00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:00
4 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жазылуу
Эми ата-энелер жана мыйзамдуу өкүлдөр балдар үчүн 095/у жана 026/у формасындагы медициналык маалымкаттарды электрондук түрдө билим берүү мекемелерине бере алышат. Бул тууралуу Агартуу министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, электрондук маалымкаттар “Түндүк” мобилдик тиркемесинде жеткиликтүү. 095/у маалымкаты 2026-жылдын 24-августунан тартып электрондук түрдө гана берилет. Билим берүү мекемелери анын кагаз түрүндөгү нускасын талап кылбашы керек. Ал эми 026/у маалымкаты 2027-жылдын 1-январына чейин электрондук жана кагаз түрүндө берилет. Электрондук версиясы бар учурда кагаз нускасын талап кылуунун зарылдыгы жок.
Дыйкандар жана айыл чарба товар өндүрүүчүлөрү үчүн иштелип жаткан “IDyikan” тиркемесинин тесттик версиясы тааныштырылды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди. Тиркемени “АгроСмарт” мамлекеттик мекемеси иштеп чыгууда. Анда жаныбарларды каттоо, электрондук балык уулоо билетин алуу жана жеңилдетилген насыяларга онлайн арыз берүү сыяктуу кызматтар каралган. Мындан тышкары, маалымкат, лицензия жана уруксат берүүчү документтерди алуу, сугат суусу жана дотациялык үрөндөр боюнча кызматтарды санариптештирүү пландалууда. Платформада фермерлер, чарбалар, жер тилкелери, мал жана техника боюнча маалыматтарды камтыган бирдиктүү санариптик реестрлерди түзүү да каралган. Учурда “IDyikan” тесттик режимде иштеп, колдонуучулардын сунуштарынын негизинде өркүндөтүлүүдө.
Бишкек — Ысык-Көл багытында мото жүрүш өттү Транспорт министрлиги билдиргендей, 18-19-сентябрда өткөн жүрүшкө Кыргызстандын жана чет өлкөлөрдөн келген 50гө жакын мотоцикл сүйүүчүлөрү катышкан. Иш-чаранын негизги максаты өлкөнүн кооз жаратылышын жана туристтик мүмкүнчүлүктөрүн таанытуу болду. Катышуучулар Бишкектен Ысык-Көл облусунун Кажы-Сай айылына чейин жетип, андан соң ордо калаага кайтып келишкен.
АКШ президенти Дональд Трамптын картасында Атлантика океанындагы Сен-Пьер, Микелон аралдар тобу Америкага таандык деп көрсөтүлгөнүнө Франциянын президенти Эммануэль Макрон үн катып, ал аймак Франциянын карамагында кала берерин айтты. Бул туурасында РИА Новости жазды. Буга чейин Трамп Truth Social социалдык тармагындагы баракчасына сүрөт жарыялаган. Анда Куба, Канада, Мексика, Кариб бассейниндеги өлкөлөр, ошондой эле Франциянын океандын ары жагындагы аймактары өңдүү ондогон жерлер АКШ желегинин түсүнө боелгон эле. Ушул күндөрү аталган жерлерге иш сапар менен барган Макрон бул боюнча үн катты. "Бул Франциянын аймагы экени биз үчүн айдан ачык... Биз бул үчүн бекем турабыз жана аталган маселе талкууга алынып, көп сөздүн башы болбошу керек", – деп баса белгиледи.
ЭМИ ВАЛЮТА КУРСУ МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫҢЫЗДАР: Улуттук банктын билдирүүсү боюнча ушул тапта: 1 АКШ доллары 87 сом 45 тыйынга евро 100 сом 41 тыйын юань 13 сом 6 тыйынга рубль 1 сом 3 тыйынга Казак тенгеси 20 тыйынга барабар
МУНАЙ БААСЫ Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи 92 үлгүсүндөгү бензиндин литри 87 сом 90 тыйындан баштап сатылууда. АИ 95 улгусундогу май 109 сом 90 тыйындан, Дизель майы литрине 99 сом 90 тыйынга бааланса, унаа газынын литри 48 сом 80 тыйындан сатылууда.
АБА ЫРАЙЫ21-сентябрга караган түнү өлкөнүн тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт. Дүйшөмбүдө республиканын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Ал эми дыйканчылык кылган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргыз гидрометеорология билдирди. Жалпысынан алганда абанын температурасы Чүйдө +25...+30, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +28...+33, Таласта +24...+29, Ысык-Көл регионунда +23...+28, Нарын аймагында +21...+26 градуска жетет. Термометрдин көрсөткүчү Бишкек +26...+28, Ош шаарында +29...+31, ал эми Чолпон-Атада +23...+25 градусту көрсөтөт.
Жаңылыктар түрмөгү
0