 18-июнга караган түнү Тегеран менен Вашингтон 28-февралда тутанган жаңжалды токтотууну көздөгөн меморандумга кол коюшкан. Бирок июль айында америкалык аскерлер Иранга бир нече ирет кайрадан чабуул койгон. АКШнын армиясынын командачылыгы бул кадамды Ирандын Ормуз кысыгынан өткөн соода кемелерине жасаган аракеттерине карата жооп болду деп түшүндүргөн. Азыркы тапта бул жаңжал толук жөнгө салына элек, кырдаал чыңалган бойдон турат.
Кытайлык инвестор Ошто 100 млн долларга өнөр жай аймагын түптөйт. Анда курулуш материалдарын, автоунааларды жана медициналык продукцияларды жасап чыгаруу пландалууда. Кытайлык компания менен инвестициялык кызматташуу боюнча меморандумга калаанын мэри Жанар Акаев кол койду. "Долбоорду иштеп чыгуу жана объектилерди куруу милдетин инвестор өзүнө алат. Ошондой эле тиешелүү жабдууларды орнотот. Жыйынтыгында 500 жумуш орду түзүлөрү күтүлүүдө", — деп билдиришти Ош шаарынын мэриясынан.XX Азия оюндары ачылып Кыргызстандын курама командасынын өкүлдөрү салтанат менен параддан өттүЯпониянын Нагоя шаарында XX Азия оюндары ачылып, спортчулардын парадынан Кыргызстандын курама командасынын өкүлдөрү да салтанат менен өттү. Бул туурасында Дене тарбия жана спорт агенттигинен кабарлашты. Кыргызстандыктар спорттун 30 түрү боюнча мелдештерге катышмакчы. Өлкөнүн намысын жалпысынан 168 спортчу коргойт. Алар менен кошо 58 машыктыруучу, жети дарыгер менен массажчы кеткен. Азия оюндары 4-октябрга чейин уланат. Украина шайлоонун үчүнү күнүндө Москвага чабуулун арбытты Москванын мэри Сергей Собянин аскерлер Украинанын Москвага жасаган эң ири дрон чабуулунун мизин кайтарганын билдирди. "Кечээтен бери бардык багыттарда 1600дөн ашуун пилотсуз аппарат атып түшүрүлдү. Алардын 450ү Москвага жакындап калганда жок кылынды", — деп жазды ал "Макс" платформасына. Мэрдин айтымында, Украинанын армиясы Мамлекеттик Думага шайлоону үзгүлтүккө учуратууну көздөп, бирок максатына жеткен жок. Ошондой эле ал бир нече дрон Москвадагы мунай иштетүүчү заводдун аймагына чейин жетип, дагы бири турак үйгө кулаганын кошумчалады. Бактыга жараша, адам өмүрүнө зыян келген жок. Буга чейин Москва облусунун губернатору Андрей Воробьев аймакка жасалган дрондордун ири чабуулунан эки адам каза таап, дагы бир нече киши жаракат алганын билдирген. Анда көп кабаттуу жана менчик тамдар зыянга учураган. Учурда Россияда парламенттин Төмөнкү палатасына шайлоонун акыркы — үчүнчү күнү өтүп жатат. РФ БШКсынын төрайымы Элла Памфилова каршылаштар добуш берүү үзгүлтүккө учурата албасын белгилеген.Кандай гана сүйлөшүүлөр болбосун, аларды баштоо үчүн Тегеран АКШга жети шарт койгонун Ирандын Улуттук коопсуздук боюнча жогорку кеңешинин катчысы Мохсен Резаи кабарлады. Бул туурасында РИА Новости жазды. "Иран кандай гана сүйлөшүүлөр болбосун, баштоо үчүн АКШ өкмөтүнө жети шарт койду. Тегерандын билдирүүсү ачык жана так. Эгерде Вашингтон өзү түзгөн оор абалдан чыгууну жана анда мындан ары калбоону кааласа, анын Ирандын шарттарын кабыл алуудан башка аргасы жок", — деп жаздган Х социалдык тармагындагы баракчасына. 28-февралда АКШ менен Израиль Ирандын аймагындагы объектилерге чабуул жасай баштаган, буга жооп кылып Иран тарап да сокку урган. 18-июнга караган түнү Тегеран менен Вашингтон 28-февралда тутанган жаңжалды токтотууну көздөгөн меморандумга кол коюшкан. Бирок июль айында америкалык аскерлер Иранга бир нече ирет кайрадан чабуул койгон. АКШнын армиясынын командачылыгы бул кадамды Ирандын Ормуз кысыгынан өткөн соода кемелерине жасаган аракеттерине карата жооп болду деп түшүндүргөн. Азыркы тапта бул жаңжал толук жөнгө салына элек, кырдаал чыңалган бойдон турат.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/09/14/1103791621_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_d995fb10cda1e5dd70d0f88d297b1b72.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио