00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Итоги недели
Информационно-аналитическая программа
14:04
55 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
ОГО! Люди и события, которые не оставили нас равнодушными
14:04
48 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:00
3 мин
Жаңылыктар
17:30
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
18:00
4 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Кочкор менен Араванда бычак жеген окуучулардын абалы жакшырып калды

© Sputnik / Табылды КадырбековРеспубликанский центр крови в Бишкеке
Республиканский центр крови в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда Араван районунун аймактык ооруканасында төрт, ал эми Кочкордо бир окуучу дарыланууда.

БИШКЕК, 25-янв. — Sputnik. Өспүрүмдөрдүн ортосунда болгон мушташтын негизинде түрдүү жаракат менен ооруканага түшкөн окуучулардын абалы жакшырып калды.  Бул тууралуу эки райондун аймактык оорукана директорлору Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Мектеп. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кочкор: окуучулардын мушташынан соң билим берүү бөлүмүнүн башчысы иштен кетти
Эскерте кетсек, 19-январда Кочкордо мектеп окуучуларынын ортосунда мушташ чыгып, бир өспүрүм каза болгон. Дагы бири бычак жеп оор абалда ооруканага жаткырылган

Ал эми 21-январь күнү Ош облусунун Араван районунда 11-класстын балдары мушташып, төрт окуучу ооруканага түшкөн.

Араван райондук оорукананын директору Усманжан Мамажановдун айтымында, бейтаптардын үчөө травматология, дагы бири нейрогирургия бөлүмүндө дарыланууда.

"Балдардын биринин мойну катуу жаракат алган, экинчисинин ийнине бычак сайылган. Эки баланын баш мээси катуу чайкалган. Азыр баарынын тең абалы жакшырып калды. Бирок дагы бир жумадай дарыланышы керек", — деди Мамажанов.

Ал эми Кочкор аймактык ооруканасында дагы бир мектеп окуучусу курсагына бычак жеп дарыланууда.  Оорукананын директору Туратбек Жумабеков мурдагыга салыштырмалуу окуучунун абалы бир топ жакшы экенин айтты.

"Жандандыруу бөлүмүнөн чыгырдык, абалы канааттандырарлык болуп калды. Бардык дары-дармекти алууда. Бычак ашказанына тийген, ич майы дагы жабыркап курсагына кан толуп калган. Азыр мурдагыга салыштырмалуу жакшы.", — деди Жумабеков.

Эки окуя боюнча тең кылмыш иши козголуп, учурда тергөө жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0