БИШКЕК, 4-фев. — Sputnik. "Ак шумкар" партиясы Темир Сариевди президенттикке көрсөтүү чечимин кабыл алды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине саясатчынын маалымат катчысы Назира Ахмедова билдирди.
Анын айтымында бүгүн, 4-февралда партиянын жыйыны өтүп, анда Сариевдин талапкерлигин көрсөтүү маселеси каралды. Жыйынга партия мүчөлөрүнөн сырткары коомдук ишмерлер, саясатчылар катышкан.
Эске сала кетсек, Темир Сариев буга чейин премьер-министр болуп иштеген.