Кара-Суу: КамАЗдын ыргып кеткен дөңгөлөгү четте турган 8 жашар баланын өмүрүн алды

© Sputnik / Константин Чалабов / Медиабанкка өтүүРабота шиномонтажной мастерской в Великом Новгороде
Работа шиномонтажной мастерской в Великом Новгороде - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сегиз жаштагы бала ооруканага бараткан жолдо көз жумган

БИШКЕК, 28-июн. — Sputnik. Кара-Суу районунда КамАЗдын чыгып кеткен дөңгөлөгү жолдун четинде турган балага тийип, ал каза болуп калганын Ош ОИИБ билдирди.

Кырсык 27-июнь күнү болжол менен 16.00дөр чамасында болгон.

"КамАЗ өз жолу менен бараткан. Кокустан дөңгөлөгү ыргып кетип четте турган балага тийген. Катуу жабыркаган тестиер ооруканага бараткан жолдон көз жумду", — деп айтылат маалыматта.

Аталган факт боюнча тийиштүү экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары башталды.

Жаңылыктар түрмөгү
0