Көрөөр көзүм көз жарды... Адамдын сырын жашыра албаган көз тууралуу

© Sputnik / Владимир Пирогов / Медиабанкка өтүүУлуттук кийим кийген кыз. Архив
Улуттук кийим кийген кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Кишинин көркүн көз ачат" деген кеп бар. Дал ушул көз тууралуу көөнө кептен колумнист Шаакан Токтогул азыраак кеп салды.

Тизгин жаяр

Кишинин беш сезүү органынын бири болгон көз тууралуу сөз кылып, ой тизгинин жая тарттым. Сулуунун көркүн бөз ачат да, кишинин көркүн сөз ачат, ал эми Ааламдын көркүн көз ачат. Бали, кеп эмес бекен. Бери жагы жарыкчылык дүйнөнүн, табияты кооз айлананын, тоо-токойдун, жер-суунун, чаңкайган көктүн, толгон айдын, миң сан жылдыздардын, чети көрүнгөн он сегиз миң ааламдын кереметин көз көрбөсө, кантип сезмек элек. Аңдап отурсак көз көргөн чоң кубаныч, чоң ырахат тура деп ой жоруй келип, көз тууралуу жазууну эп көрдүм.

Көздүн түрлөрү

Көздүн түскө карай бөлүнүшүн баарыбыз билебиз, көрүнүшүнө карай бөлүнүшү тууралуу айта кетели.

Бакыраң көз — бакырайган сурмалуу чоң көз;

Тосток көз — көздүн алмасы көз чанагынан бир аз чыгып тургандай болгон көз;

Жапкак көз — үстүңкү кабагы артылып, салаңдап турган көз;

Жымшык көз — сурмасы жок көз;

Бадам көз — орточо чоңдуктагы сурмалуу көз.

Көзгө карай кишини баалоо

Кыргызда кишинин көзүнө карап баа берүү тээ байыркы илимдерден. Адеп кишини тааныгандан "көзү тик экен — жалтанбас, өжөр тура", "көзү оттуу экен — жүрөгүндө жалыны бар, дем-дымагы күчтүү турбайбы" деп баалашкан. Бет келген кишини тиктебей жер карап турса айыптуу экенин билип, анан калса жер тиктеген кишинин колунан жакшылык деле келбейт деп санашкан. Көзү алаңдап турган кишини ууру, колу туткак, көзү кызарып турган кишини мыкаачы, уурданып караган көздүүнү арамза деп билишкен. Көзү кымыңдап, жымыңдап турган кишини ойноок, шайыр, тамашакөй деп баалашкан.

Ал эми кыздардын, аялзатынын келбетинин сулуулугу көзүндө дешип, сулууларга көзүнө карап баа беришкен. Ошондон улам кара көздүү кыздарды карагат көз, моймолжуган, балбылдаган чоң көздүүлөрдү бото көз, тик, узун кирипиктүүлөрдү жалжылдаган мончок көз дешип сыпатташкан.

Көзгө байланыштуу айтымдар

Кыргызда кишинин баамчылдыгына карай "көзү жоктун катканын көздүү таппайт", "тегерегиңерге көз сала жүргүлө" деп нускасын айтса, жалгыз уулун же кызын, сыңар буюмун көзгө басарым деп аспиеттеген. Адис мергенди көзгө атаар деп маашырланган. Көптүн көзүнчө келген оокаттан, дүнүйөдөн карап тургандарга көз акы берип, ырымдашкан. Алыс-жакындардын жакшылык-жамандыгында көз көрсөтүп, улгайып калгандарына көзү барда учурашып калайын деген. Тун баласын "көз ачып көргөнүм" деп аяр мамиле жасаган. Эң керек нерсесин көздөй буюм деп көрүнөө жерге койгон. Аярлаган буюмун же уул-кызын көздөн далдоо асыраган. Көзүгүп кетпесин деп жакшылыгын да артыкча жарыя кылган эмес. Ич-ара таарынычтарды көздөшүп чечип, туугандык, элдик байланыштагы маанилүү нерселерди көз жаздымда калтырган эмес. Наристе жарык дүйнөгө келсе көз жарды деп, маңдай тери кайтса көзгө сүртүп, жаратканга ыраазычылыгын билдирген. Кыз-кыркындан бойго жеткенин "көздүү мончок жерде калбайт" деп өз баасын берип өтүшкөн. Жакындарын "арай көз чарай" деп, эң жакынын (жарын) "көрөөр көзүм" деп кастарлаган. Келечекти көрө билгенди көрөгөч деп баалап, көрөгөчтүккө умтулуп жашаган. Эл-жерин сүйүп көздүн карегиндей сактаган, көз жоосун алган кереметине суктанган. Өмүр өткүн экенин билип, убакыттын көз ирмемин баалап, келечекке көз болжой билип, өмүр өтөлгөсүнө көз жүгүртүп жашаган.

Көз — кишинин күзгүсү

Жогоруда айтылгандай, кишинин ички сырын көз жашыра албайт. Ошондуктан бет келген кишинин көзүнө карайт. Таанып-билгиси келсе көзүн үйрөнөт, назар салат. Кишинин көзү алдабайт. Оозу башканы айтканы менен көз чындыгын билдирип турат.

Тизгин жыяр

Эл арасында "кандай көз сулуу десе, жалаң жакшы нерсени көргөн көз сулуу болот" деген кеп бар. Тегерегибизде маалымат булактары арбын, анын ичинде терс көрүнүштөр тууралуу маалыматтар жайнайт. Анын баарын көрө берип кайран көздөрүбүз сулуу болбой калды го. Көздүн милдети — көрүү, бирок сулуулукту, жакшылыкты, тууралыкты, тазалыкты көрө билүү кишиликтин белгиси, көрө албаган көз — өз милдетин аткара албаган көз.

Жаңылыктар түрмөгү
0