Президент РФ В. Путин принимает участие в заседании Совета глав государств – членов ШОС в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан

Бишкекте 12 өлкөнү бириктирген ШКУ саммити. Тексттик трансляция

Жазылуу

Бишкек шаарында Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекет башчыларынын кезектеги саммити өтүүдө. Sputnik Кыргызстан жыйындан тексттик трансляция жүргүзмөкчү.

Белгилей кетсек, ШКУга Кыргызстан, Казакстан, Россия, Өзбекстан, Тажикстан, Кытай, Пакистан, Индия өлкөлөрү мүчө. Ал эми Белоруссия, Монголия, Иран жана Афганистан байкоочулук макамга ээ. Саммит "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында өтүүдө.

Мазмуну
Алгач жаңыларыАлгач эскилери
18:52 14.06.2019

Sputnik Кыргызстан Бишкекке ШКУ жыйынына келген президенттер шаар ичинде кандай унаа менен жүргөндүгүн видео менен баяндап берди. 

Aurus, BMW жана Mercedes... Президенттер Бишкекте кандай унаа менен жүрүшөт - Sputnik Кыргызстан
17:15 14.06.2019

Саммиттин алкагында жалпы жонунан 21 документке кол коюлду. 

 

Президент РФ В. Путин принимает участие в заседании Совета глав государств – членов ШОС в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Бишкектеги ШКУ саммити: кол коюлган документтердин тизмеси
14:44 14.06.2019

Бишкек шаарында өткөн Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө өлкөлөрдүн жетекчилери менен байкоочу мамлекеттердин өкмөт башчыларынын саммити президенттер менен премьер-министрлердин сүрөткө түшүү салтанаты менен аяктады. 

Президент РФ В. Путин принимает участие в заседании Совета глав государств – членов ШОС в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
14:23 14.06.2019

ШКУга төрагалык кылган Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө жана байкоочу болгон өлкөлөрдүн Бишкектеги жыйыны - саммит аяктагандыгын айтып, катышуучуларга ыраазылык билдирди. Отурган президенттер кол чапты. Төрагалыктын кезеги эми Россия Федерациясына берилди. 

Президент РФ В. Путин принимает участие в заседании Совета глав государств – членов ШОС в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
14:20 14.06.2019

Ар бир президент документтерге кол коюп жатат. Фотокамералардын гана сүрөткө тарткан үндөрүн угууга болот. Азыр журналисттердин иши жанданды. 

14:18 14.06.2019

Президент Сооронбай Жээнбеков документтерге кол коюу салтанаты башталгандыгын айтты. 

14:35 14.06.2019

Өзбекстан лидери Шавкат Мирзиёв саммитте Борбордук Азия ШКУнун приоритеттүү аймагы болушу керектигин айтты.

 

Летняя ремонтно-путевая кампания на Дальневосточной железной дороге - Sputnik Кыргызстан
Мирзиёев: бизде Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолун курууга бардык шарт бар
14:32 14.06.2019

Белоруссия жетекчиси Александр Лукашенко ШКУга мүчө өлкөлөрүн маалыматтык коопсуздуктукту камсыздоого жардамдашууга чакырды

 

Президент РФ В. Путин принимает участие в заседании Совета глав государств – членов ШОС в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Кылмыштын бир да түрү мынчалык тез өнүккөн эмес. Лукашенкону түйшөлткөн маселе
14:14 14.06.2019

Россиянын президенти Владимир Путин террорчулук менен күрөшүү Шанхай кызматташтык уюмунун негизги приоритеттеринин бири бойдон калганын айтты.  

Ал өз сөзүндө баңгизат жүгүртүүдөн түшкөн киреше менен террорчуларды каржылоо каналдарын бууп салууга үндөдү.

"ШКУнун террорго каршы программасынын алкагында кызматташууну улантып, наркотрафиктин терроризмди каржылаган каналдарын жабалы. Алардын колуна адам баласын массалык түрдө жок кылчу химиялык жана биологиялык курал тийип калбашы керек", — деди Путин.

Ошондой эле президент уюмга Россия төрагалык кылган учурда бир катар кризистик кырдаал, анын ичинен Афганистан маселеси боюнча иштөө керектигин кошумчалады.

Президент РФ В. Путин принимает участие в заседании Совета глав государств – членов ШОС в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
14:12 14.06.2019

Ашраф Гани баңги заттарына каршы күрөшүүдө ШКУну Афганистанга колдоо көрсөтүүгө чакырды

Международная конференция Политика нейтралитета: международное сотрудничество во имя мира, безопасности и развития в Ашхабаде - Sputnik Кыргызстан
Афганистан башчысы: өлкөдө баңгизат өндүргөн 53 лаборатория жок кылынды
13:49 14.06.2019

Мындай пикирин Бишкекте өтүп жаткан ШКУ саммитинде Кытай төрагасы Си Цзиньпин айтты.

"Цивилизациялар кагылышы тууралуу кечке эле айта бербесек. Тескерисинче, мамлекеттер арасында, өзгөчө жаштардын деңгээлинде байланышты күчөтүү керек", — деди Си Цзиньпин.

Бирок ал кесиптештери тууралуу айтып жатабы же негизи эле дүйнө коомчулугубу, тактаган жок.

Эске салсак, Кытай лидери глобалдык маселелер боюнча көп айтат. Бир ирет ШКУ саммитинде "биздин планета бир чоң айыл" деп айтканы бар.

 

 

Президент РФ В. Путин принимает участие в заседании Совета глав государств – членов ШОС в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
13:41 14.06.2019

Токаев саммитте ШКУнун мүмкүнчүлүктөрүн колдоого, бекемдөөгө, башка уюмдар менен болгон мамилени чыңдоого жана биргеликте террорчулукка каршы күрөшүүгө чакырды.

Эске салсак, Токаев эки күн мурда ант берип, Казакстан президенттигине киришип, кечээ  Бишкекке ШКУ саммитине учуп келди. 

13:37 14.06.2019

Sputnik Кыргызстан ШКУ саммитине, Бишкекке башка өлкөлөрдүн президенттери менен өкмөт башчылардын кандай самолеттор менен учуп келгендигин тизмектеп чыкты. 

Саммит ШОС в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Бишкекке удаасы менен 7 Boeing конду! Саммитке келген ажолордун учагы сүрөттө
13:26 14.06.2019

Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин ШКУ саммитинин отурумунда уюмдун алкагында бир нече долбоорлорду ишке ашырууну сунуштады. Алардын бири коопсуздук маселесине арналды.

"Коопсуздук жаатында укуктук базаны өркүндөтүү жана маалымат алмашып туруу зарыл. Террордук күчтөргө бөгөт коюуну күчөтүш керек", — деди Си Цзиньпин.

Ал соода мамилелерди бекемдеп, экономикалык алаканы ачыгыраак кылуу зарылдыгын айтты. Мындан сырткары мамлекеттердин ортосундагы айыл чарба, медицина жаатындагы алаканы бекемдөөнү кошумчалады.

13:11 14.06.2019

Путин отурумдун катышуучуларын ШКУнун кийинки жыйынына, Россияга чакырды. Ал 2020-жылы 22-23-июлда Москва шаарында өтмөкчү.

Эске салсак, ШКУга төрагалык кылуу кезеги Кыргызстандан кийин Россияга келди. 

Президент РФ В. Путин принимает участие в заседании Совета глав государств – членов ШОС в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
13:29 14.06.2019

Президент Сооронбай Жээнбеков интернет айдыңындагы жалган маалыматтар менен күрөшүүгө чакырды. Мындай пикирин ал ШКУ саммитинде сүйлөп жатып билдирди.

Мамлекет башчы маалыматтык коопсуздукту камсыздоо ШКУнун күн тартибинде каралчу маанилүү маселе болушу керектигин белгиледи.

"Азыркы замандын талаптары боюнча мамлекеттин коопсуздугуна интернет айдыңы орчундуу коркунуч жаратып жатат. Көпчүлүк учурда туура эмес, адаштырган жана жалган маалыматтар таратылып негативдүү маанай жаратууда", — деди Жээнбеков.

Работа за компьютером. Клавиатура - Sputnik Кыргызстан
Жээнбеков саммитке келген президенттерди "фейктер" менен күрөшүүгө чакырды
13:05 14.06.2019

Президент Сооронбай Жээнбеков мамлекет башчылары саммитте эл аралык күн тартибинде турган маселелерди талкуулагандыгын айтты.

"Мындан тышкары, мурдагы жыйындар учурунда болгон макулдашуулардын иш жүзүнө кантип ашып жатканы боюнча пикир алыштык", - деди ал.

Саммит документтерге кол коюу жана ЖМКга билдирүү жасоо менен аяктайт.

12:48 14.06.2019

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков саммит учурунда ШКУга мүчө өлкөлөргө кооптуулук жараткан экономикалык кылмыштар туурасында кеп кылды.

Ал 12 мамлекеттин жетекчилеринин алдында чыгып сүйлөдү. Ал экономикалык кылмыштуулук менен биргелешип күрөшүүнү сунуштады.

"Экономикалык кылмыштар адатта мамлекеттердин ортосунда болот. Бул баңгизаттарын соодалоого, контрабандага, арам акчаларды адалдоого байланышкан. Жыйынтыгында ал мамлекеттин коопсуздугуна коркунуч жаратат", — деди Жээнбеков.

12:36 14.06.2019

Азыркы тапта өтүп жаткан ШКУга мүчө жана байкоочу болгон мамлекеттердин жетекчилеринин кеңейтилген чөйрөдөгү отурумун Russia Today телеканалы түз алып берүүдө.

12:08 14.06.2019

ШКУга мүчө өлкөлөрдүн жетекчилери жана байкоочу макамдагы мамлекеттердин башчыларынын кеңири курамдагы отуруму башталды.

Учурда залдан 10 мамлекеттин президенттери жана эки мамлекеттин өкмөт башчылары орун алды. Анын соңунда биргелешкен бир нече документтерге кол коюлат.

ШКУга 8 мамлекет — Кыргызстан, Индия, Казакстан, Кытай, Пакистан, Россия, Тажикстан, Өзбекстан мүчө. Ал эми 4 өлкө — Афганистан, Белоруссия,  Иран жана  Монголия байкоочу статусунда.

12:06 14.06.2019

ШКУга мүчө өлкөлөрдүн жетекчилери жана байкоочу макамдагы мамлекеттердин башчылары жыйындар залына багыт алышты.

11:58 14.06.2019

Конгресс-холлго кезеги менен Афганистан, Белоруссия, Монголия жана Ирандын президенттери келди. Аларды Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков тосуп алды.

11:57 14.06.2019

Тар курамдагы жайын аяктады.

Саммитке келген конокторду президент Сооронбай Жээнбеков кабыл алып жатат.

Бириккен Улуттар Уюмунун башкы катчысынын орун басары Розмари Дикарло келди.

Ага удаа эле кезеги менен Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун башкы катчысынын орун басарынын милдетин аткаруучу Валерий Семериков, КМШнын Аткаруу комитетинин төрагасы Сергей Лебедев, ЕЭК коллегиясынын жетекчиси Тигран Саргсяндар келишти.

11:28 14.06.2019

Владимир Путиндин Бишкекте өтүп жаткан ШКУнун саммитине келген учурунун видеосу twitter тармагына жарыяланды. Аны интернетке Кремлевский пул РИА аккаунту чыгарды.

Путин Бишкекке ШКУга мүчө мамлекеттердин жетекчилеринин саммитине катышуу үчүн 13-июнда түшкө маал келип түшкөн. Россия лидерин эл аралык  "Манас" аэропортунан Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков тосуп алды. 

11:11 14.06.2019

Саммиттин башталышындагы сүрөткө түшкөн жана КРдин президенти Сооронбай Жээнбеков "Конгресс-Холлго" келген жетекчилерди тосуп алган ирмемдер. 

10:44 14.06.2019

Sputnik Кыргызстан кечээ дүйнөдөгү ири державалардын ортосунда отурган Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбековдун сүрөтүн жарыялаган.

13-майда кечинде, Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын катышуусу менен "Достук кербени" аттуу майрамдык гала-концерт коюлган. Иш-чара Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өттү.

Концерт эки саатка жакын убакытка созулуп, аны ШКУга мүчө мамлекет башчылары башынан аягына чейин көрүштү. Сүрөттөн Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков чет өлкөлүк кесиптештери Россия лидери Владимир Путин менен Кытай төрагасы Си Цзиньпиндин ортосунда отурганын көрүүгө болот.

Рабочий визит президента РФ В. Путина в Киргизию - Sputnik Кыргызстан
10:41 14.06.2019

ШКУга мүчө мамлекеттердин мамлекет башчыларынын тар курамдагы отуруму бүткөндөн соң, болжол менен саат 11:40та ШКУга байкоочу катары катышкан өлкөлөрдүн жетекчилери келет.

Саат 12ден тарта ШКУга мүчө мамлекеттердин президенттеринин кеңейтилген курамдагы жыйыны башталат.

10:28 14.06.2019

"Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында Шанхай кызматташтык уюмуна кирген өлкө лидерлеринин жолугушуусу башталды.

Ага чейин президенттер менен премьер-министрлер чогулуп сүрөткө түштү.  Алгач тар чөйрөдө уюмга мүчө сегиз өлкөнүн жетекчилери жолугушат. Андан соң кеңейтилген жыйынга байкоочу өлкөлөрдүн лидерлери дагы катышмакчы.

10:11 14.06.2019

Саммит өтчү жайга келген Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевди да Сооронбай Жээнбеков тосуп алды.

10:11 14.06.2019

Пакистандын премьер-министри Имран Хан келди. Ал ШКУ саммитине катыша турган эки өкмөт башчынын бири.

10:04 14.06.2019

"Конгресс-Холлго" алгач Индиянын премьер-министри Нарендра Моди келди. Аны президенти Сооронбай Жээнбеков тосуп алды. Артынан удаа эле Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин автоунаасы келди.

09:55 14.06.2019

ШКУнун Бишкектеги саммитин чагылдыруу үчүн жалпысынан чет элдик жана кыргызстандык 500дөн ашуун журналист катталган. Булардын ичинен 434ү чет элдиктер. Алар — Индия, Казакстан, Кытай,  Пакистан, Россия, Тажикстан, Өзбекстан, Афганистан, Белоруссия, Иран, Монголия, Япония жана Ирандан келишти.

Учурда резиденцияда кыргызстандык 94 журналист иштеп жатат.

09:47 14.06.2019

КРдин президентинин маалымат кызматы Бишкекке ШКУга мүчө мамлекеттердин башчылары менен байкоочу өлкөлөрдүн премьер-министрлери толугу менен келгендигин билдирди

09:37 14.06.2019

Sputnik Кыргызстан кечээ РФ лидери Владимир Путин менен КР президенти Сооронбай Жээнбековдун эл аралык "Манас" аэропортунан тосуп алган видеосун жарыялады. 

09:34 14.06.2019

Бүгүнкү ШКУ саммити өтүп жаткандыгына байланыштуу Бишкек менен Чүй облусундагы айрым көчөлөргө чектөөлөр киргизилери кабарланган. 

 

Работа ГУОБДД в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
ШКУ саммитине байланыштуу жабыла турган көчөлөр. Карта
09:25 14.06.2019

Кечээ түнү ШКУ жыйынына катышуучулардын ичинен акыркы болуп Иран лидери Хасан Рухани жана бүгүн, 14-июнда Тажикстандын президенти Эмамоли Рахмон келип түштү. 

Ирандын башчысын "Манас" аэропортунан КРдин премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев тосуп алды. 

 

 

Саммит ШОС в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
09:23 14.06.2019

Ушул тапта журналисттер мамлекеттик резиденциядагы "Эне-Сай" конок үйүндө. 

Саммит ШОС в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
09:17 14.06.2019

Бүгүн негизги жыйын мамлекеттик "Ала-Арча" резиденциясында өтөт. Аталган уюмга мүчө өлкөлөрдүн президенттеринин өз ара жолугушуулары болушу да күтүлүүдө.  Бүгүн саммиттин соңунда Кыргызстан ШКУ төрагалыгын Россия Федерациясына өткөрүп берет. 

Жаңылыктар түрмөгү
0