Өргөөңөр башка, казаныңар ашка толсун! Бата деген эмне?

© Sputnik / Табылды КадырбековБата берип жаткан аксакалдын архивдик сүрөтү
Бата берип жаткан аксакалдын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бата өзү эмне, кыргызда анын орду, мааниси тууралуу маалымат менен жалпы журттун эсин жаӊылап, анын кадырын калыбына келтирээр деген үмүт менен колумнист Шаакан Токтогул ушул макаланы жазууну туура көргөнүн белгилейт.

Бата деген эмне?

Бата бул – демге дем кошуп, кубатка шыкак берип, жан дүйнөнү аруулаган улуу сөз. Бата бул – теги Теӊирден буюруп, айтуучунун оозуна сала берген кубаттуу каалоо-тилек. Бата бул – адамды жамандыктан арылтып, жакшылыкты чакырган, аруулукту ыроологон, асылдыкты жылоологон, суук көз, суук сөздөн калкалаган таза нур.

Анын кубаты ушунчалык десеңиз, болбосту болтурат, толбосту толтурат, аруу тилек, ой-максаттарды орундатат. Көктөн буюруп, бата тийсе жолуӊду ачат. Бирок муун алмашып, заман жаӊыланган сайын жакшы бололу деп умтулганыбыз менен Бата баштаган баалуу жөрөлгөлөрдөн алыстап баратабыз.

Кыргыз элиндеги мааниси

Празднование дня города Бишкек - Sputnik Кыргызстан
Келинге тиешелүү 12 "болбойт"
"Бата менен эл көгөрөт, жамгыр менен жер көгөрөт", "Атаӊдан бото калбасын, бата калсын" деп байыркы кыргыз элинде батага абдан тереӊ маани беришип, кадыр тутушкан.  Уул-кызын бата алууга дилгир чоӊойтуп, батанын баасын акыл-эсине кыттай уютушкан. Ал эми улуулар болсо бала-чакасы, небере-чөбөрөсү, укум-тукумуна чейин бата алып берүүгө умтулушкан. Тирүүлүктүн башталгандан, оо дүйнө узаганга чейинки бардык баскычтары бата менен коштолуп, кыргыз баласынын жашоосу бата менен ирээттелип турган. Тестиерлер, өспүрүмдөр бата алсам экен деп улуулардын атын алып, колуна суу куюп, кызматын кылганга дилгир болсо, келиндер жүгүнүп, тергеп, атайылап кийимин тигип берип батага арзышкан. Ал эми жигиттер атайы тартуу алып келип, ыраазы кылып же кыжаалат кылган абалдан куткарып батага жеткен.

Кыргыз жашоосунун үлгүсү катары саналган Манас баянынан мисал келтирсек, аялзаттын паашасы делген Каныкей энебиз батасы элди байыткан кадырман Кошой бабабызга эчен эмгек, түмөн түйшүк менен кандагай тигип, аны Көкөтөй атабыздын ашында күрөшкө чыгаар кезинде, керек болгон учурунда тартуулап, ийитип бата алган. Ошол батадан Семетей  бойго бүткөн экен.

Түрлөрү

Бата – жашоо-шарт жагдайына жараша көп түргө бөлүнөт. Алсак: жаӊы конушка алынган бата, бала төрөлгөндөгү бата, ат коюудагы бата, бешикке салуу батасы, тушоо кесүү батасы, мал союлгандагы бата, үрөн себүүдөгү бата, жалпы элге бата, жаш жубайларга бата, уулга бата, кызга бата, айтор, санай берсе дагы көп.

Өргөөӊөр башка, казаныӊар ашка толсун!
Төрүӊөр кенен болсун, оокатыӊар белен болсун, үйүӊөр куттуу болсун!, 
—  деп жаӊы өргөө көтөрүп, үйгө киргизгенде бата беришчү экен.

Ал эми жаш жубайларга:

Баш алган буудайдай ыргалгыла,
Кошулган талдай чырмалгыла.
Ырысыңарга эр бала сүйгүлө,
Кызыгыңарга кыз бала сүйгүлө.
Кайгыланбай каткырып
Кол кармашып жүргүлө, 
—  деп бата беришкен.

Колго суу куйган балага:

Булактай тунук бол,
Төбөсү бийик улук бол!
Кичүүгө өрнөк бол,
Жакшылыкка өнөк бол!
Эне сүтүн актаган,
Эр-азамат жигит бол!
Келечекке билик бол!, 
— деп алкоо айтылган.

Каалоо-тилек менен батанын айырмасы

Празднование золотой свадьбы в семье алтайских казахов Дюсенби и Марии Кобдобаевых - Sputnik Кыргызстан
Өкүл ата, өкүл эне эмне себептен, качан, кантип тандалат
Кудайдан үмүтү бар ар бир киши изги тилек, илгери үмүт менен жашайт, өзүнүн тууган-туушканындарынын, эл-журтунун жакшылыгын каалайт. Бирок бул каалоо гана. Ал каалоо-тилек сөздүн күчү менен ойдун күчү иштелип ийине жеткенде гана, ага тескери энергия (суук көз, суук сөз, ишке ашышына ишенимдин жоктугу) таасир этпегенде гана ишке ашат. Ал көп убакытты талап кылышы мүмкүн.

Ал эми бата ааламдык күчтөрдүн касиетине каныгып, күчүнө ширелгендиктен, каалоо-тилекке, жакшы ойго караганда алда канча кубаттуу.

Батаны кимдер берет?

Бата кубаттуулугу менен кошо аруу таза күчтүн агымы болгондуктан, бата берүү милдети Кошой атабыздай кадырмандар баштаган, Бакай атабыздай акылмандар коштогон, билими менен билги болгон, жакшылыкка үлгү болгон, калкына тирек болгон, күч-кубатка толгон, асылдыкка жеткен, кеп түйүнүн чечкен кишилер гана беришкен. Бата берген киши канчалык бийик болсо, берген батасы да ошончолук күчтүү болгон. Андыктан, издеп, иликтеп, кабарын алыстан угуп, кадырлап жүрүп, мындай адамдардан бата алууга ынтызар болушкан.

Батага учурдагы мамиле

Илгери таянем алыска аш-тойго барганда бир өрүк же бир момпосуй же болбосо бир боорсок, же жети-сегиз мейиз ала келип, "Бата тийген жерден, сен да жакшылыкка ырыскылаш бол" деп ооз тийгизчү. Мындан улум илгерки аш-той, жакшылык тойчуктардын бардыгы бата алуу максатында өткөрүлгөндүгүн билсек болот. Уулдуу болобу кыздуу болобу, бешик тойбу, тушоо кесүүбү, жада калса үйлөнүү үлпөтү да шапар тээп көӊүл ачуу үчүн эмес, бата алып, балдардын жолун ачуу, жамандыктан адаштырып, жакшылыкка жанаштыруу максатында жасалып келген.

Жылмайып турган апанын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Макалдатып сүйлөгөн колуңуздан келеби? Тест менен текшерип көрүңүз
Ал эми азыркы учурда кудайдын кулагы сүйүнсүн, тойлор көп, бардыгыбыз күн куру эмес тойго барабыз, бирок анын түпкүрүндөгү максаты бата алуу эмес башка экендиги баарыбызга маалым. Бата алууга анчейин көңүл бурулбай, той башкаруучулар болгону катардагы салтты бузбай эле эптеп бата тилеген болушат. Андан да берилген баталардын мааниси, орундуулугуна көңүл бурулбайт.

Аныгында мындай мааракелерди өткөрүүнүн негизги максаты — бата болууга тийиш. Анткени кишинин жолун ачып, агартып-көгөртүп баар таптыра турган багыт Бата болуп саналат. Ошондуктан, батанын баркын билели, баталуу бололу, баарыбызга тийген баталар кабыл болуп, ийинен жанбасын деп тилейм.

Жаңылыктар түрмөгү
0