Кандуу июнь. Өткөн айда өмүр жалмаган жол кырсыктары

© Фото / Зульфия ТургуноваКол кырсыгынан жабыркаган автоунаа. Архив
Кол кырсыгынан жабыркаган автоунаа. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мотоцикл айдоочусу, рулда уктап кеткен үй бүлө башчысы, бала бакчанын ашпозчусу, дагы башка 16 адам июнь айында жол кырсыгынан көз жумган.

БИШКЕК, 1-июл. — Sputnik. Жыл башынан бери Кыргызстанда жол кырсыгынан 265 адам набыт болду. Эсепке ылайык, эки күн сайын үчтөн адам көз жумган.

Июнь айында бала бакчанын ашпозчусу, милиция кызматкери, КамАЗдын ыргып кеткен дөңгөлөгүнөн көз жумган өспүрүм… Каза болгондордун көптүгү төбө чачты тик тургузат.

Sputnik Кыргызстан өткөн айда болгон ири жол кырсыктарын тизмектеди.

Мотоциклдин айдоочусу

4 июнь күнү айланма жол менен бара жаткан мотоциклчен киши башкарууну жоготуп, Ford Focus унаасын кагып алган. Катуу соккудан мотоциклдин айдоочусу каршы тилкеге ыргып кетип, аны Mercedes унаасы коюп кеткен. Ошентип кырсыктан мотоциклдин айдоочусу менен жүргүнчүсү каза болгон.

Жумушка баратып кырсыктаган ашпозчу

Микроавтобус влетел на остановку в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте жүргүнчүлөр маршруткасы аялдаманы сүзүп токтоду. Күбөнүн видеосу
7-июнь күнү Ошто 53 жаштагы аял жөө адамдар өтө турган жол чийинден өтүп баратканда жеңил унаа коюп кеткен. Катуу соккудан улам ал аркы тилкедеги жолго ыргып, ошол жерден көз жумган.

Маркум бала бакчада ашпозчу болуп эмгектенген. Ал эртең менен жумушуна бараткан болчу.

Атасы рулда уктап кеткен

Оштогу кырсыктан эки күн өткөн соң, 9-июнда Таласта Audi үлгүсүндөгү унаа жол кырсыгына кабылган. Анын кесепетинен 62 жаштагы айдоочу көз жумуп, 14 жаштагы кызы аман калган.

4 жашар кызды коюп кетип, из жашырган

10-июнь күнү Бишкекте унаа төрт жашар кызды коюп кетип, из жашырган. Жабыркаган кыздын баш мээси чайкалып, ооруканага жаткырылган. Көп өтпөй унаанын айдоочусу катары 17 жаштагы бала кармалган. Ал атасынын унаасын шаар айлануу үчүн айдап чыкканын айткан.

Gelenvagen айдаган бүтүрүүчүлөр

Эстеликтеги гвоздика гүлү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Чолпон-Атада каза болгон милиционердин артында төрт баласы калды
24-июнда Ош шаарындагы мектептердин бирин аяктап жаткан эки окуучу аттестат алган соң Gelenvagen унаасын ижарага алып, Кара-Сууга жөнөшкөн. Рулда отурган 17 жаштагы өспүрүм унааны башкара албай, оодарылып кеткен.

Кырсыктын кесепетинен айдоочу менен 16 жаштагы жүргүнчү бала оор жаракат алган.

Жол жээгинде турган бала

27-июнь күнү Кара-Суу шаарында КамАЗдын дөңгөлөгү ыргып кетип, жол четинде турган балага тийген. Катуу соккудан улам жаракат алган бала ооруканага жетпей көз жумган. Ал эми 35 жаштагы айдоочу ошол жерден кармалган. 

Күзөттө турган милиция

28-июнь күнү Чолпон-Ата шаарында болгон ири жол кырсыгы көпчүлүктүн төбө чачын тик тургузду. Анда Subaru Forester унаасы күзөттө турган Кайгуул милициясынын унаасын катуу сүзүп алган. Окуядан бир милиционер оор жаракат алып, ооруканада көз жумган. Анын артында төрт баласы калды. 

Жаңылыктар түрмөгү
0