https://sputnik.kg/20261005/1104103806.html
Ысык-Көлдү жыл бою киреше алып келген аймакка кантип айлантабыз?

Sputnik Кыргызстан
"Ысык-Көл" аймагында "Асман", "Свит Тамчы" сыяктуу келечектүү долбоорлор ишке ашырылышынын себеби аймакты Гонконг, Дубай, Белиз, офшордук багыттар сыяктуу... 05.10.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-10-05T19:05+0600
2026-10-05T19:05+0600
2026-10-05T19:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/0a/05/1104103636_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_81ff7864939bfb013c83bb14f61c3cb9.jpg
Ысык-Көлдү жыл бою киреше алып келген аймакка кантип айлантабыз?
Sputnik Кыргызстан
"Ысык-Көл" аймагында "Асман", "Свит Тамчы" сыяктуу келечектүү долбоорлор ишке ашырылышынын себеби аймакты Гонконг, Дубай, Белиз, офшордук багыттар сыяктуу моделдерге жакын деңгээлде өнүктүрүү максаты коюлууда. Мындай пикирин “Экономикалык панорама” уктуруусунда экономист-изилдөөчү Улукман Мамытов билдирди.Анын айтымында, Кумтөр облустагы тоо-кен тармагындагы маанилүү долбоорлордун бири. Бирок ошол эле учурда экологияга зыян келтирген оор өндүрүштөр болбошу керек.“Ысык-Көлдө туризм экономиканын негизги тармактарынын бири экени белгилүү. Жайкы жана кышкы туризм активдүү өнүгүүдө. Туризм жаатында инфраструктура да акырындап алдыга жылып жатат. Туристтер өлкөгө тышкы валютаны алып келип, экономикага салым кошууда. Бирок туризмде сезондуулукка гана басым жасабай, ысык булактарга да туристтерди тартууга аракет кылышыбыз керек. Ошондой эле сандан сапатка өтүү зарыл. Башкача айтканда, турист өлкөдө 500 доллар эмес, 1000–2000 доллардай каражат калтыра турган шарт түзүлүшү керек. Ал үчүн туристтер акча коротууга кызыкдар боло турган объектилерди жана кызматтарды көбөйтүү зарыл. Аймакта "жашыл экономика" багыты да колго алынып, бул жаатта иштер жүргүзүлүүдө. Айыл чарбасы жагынан алганда, Ысык-Көл облусу үч зонага бөлүнөт. Балыкчы тарап кургак, Каракол жаан-чачындуу жана жашыл аймак болсо, Чолпон-Ата тарапта мелүүн аба ырайы өкүм сүрөт. Демек, Каракол тарапта мал чарбачылыгы көбүрөөк өнүксө, кургак зоналарда дыйканчылык басымдуу”, — деди Мамытов.Ал Балыкчынын логистика жаатындагы потенциалы жогору экенин, бул аймакты кургак порт катары пайдаланууга жакшы мүмкүнчүлүк бар экенин кошумчалады.

media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/0a/05/1104103636_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_1d31a3248421c22403f5fc4a91101fd9.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио
Ысык-Көлдү жыл бою киреше алып келген аймакка кантип айлантабыз?
19:05 05.10.2026 (Жаңыртылды: 19:16 05.10.2026) Коноктор
Улукман Мамытов, экономист-изилдөөчү