03:35 21 Баш оона 2019
Түз эфир
  • USD69.8030
  • EUR77.3278
  • RUB1.0452
Шинель совесткого солдата. Архивное фото

"Бетме-бет" повести жөнүндө 11 факты. Дезертир Ысмайыл авторго ыраазы болуп

© Sputnik / В. Шияновский
Маданият
Кыскача шилтеме алуу
Нургүл Максутова
Кыргыздын көркөм өнөрү, белгилүү инсандары жөнүндө фактылар (295)
1156370

Чыңгыз Айтматов өзү "Бетме-бет" повестине чейинки аңгемелерин анчалык эске албай, ушул чыгармасын гана "адабияттагы дебютум" деп атаган.

Аталган чыгарманын айланасында фактыларды жыйноого Айтматов таануучу, адабиятчы жана педагог Абдыкерим Муратов жардам берди.

"Бетме-бет" кыргызча жазылган, орусчага авторлоштукта которулган. Айтматовдун ушул чыгармага чейинки аңгемелери орус тилинде жазылып, орус тилиндеги басылмаларга басылган болсо, бул повести кыргыз тилинде жазылып, түп нускасы биринчи жолу "Ала-Тоо" журналынын 1957-жылдагы №6 санына "Бетме-бет келгенде" деген ат менен жарыяланат. Автор өзү А.Дроздов менен бирге ишке ашырган орусча котормосун белгилүү жазуучу, Сталиндик сыйлыктын эки жолку лауреаты, 1931-жылдан көп жылдар бою "Октябрь" журналынын башкы редактору болуп иштеген Федор Панферов окуп чыгып, жактырып, темасынын "коркунучтуулугуна" карабай журналынын 1958-жылдагы №3 номерине басып жиберген. 1959-жылы кыргызчасы "Обон" деген жыйнагына, орусчасы 1961-жылы "Повести гор и степей" деген китебине жарыяланган жана башка повесттери менен бирге бул китеби үчүн Айтматовго 1963-жылы 21-апрелде Лениндик сыйлык ыйгарылган.

Грозныйдан Кировкага бара жаткандагы окуя. Жаш Чыңгыз салык жыйноочу болуп иштеп турган согуш жылдарында элден түшкөн акчаны Кировкадагы банкка алып барып төкчү. "Ошентип дайымкы жүрө турган төтө жолум менен чоң жолго карай багыт алдым. Ичимен кыңылдап ырдап да коём. Капысынан алдыман бир адам чыкты. Каяктан чыга калды? Эч нерсе деле байкаган жок элем го? Кайсы буйткада турган эле? Балким менин артыман көптөн бери эле келе жаткан болсо да, мен кашайып, аны байкабай калсам керек. Көрүнүшү да кызыктай: үстүндө кийип турганы далдалынан жыртылган эски чапан, башында малакай, бутуна орогон чарык. Жаагы шимирилип, ичине тартылып, өзү да шилбийип арык неме. Бул же согуштан безип жүргөн бозгун, же түрмөдөн качып чыккан бирөө болсо керек. Ага улам жакындап бараттым. Эми байкамаксан болуп эле өтүп кетейин деп ойлодум. Эгер ал мага өзү кыйкырбаса дал ушундай кылмакмын" деп бир жолу ээн талаада дезертир менен жолукканын, анын нан сурап артынан кууганын, ат менен качканын айтканы бар. Ушул көргөн-билгендерден таасир алып алгачкы повесттерим "Жамийла", "Бетме-бет", "Саманчынын жолу", "Эрте жаздагы турналар", "Гүлсарат" жазылган деп айтып жүрчү.

Чыныгы Ысмайыл турмушта болгон. "Бетме-бет" повестинин башкы каарманы Ысмайыл турмушта болгон киши, ал азыркы Кара-Буура районунун Көк-Сай айлында жашаган, "эркиндикти ушунчалык сүйгөн, күлүк ат десе жанын берген жан эле. Ичип-жеп, ырдап-чардап жүргөндү баарынан артык көрчү. Өзү да бектен-хандан кайра тартпас, жүрөктүү болгондуктан, ар ким менен кер-мур айтышып, кезеги келсе урушкандан кайра тартчу эмес… " деп эскерет жазуучу. Ошол Ысмайыл согуш бүтөрдө кесилип, он жылдай түрмөдө жатып, кайра чыгып келгенде "Менин жаным тирүү калды. Эмне десеңер ошо дегиле. Ооба, фронттон качтым, он жыл түрмөдө да жаттым. Бирок сак-саламат, соо калдым. Башкалардай окко тосулган жокмун" деп эч кимге моюн бербей жүрчү экен. Таластын Көк-Сай айлында "Ысмайылдын үңкүрү" бар, ал согуштан качып ошол жерде жашынып, ага Сейде ошол жерге тамак алып барып турган.

Ысмайылдан ыраазычылык. Жазуучулар адатта турмушта көрүп-билген, образ катары колдонгон кишинин атын чыгармасында өзгөртүп башка ат коюп алат. Али тажрыйбасыз Айтматов Ысмайылды түз эле өз аты менен Ысмайыл деп жазып салган. Согуш бозгуну катары Сибирге камалып кеткен ошол Ысмайыл өз курбалдаштарына: "Жазуучуга ыраазымын. Мурда Шекердегилерден башка эч ким мени таанычу эмес. Жердеш үкөмүн жазуучулугу менен мен тууралуу жазылган чыгарма ар кыл тилдерге которулуп, дүйнөгө таанылдым" деп ыраазы болуп жүрүптүр. А түгүл бир жолу атактуу жазуучу жердешине "Качкын болуп жүргөн мен тууралуу чыгарма жазыпсың. Эки уулум азыр советтик армиянын катарында кызмат өтөөдө. Бирөө – аскер деңиз флотунда, экинчиси да ошол жакта болсо керек. Эки уулум – аскер. Түшүндүңбү? Эми баары өз жолунда" деп эки уулунун сүрөтүн конвертке салып кат да жибериптир.

"Бетме-бет" менен сынчы Кеңешбек Асаналиев биринчи таанышкан. Повесть жазылган учурда Айтматов Максим Горький атындагы Адабият институтундагы жогорку адабий курста окуп жаткан. Жаңы жазып бүтүп, кыргызча билген киши жок, кимге окуп берерин таппай, анан Москвада окуп жаткан Кеңешбек Асаналиевге телефон чалат. Алар "Москва" мейманканасынын алдында жолугушат. "Килейген мейманкананын ичинен эптеп жанга жай, кичине, тынч орундук таптык. Ал жерден бирибиз отургучка, экинчибиз диванга көчүк бастык. Анан отурар замат буйдалбай, кеп-сөзгө келбей мен кыргыз тилинде жазылган повестти шатыратып окуй баштадым. Эки сааттай тынбай окудум. Кеңешбек мен окуп атканда бир ирет да токтоткон жок, көз ирмебей, окуяга кирип, угуп отурду. Окуп бүткөнүмдө повесть мыкты жазылганын айтып, дароо мактоолорду жаадырды" деп айтат Айтматов кийин ошол күндү эстеп.

Арсен Умуралиев Шекерге барып Ысмайылдын ролун аткарганда. Фрунзедеги кыргыз драма театры "Бетме-беттин" бир бөлүмүн сахналаштырат. Ошол спектакль менен театр Шекерде оюн коё баштайт. Башкы ролдо Умуралиев. Бир убакта окуяга берилген бирөөлөр сахнадагы "Ысмайылды" таш менен ургулап, ошол жердеги Ысмайылдын туугандарын келекелеп кирет: "Аа, мына, Ысмайылыңарды алгыла! Дезертир, саткын, чыккынчы, качкын!" деп кыйкырып кирет. Көрүүчүлөр эки жаат болуп калганда Ысмайылдын ролун аткарган Арсен Умуралиев: "Ысмайыл – менмин! Силердин айылдыкмын! Токтоткула чатагыңарды! Эч кимдин мени айыптоого да, коргоого да укугу жок! Баарына согуш күнөөлүү! Согуш гана айыптуу! Азыр мен силерге өзүм тууралуу айтып беремин! Азыр Сибирде түрмөдө жатам! Эркиндикке кайра чыгып, мекениме кайтып, силерди, жакындарымды, туугандарымды, айылдаштарымды көкүрөккө бекем кысып, кучактагым келет. Ошол күндү саат санап күтүп жатам. Азаттыкка чыккым келет. Бардык кылган ишиме өкүнүп, бул жакта күндө ыйлап отурам!.." — деп элди басат.

Согуш кезиндеги бир үй-бүлөнүн трагедиялуу тагдыры көрсөтүлгөн. Өткөн кылымдын 50-жылдарында жалпы эле совет адабиятында согуш качкыны тууралуу жазуу мүмкүн эмес эле. Жаш жазуучу баары үчүн мына ушул коркунучтуу теманы көтөрүп чыкканы менен баатырдык жасаган. Ысмайылдын аялы Сейде адегенде күйөөсүнүн качып келгенин кубануу менен кабыл алып, аны жашырып, тамак ташып жүрсө, кошунасы Тотойдун уюн уурдап алган кылыгынан кийин жана Мырзакулдун таасиринен улам аны жектеп, солдаттарга кармап берүүгө көмөктөшөт. Бул сюжет совет адабиятындагы жаңы көрүнүш, жаңычыл табылга эле.

Жазуучунун "бармак тиштегени" бар. Согуш бозгуну тууралуу 1974-жылы Валентин Распутиндин "Эсен болуп, эстей жүр" ("Живи и помни") деген повести чыгат. Анда Сибирдин түпкүрүндө, Ангардын Атамановка айылында жашаган Настена менен Андрейдин үй-бүлөлүк турмушу чагылдырылат. Жетим кызды Андрей үйүнө киргизип алып, согушка чейин төрт жыл бирге турат, бирок балалуу болбойт, 1941-жылы урушка кетип, 1944-жылы жарадар болуп Новосибирск шаарына госпиталга түшөт, анан аскерден бошотот, же отпуск берет деп турса, кайра майданга жибермекчи болот, ошондо ал качып айылына барат, кыскасы, келинчегинин боюна бүтүп калат. Мына ушул аялынын боюна бүтүп калышы "Бетме-бетти" жазып атканда Айтматовдун оюна келбегени аны "каап, аттиң" дедирген экен.

Айтматовду кайра кайрылткан чыгарма. Жазуучу маектеринде "Бетме-бетке" кайра кайрылып, айрым жерлерин ошол тоталитардык доордо жазууга мүмкүн болбогонун айтып, ошол жерлерин кошуп жаңылап жазып чыксам деп жүрчү. Кайрылды, жаңы тарам жазды, анысы орус тилинде "Литературный Кыргызстан" журналынын 1990-жылдыгы №3, кыргызчасы "Ала-Тоо" журналынын 1991-жылдагы №9-10 санына жарыяланды. Бул жолу Ысмайылдын качышы анын жеке коркоктугу гана эмес, коомдун да айыбы болгону көрсөтүлөт.

"Бетме-бет" көркөм өнөрдүн башка формаларында. Театрда повесттин негизинде инсценировка жазылып, 1961-жылы Кыргыз драма театрында сахналаштырылган. Башкы режиссёру – Жалил Абдыкадыров, башкы ролду Арсен Умуралиев ойногон. Кинодо "Куш – өмүр" деген фильмди ("Кыргызфильм") 1990-жылы Бакыт Карагулов тарткан. Ысмайылдын ролун Бузурман Одуракаев, энесинин ролун Сабира Күмүшалиева, Сейденин ролун Шайыр Касымалиева аткарган. Повесттин окуяларына негиздеп Сооронбай Жусуев "Сейде" аттуу эки көшөгөлүү драмалык поэма жазган.

Кинодогу Ысмайыл менен турмуштагы Ысмайыл жолукканда. Бул тууралуу фильмде өзү аткарып жаткан адам менен Бусурман Одуракаев кездешкенин мындай эскерет: "Киного тартылган топ Ысмайылга жолугуу үчүн үйүнө бардык. Биз барганда 82 жаштагы ал киши аттан жыгылып, буту сынып жаткан экен. Узун бойлуу, чап жаак, сүйлөгөн сөзүнө караганда айтканынан кайтпаган адам көрүндү. Ысмайылдын айтуусу боюнча согушка барганда эч кандай даярдыгы жок эле колдоруна мылтык карматып немистердин алдына тизишиптир. "Немистердин замбиректерин көргөндө эле качтык" дейт. Казак-кыргызы аралаш 5-6 адам чогуу качышкан. Качып баратып өлүп жаткан немистердин тамак-ашын, кыскасы, өздөрүнө керектүүлөрдү ала кетишкен. Кайык, поезд менен эптеп Кыргызстанга келип, өзүнүн айылынын четиндеги бир үңкүргө жашынган экен. Кинодо көргөзүлгөндөй, Ысмайыл чын эле бул жашоодо аты чыккан ууру болуптур. Ал бир да жолу бирден уй же бирден кой уурдаган эмес. Кошуна айылдардан үйүр-үйүрү, короо-короосу менен кой, жылкы айдап келип бир-экөөсүн өзү жесе, калганын элге таратып берчү экен. Согуштан качкандыгы, согушка чейинки уурулугу үчүн соттолуп түрмөгө отуруп келген. Бирок акыркы жасаган уурулугу үчүн көп жылга кетиптир. Ысмайыл аны төмөндөгүчө эскерди: "Жаныма жаш баланы алып туура эмес кылыпмын. Үңкүргө кеткенимде милициялар мени менен барган жаш баланы сабап, баарын айттырып алышыптыр. Ошондо түрмөдөн-түрмөгө которулуп отуруп, Карагандадан "пахан" болуп кайттым". Кыскасы, ал киши баш-аягы 24 жыл түрмөдө отуруптур. 24 жыл түрмөдө отуруп, биз барганда 82ге келип калганы менен өтө кайраттуу, чымыр адам көрүндү. Шайыр менен Гүлназидге "кетпегиле, азыр кой соём" деп колдон кармап тийишип жатпайбы".

Тема:
Кыргыздын көркөм өнөрү, белгилүү инсандары жөнүндө фактылар (295)

Тема боюнча

Ысымын өзгөрткөн Назым Мендебаиров тууралуу 7 факты
Кыргыздын ак куусу Айсулуу Токомбаева 70 жашта! Бийчи тууралуу 7 факты
Улуу актриса Жамал Сейдакматова 78 жашта! Корифей тууралуу 9 факты
Белгилер:
факты, "Бетме-бет" повести, Чыңгыз Айтматов

ЭҢ МААНИЛҮҮ