Үйдүн эң арзаны кайда сатылат? Кыргызстандыктар үчүн рейтинг

Жазылуу
Өлкөдө чарчы метри үч миң сомдон ашпаган райондор бар. Мисалы, Талас облусундагы Манас районунан эки бөлмөлүү батирди эски унаанын баасына — 2 миң долларга сатып алса болот.

Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчылары Кыргызстандын кайсы жеринде эң арзан жана эң кымбат кыймылсыз мүлк сатыларын Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Кадастр жана кыймылсыз мүлккө карата укуктарды каттоо департаментинин акыркы жылдагы маалыматтарын изилдөө менен аныктады.

Күтүлгөндөй эле эң кымбат батирлер Бишкекте болуп чыкты. Мында батирдин чарчы метри орточо эсеп менен 52 миң сомду түзөт. Тагыраагы, 105-сериядагы эки бөлмөлүү батир болжол менен 37 миң доллар турат.

"Күмүш" медаль Чүй облусундагы Аламүдүн районуна берилди. Мында батирдин чарчы метри 33,7 миң сомду түзөт (эки бөлмөлүү батир болжол менен 24 миң доллар турат).

Үчүнчү орунда Ош шаары. Анда батирдин чарчы метри 32 миң сомго бааланат. Мисалы, 105-сериядагы эки бөлмөлүү батирди болжол менен 23 миң долларга алса болот.

Калькулятордо турган оюнчук үй. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте кандай батирлер арзандады? Кыймылсыз мүлк рыногуна саресеп
Ал эми эң арзан баалар Талас облусундагы Казакстан менен чектешкен Манас районунда экени белгилүү болду. Анда батирдин чарчы метри 2,7 миң сом эле (эки бөлмөлүү батир болжол менен 2 миң доллар).

Талас районунда баалар бир аз кымбатыраак — чарчы метри 3,3 миң сом. Демек, эки бөлмөлүү батирди 2,4 миң долларга алса болот.

Эң кымбат жер үйлөр дагы Бишкекте жайгашкан. Борбор калаада тамдын чарчы метри 51 миң сомго бааланат. Эгер 100 чарчы метрлик үй ала турган болсоңуз, 73 миң доллар керек болот.

Экинчи орунда Ош шаары. Анда үйлөр 40 пайызга арзаныраак. 100 чарчы метрлик начар абалдагы үйдү 44 миң долларга алса болот.

Чүй облусуна караштуу Аламүдүн районундагы үйлөрдүн чарчы метри 28,4 миң сомдон айланат. Бир үйдү 40,6 миң долларга алса болот.

Эң арзан үйлөр Ош облусундагы Кытай менен чектешкен Алай районунда. Анда үйдүн чарчы метри 1949 сом. Демек, 100 чарчы метрлик үйдү 2,8 миң долларга алууга мүмкүн.

Жетекчиңиз сизге кандай жөлөк пулдарды төлөшү керектигин дагы билип алыңыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0