Чыңгыз Айтматов "Манас-Атанын ак кар, көк музу" аттуу чыгармасында өмүр жолунун Шекерде өткөн кертиминде ким менен жакын болсо, кимден кандай таасир алса, ошолорду бир-бирден сапка тизип, акырындап жазып чыгат. Борбордо Чыңгыз-бала турат да, калган адамдар ага кызмат кылып, анын айланасында өз-өз туруш-турпаты менен бир-бирден чыга келет.
Бүгүн жазуучунун башынан өткөн окуяларын баяндаган жана кийинкилерге сабак болсун үчүн жазган "Манас-Атанын ак кар, көк музу" деген чыгармасы тууралуу 8 фактыны сунуштайбыз.
"Манас Атанын…" басылышы. Айтматовду эки басылма тең аябай шаштырып туруп алат, очеркти доолай башташат, себеби 30 жылдык босогого келип калган. Аргасыздан катуу иштейт. Биринчи жолу кыргызчасы 1975-жылдагы "Кыргызстан маданияты" газетасынын 1-майдагы санына эки бет болуп чыгат. Орусчасы "Огонёк" журналынын №19 санына "Снега Манас-Ата" деген ат менен басылат. Кыргызча текстин кийин Улуу Жеңиштин 35 жылдыгына карата "Советтик Кыргызстан" газетасы 1980-жылдын 27, 28, 30-апрелдеги сандарына дагы басат.
Тандырдан чыгары менен сыйлык алып келген чыгарма. "Огонёк" 1975-жылдагы эң мыкты авторлордун бири катары жазуучуга ушул очерки үчүн журналдын сыйлыгын тапшырат.
"Манас-Атанын…" Айтматовдун чыгармачылыгындагы уникалдуулугу. Айтматовдун аалам кезген чыгармалары негизинен көркөм аңгемелер, көркөм повесттер, көркөм романдар болсо, жападан жалгыз ушул чыгармасы очерк, б.а., документалдык, мемуардык, анан калса, автобиографиялык чыгарма, анда тарыхта болгон реалдуу каармандарга мүнөздөмө берилет жана чыныгы болгон окуялар тууралуу айтылат.
Чыгармада аты аталган жана мүнөздөмө берилген кишилер. Очеркти окуп жатып Шекер орто мектебинин көп жыл директору болуп жүргөн Сейдали Бекмамбетов, мугалим Байысбек Момбеков, жазуучунун бир тууган иниси Илгиз, кара таман томаяк Ыбрайым, айыл кеңешинин төрагасы Кабылбек Турдубаев, колхоз башкармасы Алишер Айдаров, айылдык советтин секретары Калый Нукеев, согуштан эрин күтүп зарлап жүргөн Асия Дубанаева, Чыңгыздын классташтары: Байтик, Тайырбек, Сатар, Анатай, Султанмурат, ырчы, майдангер Мырзабай Үкүев, алгачкы комбайнчы, коммунист Тойлубай Усубалиев ж.б. тарыхый инсандар менен кездешебиз. Жазуучу алардын ар биринин мүнөз-куюн, жүрүш-турушун майда штрихтер менен көрсөтүп, ошолордун баары биригип Шекерде туруп улуу жеңишке салым кошту деген идеяны айтат.
Финалдын пафосу. Очеркчи чыгарманы көтөрүңкү рух, эскерүүдөн чыккан жыйынтык жана батакөйлүк менен мындай аяктайт: "Чоң жолдо Манас-Атанын ак кар, көк музун тиктеп бара жатып ойго келгендер ушулар болду.
Түбөлүк тур, касиеттүү Манас-Ата!"
Бул, албетте, өз өмүрүндө кимдир бирөөлөр тууралуу жакшы сөз айтып коёмун деп жүрүп, бирок анын сааты чыкпай, эми гана оңу келип, ошол парызын аткарган адамдын канааттануусу эле.