БИШКЕК, 28-июн. — Sputnik. Кара-Суу районунда КамАЗдын чыгып кеткен дөңгөлөгү жолдун четинде турган балага тийип, ал каза болуп калганын Ош ОИИБ билдирди.
Кырсык 27-июнь күнү болжол менен 16.00дөр чамасында болгон.
"КамАЗ өз жолу менен бараткан. Кокустан дөңгөлөгү ыргып кетип четте турган балага тийген. Катуу жабыркаган тестиер ооруканага бараткан жолдон көз жумду", — деп айтылат маалыматта.
Аталган факт боюнча тийиштүү экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары башталды.