https://sputnik.kg/20261007/1104155814.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Sputnik Кыргызстан
Президент Садыр Жапаров 8-9-октябрда Түркмөнстанга иш сапар менен барат. Мамлекет башчысы Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедовдун чакыруусу боюнча... 07.10.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-10-07T19:00+0600
2026-10-07T19:00+0600
2026-10-07T19:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/0a/07/1104155648_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_2fd669047ddbd5f58ee5a443afc7e08d.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Sputnik Кыргызстан
Президент Садыр Жапаров 8-9-октябрда Түркмөнстанга иш сапар менен барат. Мамлекет башчысы Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедовдун чакыруусу боюнча Түркмөнбашы шаарында өтө турган Борбордук Азия мамлекеттеринин жана Азербайжандын мамлекет башчыларынын Консультативдик жолугушуусунун сегизинчи жыйынына, ошондой эле КМШга мүчө мамлекеттердин башчыларынын кезектеги кеңешинин жыйынына катышат. 8-октябрда Консультативдик жолугушуунун алкагында өлкө лидерлери аймактык өз ара аракеттенүүнүн актуалдуу маселелерин, саясий диалогду мындан ары чыңдоону, соода-экономикалык жана транспорттук-логистикалык кызматташтыкты кеңейтүүнү, ошондой эле энергетика жана экология тармактарындагы өз ара аракеттенүүнү талкуулашат. 9-октябрда президент Садыр Жапаров Түркмөнстандын төрагалыгы алдында өтө турган КМШга мүчө мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин жыйынына катышат.
Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында жер участокторун инвестициялык долбоорлор үчүн берүү тартибин тактоого багытталган мыйзам долбоору биринчи окууда каралып, мыйзам долбоорун министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев тааныштырды. Анын айтымында, сунушталган өзгөртүүлөр инвестициялык климатты жакшыртууга, инвестициялык долбоорлор үчүн жер участокторун берүү тартибин тактоого жана инвесторлордун милдеттенмелеринин аткарылышын камсыз кылууга багытталган.Белгилегендей, 50 жылдык мөөнөт жаңы норма эмес, ал азыркы Жер кодексинде да каралган. Жаңы өзгөртүүлөрдө негизги басым жерди пайдалануу мөөнөтүн инвестордун милдеттенмелерин аткаруусу менен байланыштырууга жасалууда. Эгер милдеттенмелер аткарылбаса же долбоор тиешелүү тизмеден чыгарылса, жерди пайдалануу укугу мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, жер кайтарылат. Талкуу учурунда депутат Дастан Бекешев мамлекеттик жерлерди инвесторлорго берүүдө анын наркын аныктоо жана муниципалдык жерлер боюнча жергиликтүү кеңештердин ыйгарым укуктарын так көрсөтүү зарылдыгын белгиледи.
13-октябрда Бишкек шаарындагы Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармонияда Кыргыз эл артисти, залкар манасчы Уркаш Мамбеталиевдин айкелинин ачылыш аземи өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, иш-чарада манасчынын кыргыз маданиятына, анын ичинде “Манас” эпосун даңазалоого кошкон салымы белгиленип, чыгармачылык мурасы эскерилет. Ачылыш аземине маданият жана искусство өкүлдөрү, манасчылар, коомдук ишмерлер, чыгармачыл чөйрөнүн өкүлдөрү жана коомчулук катышат. Иш-чара саат 11:00дө башталат.
Москвага каршы турууга негизделген Европаны милитаризациялоо идеясы жакшылык алып келбейт. Бул тууралуу РФ президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков Франциянын жаңы баллистикалык ракетасынын сыналышы тууралуу суроого жооп берип жатып айтканын РИА Новости жазды.Кремлдин өкүлү Европа Евробиримдикти аскердик-саясий блокко айлантууга катуу аракет кылып жатканын белгилеген.Ал Россия коопсчуздугун камсыздоо үчүн бардык керектүү чараларды көрүп жатканына да токтолгон. Эскерте кетсек, Франция президенти Эммануэль Макрон кечээ M51.3 баллистикалык ракетасы сыналып жаткан видео жарыялап, Париж муну менен "так жана катуу белги" бергенин айткан.
Президент Садыр Жапаров 8-9-октябрда Түркмөнстанга иш сапар менен барат. Мамлекет башчысы Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедовдун чакыруусу боюнча Түркмөнбашы шаарында өтө турган Борбордук Азия мамлекеттеринин жана Азербайжандын мамлекет башчыларынын Консультативдик жолугушуусунун сегизинчи жыйынына, ошондой эле КМШга мүчө мамлекеттердин башчыларынын кезектеги кеңешинин жыйынына катышат. 8-октябрда Консультативдик жолугушуунун алкагында өлкө лидерлери аймактык өз ара аракеттенүүнүн актуалдуу маселелерин, саясий диалогду мындан ары чыңдоону, соода-экономикалык жана транспорттук-логистикалык кызматташтыкты кеңейтүүнү, ошондой эле энергетика жана экология тармактарындагы өз ара аракеттенүүнү талкуулашат. 9-октябрда президент Садыр Жапаров Түркмөнстандын төрагалыгы алдында өтө турган КМШга мүчө мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин жыйынына катышат.Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында жер участокторун инвестициялык долбоорлор үчүн берүү тартибин тактоого багытталган мыйзам долбоору биринчи окууда каралып, мыйзам долбоорун министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев тааныштырды. Анын айтымында, сунушталган өзгөртүүлөр инвестициялык климатты жакшыртууга, инвестициялык долбоорлор үчүн жер участокторун берүү тартибин тактоого жана инвесторлордун милдеттенмелеринин аткарылышын камсыз кылууга багытталган.Белгилегендей, 50 жылдык мөөнөт жаңы норма эмес, ал азыркы Жер кодексинде да каралган. Жаңы өзгөртүүлөрдө негизги басым жерди пайдалануу мөөнөтүн инвестордун милдеттенмелерин аткаруусу менен байланыштырууга жасалууда. Эгер милдеттенмелер аткарылбаса же долбоор тиешелүү тизмеден чыгарылса, жерди пайдалануу укугу мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, жер кайтарылат. Талкуу учурунда депутат Дастан Бекешев мамлекеттик жерлерди инвесторлорго берүүдө анын наркын аныктоо жана муниципалдык жерлер боюнча жергиликтүү кеңештердин ыйгарым укуктарын так көрсөтүү зарылдыгын белгиледи.13-октябрда Бишкек шаарындагы Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармонияда Кыргыз эл артисти, залкар манасчы Уркаш Мамбеталиевдин айкелинин ачылыш аземи өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, иш-чарада манасчынын кыргыз маданиятына, анын ичинде “Манас” эпосун даңазалоого кошкон салымы белгиленип, чыгармачылык мурасы эскерилет. Ачылыш аземине маданият жана искусство өкүлдөрү, манасчылар, коомдук ишмерлер, чыгармачыл чөйрөнүн өкүлдөрү жана коомчулук катышат. Иш-чара саат 11:00дө башталат.Москвага каршы турууга негизделген Европаны милитаризациялоо идеясы жакшылык алып келбейт. Бул тууралуу РФ президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков Франциянын жаңы баллистикалык ракетасынын сыналышы тууралуу суроого жооп берип жатып айтканын РИА Новости жазды.Кремлдин өкүлү Европа Евробиримдикти аскердик-саясий блокко айлантууга катуу аракет кылып жатканын белгилеген.Ал Россия коопсчуздугун камсыздоо үчүн бардык керектүү чараларды көрүп жатканына да токтолгон. Эскерте кетсек, Франция президенти Эммануэль Макрон кечээ M51.3 баллистикалык ракетасы сыналып жаткан видео жарыялап, Париж муну менен "так жана катуу белги" бергенин айткан.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/0a/07/1104155648_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_d7f7143f990e29798adca70b2efc2a2d.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио