БИШКЕК, 12-июн. — Sputnik. Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө өлкөлөр башчыларынын саммитине байланыштуу Бишкек менен Чүй облусундагы айрым көчөлөргө чектөөлөр киргизилет. Бул тууралуу ЖКККББнын маалымат кызматынан кабарлашты.
12-июндан 14-июнга чейин делегация төмөнкү көчөлөр менен бара жатканда кыймылга чектөө киргизилет:
- "Манас" аэропортунан Фучик көчөсү менен Жибек Жолу проспектисине чейин;
- Жибек Жолу проспектисинен Жаш Гвардия бульварына чейин;
- Жаш Гвардия проспектисинен Чүй проспектисине чейин;
- Чүй проспектисинен Манас проспектисине чейин;
- Манас/Айтматов проспектилери менен "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясына чейин.
ЖКККББ айдоочуларды түшүнүү менен мамиле жасап, жолдо жүрүү маданиятын сактоого чакырат.