Бүгүн жазуучунун философиялык-этикалык бийик ой жүгүртүүсү менен жазылган "Кыямат" романы тууралуу 13 фактыны сунуштайбыз.
1. Чыңгыз Айтматов "Кыямат" романында татаал сюжеттик түзүлүштү карманып, композициясын чаташтырып, деги эле бирине-бири кайнаса каны кошулбаган ар кыл доордогу, ар кыл улуттагы, ар түрдүү диндеги, ар кай жердеги адамдардын тагдырларын бир өзөккө тизип, ар бирин өзүнчө жана биримдикте калчап көрсөтөт.
3. "Кыямат" романынын бир нече аталышы бар: Чыңгыз Айтматов бул чыгармасын орус тилинде жазган. Москвадан чыккан "Новый мир" журналынын 1986-жылдагы №6, 8, 9 сандарына "Плаха" деген ат менен жарыяланган. 1985-жылдан СССРде "кайра куруу" жүрүп, көп маселелер ачык айтыла баштаганда жазуучунун бул чыгармасында да көп маселелер ачык айтылып, тоталитардык-буйрукчул түзүлүштүн капасында кармалып жаткан окурмандардын өзгөчө кызыгуусун жараткан. Романдын алгачкы эки бөлүмү Ашым Жакыпбековдун, үчүнчү бөлүмү Аман Токтогуловдун котормосунда кыргызчаланып, "Ала-Тоо" журналынын 1987-жылдагы №11, 1988-жылдагы №1,2 номерлерине жарыяланган. Кыргызча "Акыр заман", "Кыямат", "Баталга" деген аттар менен аталып келет. Орусча түп нускадагы "Плаха" сөзмө сөз которгондо "адамдардын башын ала турган бийик секи", "өлүм жазасы окулуучу дөбө", "баш алынуучу баталга" деген маанини туюндурат.
4. Италия жана Бавария өз сыйлыктарын ыйгарган. "Кыямат" романы үчүн 1988-жылы Италия эл аралык "Алтын оливка бутагы", 1991-жылы Бавария Рюкарда атындагы сыйлыктарын ыраа көргөн.
5. Романдын үч бөлүмү. Биринчи бөлүм – Акбара менен Ташчайнар ысымдуу карышкырлардын алгачкы жашоосу, Авдий Каллистратовдун динге шек келтиргендиги үчүн семинарийден куулушу жана анын нашаакорлорго аралашкан турмушу; экинчи бөлүм – "Библияда" Иисус Назарянинди айыптагандай эле Гришан, Обер-Кандалов сыяктуу баңгилердин Авдийди жазалоосу; үчүнчү бөлүм – биринчи бөлүмдөгү карышкырлардын Ысык-Көлгө ооп келиш таржымалы, ал жердеги Бостондун жашоосу, күрөшү, бөрүлөрдүн жана башкы каармандын трагедиясы.
7. Библиялык сюжет талкууларга жем таштаган. Романда инжилдик сюжет азыркы адамдардын нравалык салмагын ачып берүү үчүн колдонулат. Буга чейин да бир катар авторлор бул окуяга кызыккан, мисалы, Булгаков ("Чебер жана Маргарита"). Мына ошол айтматовдук интерпретация айрымдар тарабынан (Аверинцев, Крывлев, Лакшин ж.б.) сынга дуушар болгон.
8. Баңгилер окуясын жазуучу жолдон тапкан жана баңгичилик көйгөйүн көтөрүп чыккан. Айтматов Фрунзе — Москва сапарында поездде да көп жүргөн. Ошондой мусапырлык жүрүштөрүнүн биринде казак талаасындагы бекетте бир нече саатка кармалып калышат. Жазуучуну ошол жердеги чакан милийсаканага киргизип коюшат. Анан бир убакта ал жерге бирөөлөрдү алып келишет. Аларды баңгилер, нашаа жыйнап жүргөн эргулдар деп тааныштырат атактуу жазуучуга "кызыл шапкелер". Ал кезде СССРде нашаа да, нашаакорлук да, нашаа соода да жок деп эсептелчү экен. Бул проблеманы СССРде ушул романы аркылуу алгачкы жолу Айтматов көтөрүп чыгып, ачык айта алган.
11. Романдын окуясы кийин турмушта кайталанганда… Жазуучунун романы элге тарап кеткенден бир топ жыл өткөн соң Ош облусунун Өзгөн районуна караган Ичке-Сай деген айылда мындай бир окуя болот: "Кышта кар калың жаап, карышкырлар да эл жакалай түшүп келишет. Ошондо "кызыл-кызыл кекиртек, кыйла жерге секиртет" болуп чаламандын чак түшүндө эле бир канчык карышкыр айылга кирип келет. Кашабаңдын бул жоругуна таңданган көпчүлүк кантсе да аны колго түшүрүүнү мүдөө кылып, колуна тийген жарак-жабдыгы менен жан-жабыла качырып киришет. Бир бутуна ок жаңылган ачка бөрү жогору карай качууга каруусу келбей суу жакалап сыраңдап жан айласын издейт. Ошол тапта жетип барган Бакыт Дүйшөнбай уулу аттуу жигит кашабаңды кара тумшукка чаап жыгып, башын сууга тыгат. Бир чети ачка, кансырап күйүккөн бөрү баш көтөрүүгө чаркы келбей колго түшөт. Ошол жерден эле союп киришет. Ачкалыктан ичегиси аппак болуп эч бир сөлү калбаптыр. Жардап турган көпчүлүк бөрүнүн этин деңгене кылып кетишет. Бирок кызыктын накта өзү ошондон кийин башталыптыр. Көрсө, алиги канчык карышкыр дүйнөнү дүңгүрөткөн улуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун айтылуу Акбарасынын кейипкери экен. Албетте, тиги бөрү бизчесинен пендечилик кылып: "Мен Акбаранын прототибимин…" деп деле мактанбаптыр. Аны ничкеликтер өздөрү байкап калышптыр. Көрсө, дал ошол эле түнү аны "Ташчайнар" өзү издеп келип (бул да прототип экен), жырткычтык жыт алуусу менен туура эле Бекташ акенин короосуна чаң салып, оторун кызыл-жаян кылып кирет. Ал байкуш бөрү түгөйүн Бекташ аке эмес, мадыра баш эле жаш жигит Бакыт мерт кылганын кайдан билсин. Короосу кымкуут болуп кеткенин туюп Бекташ аке сыртка чыкса, "Ташчайнар" дегеле кебелип койбой короодон беймарал чыгып "Өткөн өч, кеткен кек деген ушул Бекташ баатыр!.." дегенсип бир жалт карап коюп, кечээги "Акбаранын" жолу – "Акбараны" шор айдап келген, ажал айдап келген жол менен акырын жортуп кырга чыгып кетти дейт. Анан ошончо малынан ажыраган Бекташ акенин ичи ачышпайт дейсиңерби. Күйбөгөн жери күл болуптур. "Карышкырды менин үйүмдүн жанында мерт кылганы үчүн Дүйшөнбайдын Бакытын куду эле "Кыяматтагы" Базарбайдай кылып атып салам!.." деп опурулуптур дейт. Бирок эл элчилигин кылып басыптыр. Ошентип "Кыямат" Кыргызстанда кайрадан уланууда…" (Акбара менен Ташчайнардын тагдыры //Ак бата. – 1993, №18, август).
13. "Кыямат" — кинодо, театрда, музыкада. Романдын айрым бөлүктөрү камтылган "Акбаранын көз жашы" (орусчасы "Плач волчицы") деген фильм 1989-жылы экранга чыккан. Башкы режиссёру – Дооронбек Садырбаев, операторлору – Евгений Барышников, Айбек Жангазиев. Ролдорду Советбек Жумадылов, Дүйшөн Байдөбөтов, Жамал Сейдекматова ж.б. белгилүү актёрлор аткарат. Негизги окуялары Алайдагы Жошолу тоолорунда жана Казакстандын талааларында тартылган. Театрдагысына токтолсок, романдын негизинде чыгарма жарыяланары менен эле Москва эксперименталдык театр студиясында (1987), Москвадагы "Современник" театрында (1988), Каунаста (1987), Бишкек орус драма театрында (1988), Нарын музыкалуу драма театрында (1988) алгачкы спектаклдер коюлган. Музыка жаатына келсек, чыгарманын негизинде Сталбек Бактыгулов 1989-жылы 4 бөлүмдөн турган симфониялык сюита жазган.