Президентикке талапкер болом деген төрт саясатчы жөнүндө 25 факты

© Sputnik / Табылды КадырбековМероприятия, посвященные седьмой годовщине Апрельской революции 2010 года в Бишкеке
Мероприятия, посвященные седьмой годовщине Апрельской революции 2010 года в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жакында өлкөнүн учурдагы премьер-министри Сооронбай Жээнбековду бийликте турган Кыргызстан социал-демократтар партиясынын саясий кеңеши президенттикке талапкер катары сунуштады. Мындан улам Sputnik Кыргызстан мамлекетти башкаруу вазипайсын өзүмө алам деп талапкерликке талпынгандар туурасында бир нече фактыларды окурмандарга сунуштоону эп көрдү.

Темир Сариев жөнүндө 6 факты. Корккону – үмүтсүз адам

"Ак шумкар" партиясы алгачкылардан болуп 4-февралда Темир Сариевди президенттикке көрсөтүү чечимин кабыл алды.

Эр ортону элүүдө. Бир уулу, бир кызы бар. Чүй облусундагы Сокулук районунун Төш-Булак айылында туулган.

Спорттон башталган кадам. 1970-жылдан тарта Фрунзе шаарындагы (азыркы Бишкек) Крупская атындагы спорттук интернаттан билим алган. 2-класстан баштап эркин күрөш менен машыгып, Казакстан, Өзбекстанга чейин барып, мелдештерге катышып жүргөн.

Усубалиев болгусу келген Сариев. Мектептеги биринчи мугалими Аскан Масадыкова "чачын суулап тарап, эртең менен эрте туруп алган баланын" "чоңойгондо Усубалиев болом" деген балалык кыялдарын эстеген жайы бар.

Кичинекей актер. Бала кезинде, 1972-жылы, 3-класста Чыңгыз Айтматовдун "Атадан калган туяк" чыгармасы боюнча тартылган телефильмде кичинекей Авланбектин ролун ойногон. Кийинчерээк, ал учурдагы бир топ эле чоң акча — 182 сом калем акы алыптыр.

Голосование на выборах в местные кенеши и референдум в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Президенттик шайлоонун куну менен күнү: кызыл чеке кылган сунуштар
Байма-бай митингдер менен үн бүткөн учурлар. Сариев Аскар Акаевди президенттиктен оодарып түшкөн — "жоогазын ыңкылабынын" активдүү катышуучуларынын бири. Кийин Курманбек Бакиевдин бийлиги учурунда 2006-жылдары "Реформалар үчүн" оппозициялык кыймылы байма-бай өткөргөн митингдерде көп жүргөн. Ар кандай абалдар түзүлүп, трибунадагы саясатчылар сээлдеп, сербейген караандардын арасында Сариев сөзсүз кала турган. Эл алдында төгүлүп-чачыла кыйкырып сүйлөп жатып, үнү бүтүп калган учурлар ошол кезде митингди чагылдырган журналисттердин эсинде. Ал сөздөрдүн бири "Э-ээл!" деген кайрылуу эле…

ЕАЭБдеги Сариевдин эмгеги. Экономика министри жана өкмөт башчы болуп турганда Кыргызстандын Евразиялык экономикалык биримдикке кирүүсү боюнча иш алып барды. Алардын ичинен түйшүгү оор милдет ага 2015-жылдын жай айларында тагылды. Бул ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн Кыргызстандын кириши боюнча ратификациясы эле…

Тооп кылганы жана корккону. Журналисттерге маек берип жатып, "эч кимди кумир тутпайм, ал эми үмүтү үзүлгөн адамдан корком", — деп айтканы бар экен.

Бакыт Төрөбаев жөнүндө 7 факты. Сууну товар кылып, акча төлөтөбүз!

© Sputnik / Табылды КадырбековБакыт Төрөбаев
Депутат Жогорку Кенеша Бакыт Торобаев - Sputnik Кыргызстан
Бакыт Төрөбаев
Президентикке талапкер болом деп чыккандардын экинчиси Бакыт Төрөбаев болду. "Өнүгүү — Прогресс" партиясы 10-февралда аны президенттикке көрсөтүү чечимин кабыл алды.

Кырктын кырында. 44 жашта, 1973-жылы 5-апрелде Жалал-Абад шаарында төрөлгөн. Үй-бүлөлүү, беш баланын атасы. Депутаттыкка чейин негизги ишмердүүлүгү ун чыгаруу тармагында болгон.

Атасы — Эргеш Төрөбаев, КМШнын эмгек сиңирген энергетиги, Жогорку Кеңештин бир нече чакырылышынын депутаты, "Ошэлектр" ишканасынын мурунку башкы директору.

1995-жыл жана директорлук. Бакыт Төрөбаев эмгек жолун жетекчилик кызматтан баштаган. 1995-жылы жеке компаниясынын директору болсо,1998-1999-жылдары "Азия-Сузак" дыйкан чарбасына төрагалык кылган. 2007-жылга чейин Жалал-Абаддагы ун өндүрүүчү комбинаттын жетекчиси болгон.

Мужчина с громкоговорителем. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
БШК үгүт ишин эмитен баштаган талапкерлерге эскертүү берди
Министрлик кресло. 2009-2010-жылдары Өзгөчө кырдаалдар министри болуп иштеген.

Депутаттык жана вице-спикерлик. Парламенттин үч жолку чакырылышынын депутаты. 2010-жылы "Республика" партиясынан келип, андан соң вице-спикер болгон. 2013-жылдын мартынан баштап "Өнүгүү-Прогресс" депутаттык тобун жетектеген. 2015-жылы өзүнүн "Өнүгүү-Прогресс" партиясы менен Жогорку Кеңештин VI чакырылышына депутат болуп келди.

Экс-мэр менен саясий оту күйүшпөй… 2013-жылдын соңунда "Өнүгүү-Прогресс" менен Оштун экс-мэри Мелис Мырзакматовдун "Улуттар Биримдиги" бириккен. Бирок Мырзакматовго карата козголгон кылмыш иштен кийин эки партия "ажырашкан".

Кыргыз суусунан акча жасайбыз! Төрөбаев парламенттик шайлоо өнөктүгүндө кыргыз суусун товар кылууну убадалап, ага чет өлкөлөр акча төлөгүдөй кыларын айткан. Муну менен бирге суу 10 жылдан кийин курал менен коргой турган баалуу ресурска айланарын божомолдогон.

Төрөбаев басым жасаган МТС. Дыйкан-фермерлердин айыл чарба техникасын ижарага алуусун камсыздаган машина-трактор станцияларынын тармагын түзүүнү демилгелеп келет

Бабанов жөнүндө 6 факты. Аргымак, Facebook жана акча

Элүүгө эки жыл калыптыр, тагыраагы 48 жашта. Кара-Буура районунда жарыкка келген. Төрт баланын атасы.

Жогорку Кеңештеги "Республика — Ата Журт" фракциясы Өмүрбек Бабановдун талапкерлигин президенттикке көрсөтүү сунушун колдоого алды.

Атасы — Токтогул Бабанов "Россия" атындагы миллионер-колхоздо 20 жыл башкарма болуп иштеген. СССР Жогорку Кеңешине депутат болгон, бир нече ирет Кыргыз ССРинин депутаттыгына шайланган.

Алгачкы тапкан акчасы. Маектеринин биринде биринчи акчасын 7-класста тапканын айтканы бар. Тамеки тизип 40 сом, кой кыркып 20 сом, кырманда жүрүп 15 сом тааптыр.

Экс-глава ЦИК Акылбек Сариев - Sputnik Кыргызстан
Радио
Сариев: президенттик шайлоого күрөөнүн көлөмүн көтөрүү туура эмес
Азыркы байлыгы туурасында. Бабановдун өткөн жылкы кирешесин 10 миллион 902 миң 793 сом болгонун декларациясында көрсөткөн. Анда негизги мүлкү катары 324 чарчы метрлик үйү жана 91,7 метрлик батири жазылган. Ал эми жакындарына Toyota Land Cruiser Prado жана Toyota Land Cruiser-200 жолтандабастары жазылган.

Жакшы көргөн жаныбары – жылкы. Өзүнүн айтуусуна караганда, учурда колунда 20га жакын тандалган аргымак бар. "Албетте, аттарыма көбүрөөк көңүл бургум келет, бирок ага убакыт азыраак" дейт саясатчы.

Кызматтан шыпырган Islander One аргымагы. Бабановдун премьерликтен 2012-жылы жылкы баласына байланыштуу маселе алып түшкөн. "Ата Мекен" фракциясынын депутаты Өмүрбек Текебаев премьер-министр Бабановду түрк ишкерден кымбат баалуу аргымакты парага алган деп айыптаган. Эл өкүлү асыл тукумдуу жылкынын баасы 500 миң доллардын 1,5 миллион долларга чейин турарын айтса, Бабановдун маалымат кызматы жылкыны өкмөт башчы 20 миң долларга эле сатып алганын билдирген болчу. Аягында ЖКдагы көпчүлүк коалициядан "Ата Мекен" менен "Ар-Намыс" фракциялары чыгып, Бабанов башында турган өкмөт автоматтык түрдө отставкага кеткен. Кызыгы, Бабанов алмашып, ал эми өкмөттүн курамы өзгөрүүгө дээрлик учураган эмес.

Бабанов жана Facebook. Өмүрбек Бабанов социалдык тармагын кыргызстандыктардын ичинен биринчилерден болуп расмийлештирди. Аталган тармактагы башка белгилүү кыргызстандыктардын аккаунтунан айырмаланып, верификация болду деп белгиленип турат.

Сооронбай Жээнбеков жөнүндө 6 факты. "Ойдо жок жерден тийген тизгин"

17-майда КСДПнын саясий кеңеши өкмөт башчы Сооронбай Жээнбековду президенттикке талапкер катары сунуштады.

Алтымыштын кырына жакындаганда. 59 жашта, бир кыз, бир уулу бар. Ош облусунун Тельман аймагында туулган. Балдары, үй-бүлөсүн эл көзүнө алып чыгууну каалабайт.

Президенттин эң ишенимдүү адамы. Азыркы президент Алмаз Атамбаевге жакын, ага берилген жана ишенимдүү адамдарынын бири катары айтылып келет.

Выборы президента Киргизии - Sputnik Кыргызстан
Талапкерликтен инаугурацияга чейин. Президенттик шайлоонун календары
Апрель революциясы… анын жашоосунда. Премьер жана анын бир туугандары 7-апрелдеги революцияда Ош тараптан өмүрүн, саясий карьерасын тобокелге салып, тикесинен тик туруп беришкени айтылып келет.

Ошту беш жыл башкарган. Мамлекеттик жооптуу кызматта узак отурган мезгили — Ош облусунун губернаторлугу, азыркыча айтканда, өкмөттүн Ош облусу боюнча өкүлчүлүгү. Бул беш жыл ичиндеги жетекчилик ишмердүүлүгү коомчулукта ар кыл бааланып жүрөт.

Идеал туткан адамы — Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин жана Коммунисттер партиясынын борбордук комитетинин төрагасы Абсамат Масалиев.

Түшкө кирбеген премьерлик. Көп сөздүү эмес. Бирок парламентте кыргыз коомчулугунун эсинде өкмөт башчылык кызмат туурасында айтканы калган. Жогорку Кеңеште депутаттар талапкерлигин карап жатканда "премьер болуу менин түшүмө да кирген эмес" деп айтканы бар.

Журналисттерден четтеген премьер. Өкмөт башчылык кызматка келгени жалпыга маалымдоо каражаттарына чечиле отуруп маек бере элек. Аны жакшы билгендердин айтымында, журналисттерден оолак болгонду туура көрөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0