УКМК Шадиевдин качышына экс-башкы прокурор Жолдубаеваны айыптады

Жазылуу
УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы Аскарбек Шадиевге карата дагы бир кылмыш иши козголушу ыктымалдыгын кыйытты.

БИШКЕК, 14-фев. — Sputnik. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Идрис Кадыркулов мурдагы депутат Аскарбек Шадиев тууралуу материалдарды Башкы прокуратурага убагында бергенин, алар материалдарды бир ай кармап жатып алгандыктан Шадиев Кыргызстандан качып кетүүгө үлгүргөнүн билдирди. Ал мындай пикирин Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында айтты.

Депутат Рыскелди Момбеков Аскарбек Шадиевди качырып жиберген тергөөчүлөрдүн аракетинде кылмыш белгилери барбы деп суроо салды.

"УКМК органдары 28-мартта (2018-жылы — ред.) материалдарды Башкы прокуратурага өткөрүп берген. Ал кезде башкы прокурордун кызматын башка киши ээлеп турган. Мыйзам боюнча депутатка кылмыш ишти бир гана башкы прокурор козгой алат. Ошол кезде кылмыш иши жок болгондуктан биз эч кандай чара көрө албайт болчубуз. Башкы прокурор (Индира Жолдубаева — ред.) кызматтан кеткенден кийин 28-апрелде иш козголгон. Ага чейин ал киши (Аскарбек Шадиев — ред.) чет мамлекетке чыгып кеткен. Бир ай иш козголбой, материалдар Башкы прокуратурада жаткан. Тергөөчү эмес, опер кызматкерлери да эч нерсе кыла алышкан жок", — деди Кадыркулов.

Бывший первый вице-премьер Аскарбек Шадиев - Sputnik Кыргызстан
Дамир Сагынбаев Шадиевдин 2 млрд. сомдук мүлкү кайда экенин айтты
УКМКнын төрагасы ошондой эле Аскарбек Шадиев 27-апрелде Лейлекке тууганынын зыйнатына барганын айтты. Шадиевди качып кетти деген ыкчам маалыматтар болгонуна карабай, ошол учурда ал көзөмөл өткөрүү пункттарынан өткөн эмес.

"Бир туугандары, өзгөчө келинчеги дарыланып жатат деп айтты. Биз далили жок маалыматты айта алган жокпуз. Шадиев 30-апрелде Тажикстандан дипломатиялык паспорт менен Москвага учуп кеткени боюнча маалымат алдык", — деди УКМКнын башчысы.

Ал эми УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын жетекчиси Сагынбек Исмаилов эгерде Башкы прокуратура алар жөнөткөн материалдар боюнча учурунда чара көргөндө Шадиев Кыргызстандан эч жакка чыга алмак эместигин баса белгиледи.

"Биз биринчи жөнөткөн материалдар боюнча Башкы прокуратура иш козгоп бергенде Шадиев эч жакка качмак эмес. 20 күндөн ашык мезгилди Шадиев пайдаланып качып кетти. Мал-мүлкүн башка кишилерге каттатканга да жетишти. Ошол ишти азыр алып барып жатабыз, айрым объектилерди кайтарып да жатабыз. Кудай буюрса, бизде дагы бир иш бар, ошол ишке байлап туруп конфискацияга алабыз", — деди Исмаилов.

Белгилей кетсек, учурда экс-депутат издөөгө алынган. УКМК Шадиевдин жана анын жакын туугандарынын банктардагы эсебин, Кыргызстандын аймагындагы кыймылсыз жана кыймылдуу мүлкүн камакка алган. Мунун баары ага карата козголгон кылмыш ишинин негизинде жасалууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0