Улуттук адабиятыбызда өчпөс из калтырган Кыргыз эл жазуучусу Зуура Сооронбаева 2012-жылы 88 жашында дүйнө салган. Артында татаал тагдыр жана ыйык махабаттарды сүрөттөгөн чыгармалары түбөлүккө калды. Sputnik Кыргызстан агенттиги окурмандарга чыгаан калемгер тууралуу кызыктуу фактыларды сунуштайт.
Гезитте курчуган калем. Зуура Сооронбаева 1924-жылы 15-августта Ысык-Көл облусундагы Ак-Суу районуна караштуу Жолголот айылында карапайым дыйкандын үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келген. Болочоктогу жазуучу 1940-жылы мектепти аяктагандан кийин облустук "Ысык-Көл правдасы" гезитинде алгач текст терүүчү, андан соң котормочу, кабарчы болуп иштей баштайт. Калемгер үчүн гезит — жогорку окуу жайдын ордун ээлеп, жазуучулукка тарбиялайт. Зуура Сооронбаева журналисттик кесипти элге аты таанылган кезинде да таштабай, маал-маалы менен гезиттерде калемин курчутуп турган.
Зоболосун көтөргөн "Астра гүлү". Зуура Сооронбаеванын "Менин айылым" аттуу алгачкы ырлар жыйнагы 1960-жылы эл сынына коюлат. 1966-жылы чыккан "Достук" жыйнагына ырлары менен кошо "Достук" жана "Асыранды уул" поэмалары да кирет. Көп кырдуу таланттын ээси болгон акын ыр жазуу менен гана чектелип калбастан, кара сөз жаатында да өзүн сынап көрүүнү чечет. Алгач акындын мындай демилгесин адабият өкүлдөрү суз кабыл алышат. Алгачкы прозалык чыгармасы болгон "Астра гүлү" 1971-жылы жарыкка чыгат. Повесть болуп көрбөгөндөй ийгиликке жетишип, ошол кездеги эң көп окулган чыгармалардын бири болот. Ал гана эмес 1979-жылы "Осенние цветы" атында орус тилинде да окурмандарга тартууланат. Зуура Сооронбаева өзү да бир нече жолу бул чыгарманын жазуучу катары зоболосун бийиктикке көтөргөндүгүн айткан.
Таланттуу драматург. 1970-жылдары "Жетимдер", "Андрей", "Ак чач аял" чыгармаларын жазат. 1980-жылдар да Зуура Сооронбаева үчүн жемиштүү өтөт. Бул жылдары "Тоолор билет" жана балдарга арналган "Эс алчы, апа" жыйнактары, "Ленинграддан келген кат" (1989) повести жарыкка чыгат. Анын чыгармалары карапайым адамдарга тааныш жашоону чагылдыргандыгы менен өзүнө тартат. Талантын чектөөнү жактырбаган жазуучу өзүн драматург катары да сынап көрөт. "Эркек колукту", "Байлык жана махабат" пьесалары кыргызстандык көрүүчүлөрдүн назарына сунулса, "Сынган мазар" Казакстан жана Россиянын сахналарында коюлат.
Эл суранган "Чоочун киши". Зуура Сооронбаеванын эң мыкты чыгармаларынын бири катары эсептелинген "Чоочун киши" романы 1988-жылы басмадан чыгат. Бир үй-бүлөдөгү эркек менен аялдын жүрөктү өйүткөн мамилесин кылдаттык менен түшүндүргөн чыгарма жазуучуга экинчи жолу олуттуу ийгилик алып келип, эл сүймөнчүгүнө айланат. Ал гана эмес, көпчүлүктүн суранычы менен романдын уландысы 2002-жылы жарык көрүп, азыркы күндө да актуалдуулугун жогото элек.
Армандуу сүйүү. Жазуучунун чыгармаларындагы оош-кыйыштуу жашоо, аянычтуу тагдырлардын көпчүлүгү чыныгы турмуштан алынган. Зуура Сооронбаевда да өз каармандары сыяктуу армандуу сүйүүнү башынан өткөргөн. Өмүрүнүн аягына чейин бир гана адамды сүйүп, бирок чыныгы махабатына эч качан жеткен эмес. Негизи эле табиятынан сулуу Сооронбаевага ашык болуп, колун сурагандар көп болгон. Бирок анын жүрөгүн Шарип аттуу жигит ээлеп, эки жашты бири-бирине күчтүү сезимдер арбаган. Тилекке каршы, каардуу согуш башталып Шарип элин-жерин коргогону фронтко аттанган. Ошентип эки жаштын түбөлүккө бирге болуу тилеги орундалбай калат. Андан соң жазуучу эки жолу түтүн булатып, бирок эңсеген бакытына жете алган эмес. Жалгыз сүйүүсү болгон Шарипке өмүрүнүн акыркы жылдары гана жолуга алган. Сооронбаева жашоосунун баарын жалгыз уулуна жана небере-чөбөрөлөрүнө арнаган.