БИШКЕК, 10-фев. — Sputnik. "Өнүгүү — Прогресс" партиясы Бакыт Төрөбаевди президенттикке көрсөтүү чечимин кабыл алды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине аталган партиянын маалымат катчысы Наргиза Мансурова билдирди.
Анын айтымында бүгүн, 10-февралда, партиянын жыйыны өтүп, анда Төрөбаевдин талапкерлигин көрсөтүү чечими кабыл алынган.
Эске сала кетсек, Бакыт Төрөбаев буга чейин Өзгөчө кырдаалдар министри болуп иштеген. Учурда Жогорку Кеңештеги "Өнүгүү — Прогресс" фракциясынын лидери.