Назар — бул кишидеги артыкча көңүл буруу, бир нерсени же кимдир бирөөнү эңиле жакшы көрүп карап коюу же артыкча көңүлүн коюу. Чени менен болсо кишини өстүрөр, чегинен ашып кетсе өлтүрөр дараметке эгедер күч. Кишинин ой сезиминин күчтүү агымы.
Ач назар, ток назар
Ал эми ток пейил кишинин назары түшсө сулуунун багы жанып, иштүүнүн өнөрү артып, ийгиликтүүнүн ташы өөдө кулайт экен.
Демек, ток пейил кишинин ой сезиминин күчү оң заряддуу энергия деп кабылдасак туура болор...
Назар тиет
Жаңы келген келинди, жаңы төрөлгөн ымыркайды, жаңы туулган ботону айрыкча аярлап, назардан сакташкан. Анткени жаңы келген келинди ошол үйгө келген кут деп кабыл алып, бирөөнүн көзүндө бар, бирөөнүн сөзүндө бар деп, көшөгөгө отургузуп, кабаттап жоолук салып саксакташкан. Байыркы кыргыз коомунда келинди кырк күн көшөгөдөн чыгарбай аздектешкен. Кийинчерээк тогуз, жети, үч күнгө кыскарган.
Ал эми жаңы төрөлгөн наристени аруулук, тазалык деп кабылдашып, ак-карасы аралаш дүйнөдөгү түркүн пейилдүү адамдардын назары тийбесин деп аярлашкан. Айрыкча өзгөчө белгиси бар же кишиден артык нурлуу, жакшынакай наристелерди жаман ат менен тергешип, уул болсо кыздын кийимин, кыз болсо уулдун кийимин кийгизип, эл назарынан жазгырышкан. Бала 12ге келгенде толук кандуу калыптанат деген ишеним менен бул жөрөлгөнү он эки жашка чейин карманышкан.
Жаңы туулган ботонун абдан жакшынакай болорун төө баккандар айтып жүрүшөт. Анан да абдан назик келип, киши назарын көтөрө албайт дешет. Ошондуктан бото туулганда атайы көшөгө тартып аярлашат экен.
Назардан арачалоо
"Жакшы түш көрсөң, жат адамга айтпа" деген кеп бар эмеспи, иши оңолоор кишинин түшү оңолот деп түшкө маани берген кыргыз жакшы түшүн дагы назардан аярлаган тура.
Кыз балага үкү тагып, кооздук жасалга, зер буюмдар менен назардан арачалап, ал эми эркек балдарга канаттуунун тырмагын, азуулуунун тишин же тырмагын, карышкырдын чүкөсүн тумар кылып тагып коюшчу экен.
Эл оозунда
Элдик айтымдарда Айкөл Манастын оо дүйнө узаары белгилүү болуп калганда артында калар туягын көрүп калмак болот. Ошондой касиеттүү кишинин назарын ымыркай көтөрө албасын билип, Каныкей эне камчысын Семетейдин чекесине тийгизип, ошону жыттатканы айтылып келет.
Бүгүнкү күндө
Кам сүт эмген пенде деп коёт экен, андыктан кемчилик же чекилик кетирүү баарыбыздын башыбызда бар. Суктанып коюу, кызганып коюу, жакшы көрүп коюу ар кимибиздин жан дүйнөбүздө бар нерсе, ошондуктан өзүбүз башкаларга оң назар, ток назар салып, ачуулуунун ач назарынан сактанып жашасак экен...