Аталган чыгарманын айланасында фактыларды жыйноого Айтматов таануучу, адабиятчы жана педагог Абдыкерим Муратов жардам берди.
Грозныйдан Кировкага бара жаткандагы окуя. Жаш Чыңгыз салык жыйноочу болуп иштеп турган согуш жылдарында элден түшкөн акчаны Кировкадагы банкка алып барып төкчү. "Ошентип дайымкы жүрө турган төтө жолум менен чоң жолго карай багыт алдым. Ичимен кыңылдап ырдап да коём. Капысынан алдыман бир адам чыкты. Каяктан чыга калды? Эч нерсе деле байкаган жок элем го? Кайсы буйткада турган эле? Балким менин артыман көптөн бери эле келе жаткан болсо да, мен кашайып, аны байкабай калсам керек. Көрүнүшү да кызыктай: үстүндө кийип турганы далдалынан жыртылган эски чапан, башында малакай, бутуна орогон чарык. Жаагы шимирилип, ичине тартылып, өзү да шилбийип арык неме. Бул же согуштан безип жүргөн бозгун, же түрмөдөн качып чыккан бирөө болсо керек. Ага улам жакындап бараттым. Эми байкамаксан болуп эле өтүп кетейин деп ойлодум. Эгер ал мага өзү кыйкырбаса дал ушундай кылмакмын" деп бир жолу ээн талаада дезертир менен жолукканын, анын нан сурап артынан кууганын, ат менен качканын айтканы бар. Ушул көргөн-билгендерден таасир алып алгачкы повесттерим "Жамийла", "Бетме-бет", "Саманчынын жолу", "Эрте жаздагы турналар", "Гүлсарат" жазылган деп айтып жүрчү.
Чыныгы Ысмайыл турмушта болгон. "Бетме-бет" повестинин башкы каарманы Ысмайыл турмушта болгон киши, ал азыркы Кара-Буура районунун Көк-Сай айлында жашаган, "эркиндикти ушунчалык сүйгөн, күлүк ат десе жанын берген жан эле. Ичип-жеп, ырдап-чардап жүргөндү баарынан артык көрчү. Өзү да бектен-хандан кайра тартпас, жүрөктүү болгондуктан, ар ким менен кер-мур айтышып, кезеги келсе урушкандан кайра тартчу эмес… " деп эскерет жазуучу. Ошол Ысмайыл согуш бүтөрдө кесилип, он жылдай түрмөдө жатып, кайра чыгып келгенде "Менин жаным тирүү калды. Эмне десеңер ошо дегиле. Ооба, фронттон качтым, он жыл түрмөдө да жаттым. Бирок сак-саламат, соо калдым. Башкалардай окко тосулган жокмун" деп эч кимге моюн бербей жүрчү экен. Таластын Көк-Сай айлында "Ысмайылдын үңкүрү" бар, ал согуштан качып ошол жерде жашынып, ага Сейде ошол жерге тамак алып барып турган.
"Бетме-бет" менен сынчы Кеңешбек Асаналиев биринчи таанышкан. Повесть жазылган учурда Айтматов Максим Горький атындагы Адабият институтундагы жогорку адабий курста окуп жаткан. Жаңы жазып бүтүп, кыргызча билген киши жок, кимге окуп берерин таппай, анан Москвада окуп жаткан Кеңешбек Асаналиевге телефон чалат. Алар "Москва" мейманканасынын алдында жолугушат. "Килейген мейманкананын ичинен эптеп жанга жай, кичине, тынч орундук таптык. Ал жерден бирибиз отургучка, экинчибиз диванга көчүк бастык. Анан отурар замат буйдалбай, кеп-сөзгө келбей мен кыргыз тилинде жазылган повестти шатыратып окуй баштадым. Эки сааттай тынбай окудум. Кеңешбек мен окуп атканда бир ирет да токтоткон жок, көз ирмебей, окуяга кирип, угуп отурду. Окуп бүткөнүмдө повесть мыкты жазылганын айтып, дароо мактоолорду жаадырды" деп айтат Айтматов кийин ошол күндү эстеп.
Арсен Умуралиев Шекерге барып Ысмайылдын ролун аткарганда. Фрунзедеги кыргыз драма театры "Бетме-беттин" бир бөлүмүн сахналаштырат. Ошол спектакль менен театр Шекерде оюн коё баштайт. Башкы ролдо Умуралиев. Бир убакта окуяга берилген бирөөлөр сахнадагы "Ысмайылды" таш менен ургулап, ошол жердеги Ысмайылдын туугандарын келекелеп кирет: "Аа, мына, Ысмайылыңарды алгыла! Дезертир, саткын, чыккынчы, качкын!" деп кыйкырып кирет. Көрүүчүлөр эки жаат болуп калганда Ысмайылдын ролун аткарган Арсен Умуралиев: "Ысмайыл – менмин! Силердин айылдыкмын! Токтоткула чатагыңарды! Эч кимдин мени айыптоого да, коргоого да укугу жок! Баарына согуш күнөөлүү! Согуш гана айыптуу! Азыр мен силерге өзүм тууралуу айтып беремин! Азыр Сибирде түрмөдө жатам! Эркиндикке кайра чыгып, мекениме кайтып, силерди, жакындарымды, туугандарымды, айылдаштарымды көкүрөккө бекем кысып, кучактагым келет. Ошол күндү саат санап күтүп жатам. Азаттыкка чыккым келет. Бардык кылган ишиме өкүнүп, бул жакта күндө ыйлап отурам!.." — деп элди басат.
Согуш кезиндеги бир үй-бүлөнүн трагедиялуу тагдыры көрсөтүлгөн. Өткөн кылымдын 50-жылдарында жалпы эле совет адабиятында согуш качкыны тууралуу жазуу мүмкүн эмес эле. Жаш жазуучу баары үчүн мына ушул коркунучтуу теманы көтөрүп чыкканы менен баатырдык жасаган. Ысмайылдын аялы Сейде адегенде күйөөсүнүн качып келгенин кубануу менен кабыл алып, аны жашырып, тамак ташып жүрсө, кошунасы Тотойдун уюн уурдап алган кылыгынан кийин жана Мырзакулдун таасиринен улам аны жектеп, солдаттарга кармап берүүгө көмөктөшөт. Бул сюжет совет адабиятындагы жаңы көрүнүш, жаңычыл табылга эле.
Айтматовду кайра кайрылткан чыгарма. Жазуучу маектеринде "Бетме-бетке" кайра кайрылып, айрым жерлерин ошол тоталитардык доордо жазууга мүмкүн болбогонун айтып, ошол жерлерин кошуп жаңылап жазып чыксам деп жүрчү. Кайрылды, жаңы тарам жазды, анысы орус тилинде "Литературный Кыргызстан" журналынын 1990-жылдыгы №3, кыргызчасы "Ала-Тоо" журналынын 1991-жылдагы №9-10 санына жарыяланды. Бул жолу Ысмайылдын качышы анын жеке коркоктугу гана эмес, коомдун да айыбы болгону көрсөтүлөт.
"Бетме-бет" көркөм өнөрдүн башка формаларында. Театрда повесттин негизинде инсценировка жазылып, 1961-жылы Кыргыз драма театрында сахналаштырылган. Башкы режиссёру – Жалил Абдыкадыров, башкы ролду Арсен Умуралиев ойногон. Кинодо "Куш – өмүр" деген фильмди ("Кыргызфильм") 1990-жылы Бакыт Карагулов тарткан. Ысмайылдын ролун Бузурман Одуракаев, энесинин ролун Сабира Күмүшалиева, Сейденин ролун Шайыр Касымалиева аткарган. Повесттин окуяларына негиздеп Сооронбай Жусуев "Сейде" аттуу эки көшөгөлүү драмалык поэма жазган.