Бишкектеги ШКУ саммити: кол коюлган документтердин тизмеси

© Sputnik / Алексей Дружинин / Медиабанкка өтүүПрезидент РФ В. Путин принимает участие в заседании Совета глав государств – членов ШОС в Бишкеке
Президент РФ В. Путин принимает участие в заседании Совета глав государств – членов ШОС в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Саммиттин алкагында жалпы жонунан 21 документке кол коюлду.

БИШКЕК, 14-июн. — Sputnik. Бүгүн, 14-июнда өткөн Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйынтыгы боюнча Бишкек декларациясына кол коюлду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты.

Кол коюлган документтердин тизмеси:

— Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин 2018-2023-жылдарга карата баңгизатка каршы стратегиясынын аткарылышы боюнча программасын ишке ашыруу боюнча иш планын (2019-2020-ж.ж.) бекитүү жөнүндө чечим;

— Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин региондорунун башчыларынын форумунун регламентин бекитүү жөнүндө чечим;

Президент РФ В. Путин принимает участие в заседании Совета глав государств – членов ШОС в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
12 өлкөнүн лидерлери Кыргызстан үчүн эң маанилүү маселени көтөрдү
— ШКУга мүчө мамлекеттердин санариптештирүү жана маалыматтык-коммуникациялык технологиялар чөйрөсүндөгү кызматташтык концепциясын бекитүү жөнүндө чечим;

— Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин региондор ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү программасын бекитүү жөнүндө чечим;

— Шанхай кызматташтык уюмунун өткөн жылдагы ишмердүүлүгү тууралуу Шанхай кызматташтык уюмунун башкы катчысынын докладын бекитүү жөнүндө чечим;

— Шанхай кызматташтык уюмунун регионалдык антитеррористтик түзүмүнүн кеңешинин Шанхай кызматташтык уюмунун регионалдык антитеррористтик түзүмүнүн 2018-жылдагы ишмердүүлүгү тууралуу баяндамасын бекитүү жөнүндө чечим;

— Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин 2019-2021-жылдар мезгилинде айлана-чөйрөнү коргоо жаатында кызматташуу концепциясын ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планын бекитүү жөнүндө чечим;

— Шанхай кызматташтык уюмунун катчылыгы менен Бириккен Улуттар Уюмунун гуманитардык маселелерди координациялоо боюнча Башкармалыгынын ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюу тууралуу чечим;

— Шанхай кызматташтык уюмунун катчылыгы менен дүйнөлүк туристтик уюмунун ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндөгү меморандумга кол коюу тууралуу чечим;

— Шанхай кызматташтык уюмунун катчылыгы менен "Астана" эл ортосундагы финансы борборунун өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюу тууралуу чечим;

— Шанхай кызматташтык уюму менен Бириккен Улуттар Уюмунун Тамак-аш жана айыл чарба уюмунун ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюу тууралуу чечими;

— Шанхай кызматташтык уюмунун катчылыгы менен Бириккен Улуттар Уюмунун Европа экономикалык комиссиясынын ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюу тууралуу чечим;

— "ШКУ-Афганистан" байланыш тобунун мындан аркы иш-аракеттеринин Жол картасына кол коюу жөнүндө чечим;

— Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин жыйынынын жыйынтыктары боюнча маалымат билдирүү (кол коюусуз кабыл алынат).

Ошондой эле ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин жыйынынын алкагында аталган уюмга мүчө өлкөлөрдүн мамлекеттик органдары тарабынан кол коюлган документтер:

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Токаев: Кыргызстан ШКУ саммитине мыкты төрагалык кылууда
— Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөттөрү ортосундагы жалпыга маалымдоо каражаттары чөйрөсүндөгү кызматташтык жөнүндө келишим;

— Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин ыйгарым укуктуу органдары ортосундагы дене тарбия жана спорт жаатындагы кызматташтык жөнүндө келишим;

— Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин 2019-2021-жылдарга саламаттык сактоо жаатындагы кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча негизги чаралар планы;

— Шанхай кызматташтык уюмунун Катчылыгы жана дүйнөлүк туристтик уюм ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;

— Шанхай кызматташтык уюмунун катчылыгы жана Бириккен Улуттар уюму Башкармалыгы ортосундагы гуманитардык маселелерди координациялоо боюнча өз-ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;

— Шанхай кызматташтык уюмунун катчылыгы жана "Астана" эл аралык финансылык борбору ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;

— "ШКУ-Афганистан" байланыш тобунун мындан аркы иш аракеттеринин жол картасы.

Жаңылыктар түрмөгү
0