Ошентип, "Карагул ботом" кайберендин каргышына калып, жалгыз баласынан ажыраган Тумаш мергендин муң-зары, оор күйүтү катарында эл арасына тараган.
Табигатка кыянаттык кылган дешет. Чыгармада Тумаш мерген кайберендин тукумун ыксыз кырып, каргышына калгандыгы үчүн жазаланат. "Карагул ботом" окуясы ыр түрүндө, кара сөз формасында да эл арасында кеңири айтылат.
Варианттары. Чыгарманын эл ичинде айтылып жүргөн 5–6 варианты бар. Мерген Райым, Ашыр, Тумаш деп ар кайсы вариантта ар башка ысымда айтыла берет. Алардын бардыгынын көлөмү чакан. Анткен менен мергенчинин жаңылып, өз уулун атып алышы, ошондо кошулган кошок бардык варианттын негизги өзөгүн түзөт. Дастанды эл алдында акын-комузчулар Калык Акиев, Асылбек Эшмамбет, Ашыралы Айталиевдер айтып чыккан. Адабиятчылар мыкты варианттардын бири Сарыкунан Дыйканбаевдики деп айтышат. Ал Калыктын эң жакын шакирти болгондуктан, экөөнүн варианттары бири-бирине абдан окшош. Бирок, Сарыкунандыкына сюжеттик өзөгү окшош болгону менен чыгарманын көркөмдүүлүгү бир топ жогору деген пикирди адабиятчылар айтып келишет. Чыгарманы айтылуу комузчу Эшмамбетов да Калыктан үйрөнүп алып, мыкты аткарып, ал радионун фондусуна жазылып калган. Ал эми акыркылардан болуп китепке дастандын Кайдылда Ракматов, Ыбырай Бейшекеев жана Дыйканбаев айткан варианттары киргизилген.
Акындын аткаруусу менен чыгарманын элге таралуу масштабы кеңейип, ал тектеш элдин аудиториясын да камтыган.
Мергендин жүрөктү сыздаткан саптары. Чыгармада баласынан айрылган атанын муун-жүүндү сыздаткан армандуу өксүгү төмөнкүчө баяндалат:
Мен аркар атып тийгиздим, ботом,
Мен аркар тон кайдан кийгиздим, ботом.
Элик атып тийгиздим, ботом,
Элик тон кайдан кийгиздим, ботом.
Өлсөм турпак саларым, ботом,
Өксүсөм колдон аларым, ботом.
Өзөнүмдөн ай батып, ботом,
Өчтүңбү күйгөн панарым, ботом деп сыздайт мерген.