19:29 06 Бештин айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8490
  • EUR77.5883
  • RUB1.0962
Баткендеги кайберендин эстелиги. Архивдик сүрөт

Табияттын мыйзамы бузулса, табият менен жазалайт. Кайберендин каргышына калба

© Sputnik / Эмиль Садыров
Колумнисттер
Кыскача шилтеме алуу
46110

Жер бетинде сегиз миллиондон ашык жан-жаныбар түрү жашайт. Тоодогусу тоодо, ойдогусу ойдо, суудагысы сууда, чөлдөгүсү чөлдө күн кечирип келет. Колумнист Шаакан Токтогул түмөн түр жандыктын ичинен кыргыз табиятында өзгөчө орунга ээ кайберен тууралуу сөз кылмакчы.

Тизгин жаяр

Жер эненин боорунда, табияттын койнунда орточо эсеп менен 8,7 миллион жаныбардын түрү жашайт. Кишизатын акыл-эстин үлгүсү кылып жаратып, жаратылыштын жөлөмөсү менен укум-тукуму уланып келет. Бирок акыл-эстен танып, адамзаттын урпагы катары табиятты каалагандай бийлеп, эркибизче тепсеп, пайдабыздан зыяныбыз ашып жатканы жалпыга маалым. Акыркы 500 жыл аралыгында адамзаттын таасиринен жаныбардын 844 түрү жер бетинен биротоло жок болуп кеткен. Мындай аракеттен биздин өлкө да четте калбайт. Саякатчы көгүчкөн, кулан, сайгак, жолборс, эчки эмээр, саналбаган бир топ жаныбар, канаттуунун түрү биротоло көздөн кайым болду. Эми ошондой коркунуч тоолордун көркү болгон, тоо эчки, аркар-кулжа, бугу-марал сындуу кайберендерге кол салынып жатканы жамы кыргызды түйшөлтүп турат.

Кайберендин табияты

Кулжасы болсун, бугусу болсун, тоо текеси болсун, табиятынан сымбаты артык жаралган. Эти тартылып, териси сөөгүнө жабышып турган баш түзүлүшү, койкойгон мойну, коймолжуган көздөрү, упузун, түптүз буттары ушунчалык көркөм, көзгө толумдуу. Салттуу билимде күлүк ат менен тайганды кайберендин сымбатына салыштырып аныкташканы айтылып келет.

Кайберен тукумундагылардын дагы бир өзгөчөлүгү — корккон кезде заңдап же заара кылбаганы. Башка бир да жаныбарда мындай чыдамдуулук жок экендигин эскилерден укканбыз. Кайберендин жаңы туулган улак, чаарчыктары шак секирип, чуркап кетет.

Кайберендин каргышы

Кайберен аталышынын өзү эле бул жандыктын тегин эместигинен кабар берет. Кайып менен байланышкан "Элүү" экени уламыштарда кеңири баяндалат.

"Карагул ботом" дастанында Тумаш деген өнөрү менен кадыр тапкан, эмгеги менен элине жаккан, аңчылык менен айылын баккан көзгө атар мерген болот.

Элдик уламыштарда миң жолу кайберен атса, миңинчиси оңко турат деген түшүнүк бар. Тумаш мергендин атканы онунчу жолу оңко туруп, табият мыйзамынан чыгып кетет. Ал аз келгенсип, жаш туулгандарын да атат. Алабаш текени жарадар кылып, биротоло жок кылаарында кайберен астынан чыгып Алабашты атпашын өтүнөт. Ага болбой атып салган мергенди "тукумумуң уланбай калсын" деп каргайт. Каргышка калган көзгө атар жаңылып, жалгыз уулун атып алган экен...

Бир уруу журттун тиреги болгон Кожожаштын атагы алыска кетет. Кадыры бийик болуп каалаганы Зулайкага жетет. Анын да табият мерчеминен ашып мергендик кылышы кайберенди кабатырга салат. Кубулуп астынан чыгат. Көп атпашын суранат. Табияттын сыры менен коркутат. Өз өнөрүнөн күмөнү жок Кожожаш "сени кубалап жетем, тирүүлөй кармап жок кылам" деп ант берет. Кууп отуруп, аскага камалат. Ошондо анын адамдыгынан түңүлгөн кайберен аскада түбөлүк калсын деп каргайт.

Кайберен жөлөгөндө

Санжыра боюнча Орозбактынын беш уулу мыкты чыгып беш мырза аталат. Арык мырза, Асан мырза, Кара мырза, Токоч мырза, кичүүсү Мырзакул мырза болуп, андан эки уул Алымсейит менен Тынымсейит бой жетип калганда мырзалар аңчылыкка чыгышат. Кайтып келе жатып перидей сулуу кызды таап алышат. Кыздын башында кичинекей таажы сымал мүйүзчөсү бар экен. Байыртан табиятка шайкеш жашаган эл кызды табияттын белеги катары кабылдашат. Кайберендин кызы деп Мырзакулдун туну Алымсейит атабызга ыйгарышат. Алымсейит тукуму өсүп-өнөт. Кийин бугу уруусу атанат.

Он жетинчи кылымда саяктарда жашаган Кулжыгачтын байбичеси - бугулардын Күрүчбек деген кызы бар эле. Кийинчерээк Кулжыгач бий элеттиктерден сулуу токол алат. Кыйындыгына амалы да жарашкан Күрүчбек эне токолдон кутулуунун жолун издейт. Бий жер чалып конуш тандаганы аттанганда токол эгиз уул табат. Ошол маалда айылдан соода кербени өтөт. Токолду кербен башыга сатып жиберген байбиче бий келгенде "токолуң соодагерди ээрчип кетип калды" деп алдайт. Жайлоого көчүшөт. Байбиче токолдун балдарын атайы журтка унутуп кетет. Кечкисин жаңы конушка жеткенде гана эгиз уулдарынын жок экендигин билген Кулжыгач ата артка чаап жөнөйт. Журтка келсе бир бешиктегисин кайберен, экинчисин тайган эмизип туруптур. Ошондон уулдарын Итемген, Сүтемген атап, келечеги зор болорун билет. Бирок байбиче күн көрсөтпөй чоңойтот. Балдар бой жетет да таарынып, тайларына кетип калышат. Кийин калмак кыргында кадимки кан Тейиш менен ийиндеш салгылашып, ченемсиз эрдик жасап аттары чыгат.

Тизгин жыяр

Нарктан тайып, салттан аттап жатканыбыз төгүн эмес. Кичүү улууну укпай, кеменгердин кебине келбей, акылмандын акылын албай аша чаап баратабыз. Жеке адамдык, коомдук кызыкчылыкты мындай кой, улуттук, адамзаттык баалуулуктардын башын аттап, табияттын каарын элес албай жатабыз. Жараткандын керемети ушул, табияттын мыйзамы бузулса табият менен жазаламагы бар.

Бизде жаратылыш коруктары, парктары деген аталыш гана болбосо, кара аңчылык арбын экени белгилүү. Кайберендерге аңчылыкка мораторий жарыялоо учурга шай аракет болмок.

Кыл чайнашта жеңип чыккан сыңары ай талаада ач калып, бирок калыстык үчүн мылтык менен эмес (мылтык менен атса жаратылышка үстөмдүк болоор), жаа менен атып алсын. Ашкан жөө күлүк болсо, байыркы бабалар сындуу чуркап жетип мүйүздөн кармап алсын. Анда да жогоруда айтылгандай ач болсо. Бирок көңүл ачуу үчүн, эрмек үчүн, кара жол менен каржы табуу үчүн ажайып жандыкты жок кылуу айбандык. "Бирдики миңге, миңдики түмөнгө" дегендей, акылсыздын жоругунан жалпы кыргыз азапка калбаса экен.

Кыргыз мал сойсо да "сенде жазык жок, менде азык жок" деп табияттын, жараткандын алдында жолдугун кылган, жосунсуз жоруктардын да эби табылар.

Туризм болобу, кийим, тамак-ашпы, экологиялык жактан зыянсыздыгы менен эсептешер мезгилде турабыз. Азыркы дүйнөнүн чакырыгы — табиятка зомбулук эмес, табияттын тазалыгын, жаратылыштын жан-жаныбарын сактап, "табиятка шайкеш жашоо" дүйнө таанымы менен өнүгүү.

Тема боюнча

Сал билек, таруу кууру. Балдар оюндарынын маани-маңызын билесизби?
Адамдын кандай экени сунган аякты алганынан билинип... Кымыз ичүү салты
Белгилер:
мергенчилик, жаратылыш, мораторий, аңчылык, табият, кайберен

ЭҢ МААНИЛҮҮ